Архив метки: барскоон

«Интернет колдонуучулары көбөйүүдө….»

Заманыбыздын талабына ылайык азыркы учурда Барскоон айылында интернет колдонуучулары күн сайын өсүүдө.
20150217_163044
Мекеме, маданият үйү, мектептерде ал гана эмес үйлөргө чексиз интернет башкача айтканда,Wi- Fi коюшууда.Айыл жаштары өздөрүнүн көп убактысын интернетке бөлүп жаткан учуру. Дал ушул айыл жаштары арасында актуалдуу темага айланган чексиз интернет же Wi-Fi га болгон көз карашы жана ою менен мектеп мугалими Мунаркүл Исмаилова бөлүштү:

20150217_143201
— «Wi-Fi дын терс жана оӊ таасири бар дечи,бирок менин жумушума негизгиси бул материалдарды алып, окуучуларга терен сабак өтүү болуп саналат.
Негизинен окууга келгендиктен, сабак учурунда Wi-Fi ды колдонуу бул бир топ эле зыянчылык болуп калат, анткени дегенде, окубай эле тескерисинче Wi-Fi менен эле окуучулар социалдык тармактарда отуруп калбадыбы».
Wi-Fiдын окуучулар арасында көп колдонулушун көчөдөн эле байкасак болот.
20150218_143544[1]
Ошондой эле 9-классынын окуучусу Алия Бекназарова чексиз интернет тууралуу мындай дейт:
-«Пайдасы жакшы эле болуш керек,мисалы үчүн биз сабактардан ар кандай маалыматтарды билип, ар кайсы сайттарга кирип алсак дагы болот. Сабактарга көп жардам берет. Терс таасири болсо, көптөгөн окуучулар кирип эле сабак жөнүндө маалымат албастан, ойношу да мүмкүн, мына ушундай терс жактары бар деп ойлойм».
20150218_145637[1]

Ал эми айыл тургуну Гүлбарчын Бабашева 4 баланын апасы. Анын балдары мектепте окушат. Гүлбарчын Бабашеванын чексиз интернетке болгон көз карашын кабарчыбыз Бермет Алыбаева билип келген:
-Балдарыныздын Wi-Fi колдонушуна көз карашыныз кандай?
-Жакшы көз караштамын,бул заманбап нерсе. Туура көз караштамын.
-Окуусуна Wi-Fiдын залалы тийбейби?
-Андай деп деле ойлобойм,убакыты тар да,сабакка келишет,барышат. Ошондуктан көп деле убакыт кетпейт.

      интернет колдонуучулары кобойуудо

Айыл тургундарынын мындай пикирлеринен кийин, Барскоон айылында чындыгында эле, интернет тармагы бир кыйла өнүгүп жатканына күбө болдук. Айыл жаштары чексиз интернетти туура багытта колдонот деп ишенебиз.

Даярдагандар:Бермет Алыбаева,Алтынай Бакишова.

Ооган согушуна катышкан ардагерлерге салтанаттуу майрам уюштурулду

Барскоон айлында Ооган согушуна катышкан ардагерлерге салтанаттуу майрам уюштурулду. Майрамда мектеп окуучулары ырдап,бийлеп өз өнөрлөрүн тартуулашты. Барскоон айыл өкмөтү  тарабынан Ооган ардагерлерине акчалай сыйлык жана сыйлуу тамак уюштуруп берилди.
20150217_135752
Барскоон айыл аймагынын  жооптуу катчысы Азимгүл Жаныгулова төмөндөгүлөрдү баяндап берди:

«5-февралда жылда биз ооган согушунун  ардагерлерине акчалай сыйлыктарыбызды беребиз,  андан тышкары  мектеп тарабынан өзубуздун чыгармачылык  топ бар  ошолордун демилгеси менен концерт программасы уюштурулат жана сый тамагыбыз бар,жылда акчалай сыйлыктарыбызды беребиз.  Эми аларды райондук  масштабда да белгиленет.  Бул иш чаралар айылда да белгиленет, жылда биз маданият үйүнө чакырып  сый тамагыбызды  уюштуруп авган согушунун ардагерлерин сыйлайбыз. Бул ардагерлерге чындыгында  өтө деле чоң жардам бербейбиз, айыл өкмөт тарабынан,себеби  дегенде акча каражаты 35  миң акча бөлүнгөн быйылкы  жылга ,ошого конверти андан тышкары сый тамагыбыз эле бар. Мисалы,Улуу Ата Мекендик ардагерлерине көмүр түшүрүп берсек ,андай болбойт да,булардын өзүлөрүнүн пенсиясы бар. Анан айыл өкмөт тарабынан андай өтө деле чоң жардам көрсөтөбуз деп айта албайбыз. Бирок сый тамагыбызды берип,500сомдук конвертибизди тапшырып узатабыз.»
20150218_115209[1]
Ооган согушунун ардагер Абылбек Үсөнбаев Ооган согушу дале эсимден кете элек деп мындайча эскерди:

» Ооган согушу 1979-жылы 20-декабрда башталган. 10-жыл болуп,ошонун ичинен бул Кыргызстандан 7142 адам катышып , анын ичинен 300 адам кайтпай калган,150 миңдейи ар кандай жаракаттарда катталып андан кийин 4 адам дайынсыз, 2 адам болсо Советтер Союзунун баатыры болгон. Эми азыр ушул убакта  биз 26-юбилейдик майрамды майрамдап жатабыз. Анан эми жакшы,ушинтип айыл өкмөтү бизге көз  карашы жагып чогулуштарды өткөзүп,концерттерди уюштуруп бергенине рахмат. Биздин окуучулар дагы өз концерттерин берип,айыл тургундары берип биздин көнүлүбүздү көтөруп жатат. Эми баарынарга аманчылык,ден-соолук каалайм.»
20150218_151418[1]
Ооган согушуна катышкан ардагерлерге чың ден соолук,узун өмүр, үй бүлөлүк бакыт каалайбыз.

      ооган согушуна катышкан ардагерлерге майрам уюшулду

Даярдагандар: Асель Асанова, Перизат Бекмурзаева

Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты боюнча фестиваль болуп өттү.

Бул фестивальга 5–11—класска чейинки окуучулар катышты. Фестивалдын жүрүшүндө окуучулар көркөм окуу, бийлөө, ырдоо жана башка тапшырмаларды аткарышты. Фестиваль 100дөн ашык окуучулардын катышуусу менен өттү.

image

Фестивалдын негизги максаты жана окуучуларга тийгизген таасири боюнча мектептин орус тили жана адабият мугалими  Элмира Түнгатарова төмөндөгүлөргө токтолду:

image

«Э.Кендирбаев орто мектебинде орус тили жана адабияты сабагына боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата фестиваль өттү. Бул фестиваль окуучуларга чоң  таасирин тийгизди. Азыркы учурда окуучулардын көз карашы аябай жакшы. Биздин мектепте көп коомдук иштер болуп турат». 8—классынын окуучусу Ислам Желдеңбаев орус тилине кызыгып келет. Ал фестивалга активдүү катышты жана өз оюн мындайча билдирди:        

image

«Уюштуруучуларга рахмат. Бул фестиваль жаштарга керек деп ойлойм. Башка окуучуларды катышууга чакырмакмын».       

image

Айыл жергесинде мындай  орус тили жана адабияты боюнча көп иш чаралар өтүп турса, окуучулардын орус тилине болгон кызыгуусу мындан да артмак.      

Даярдаган:  Айдай Кудайбергенова, Аманбек кызы Саадат.

      орус тили фестивалы болуп отту

Барскоон айылында жаӊы бала бакча ачылды.

Барскоон айылында бала бакча бар. Барскоон айылынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл дагы бир бала бакчага муктаж экендиги баарыбызга белгилүү. Читать далее Барскоон айылында жаӊы бала бакча ачылды.

«Барскоондогу теплицанын иши» темасындагы Айыл Турмушу уктуруусу даярдалды

«Барскоон FM» Жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары үчүн эки күндүк тренинг болду.  Тренингдин жүрүшүндө сурамжылоо жүргүзүү (vox-pop) жана сурамжылоону радио уктуруу үчүн пайдаланууну үйрөнүштү.

20141210_154053[1]

«Айыл турмушу» радио уктурусу негизделип, «Барскоондогу теплицанын иши» темасында ток-шоу уюштурулду. Ток-шоунун коноктору, KARAGAT+ долборунун координатары Соня Качиева, теплицанын кызматкери Байзаков Болот жана студент Жолочиев Санжарбек болду.  Алып баруучусу Перизат Бекмузаева болду.

20141209_154829

Маектин жүрүшүндө теплицанын келечектеги өнүгүүсү тууралуу талкуу болду.

20141209_155038

      teplitsanyn-ishi_ukturuusu

 

Барскоон айылында муз аянтчасы курулууда

Мурда Барскоон айылынын балдары башка айылдарга барып ойноого мажбур болушчу. Бул көйгөй айыл тургундарынын кыш мезгилиндеги эс алуусун чектеп келген.

Читать далее Барскоон айылында муз аянтчасы курулууда

Барскоон айылындагы тоок фермасы ийгиликтүү иш алып барууда

Барскоон айылында тоок фермасы бир жыл мурда ачылган. Ошол күндөн бери, бул ферма Жети-Өгүз районун тооктун жумурткасы менен камсыз кылып келет.

 

20141207_150402

Ошондой эле өз продукциясын айыл тургундарына арзан баада сунуштайт. Фермада эмгектенген Адилет Жапаров ферманын иши тууралуу кабарчыбыз Перизат Бекмурзаевага төмөнкүлөрдү айтып берген.

20141207_150835

-Тоок ферма ким тарабынан ачылган?

» Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 2000000 сом которулган жана 2000 тоок келген. Өндүрүлгөн продукцияны Жети-Өгүз районуна өткөрөбүз»

— Келечектеги планыңыз?

» Келечектеги планыбыз өзүбүз аркы эшигине дагы 2000дей тоок алып келип төрт миң кылалы деген ой бар. Кудайым буюрса.»

— Жумуркаларды канча сомдон өткөрөсүңөр?

» Жумуртканы башында үч сомдон баштаганбыз азыр болсо 6 сом 50 тыйындан өткөрөбүз».

— Жакшы эле аласыңарбы күнүнө жумуртка?

«1200-1500гө чейин».

Тоок фермадагы жумурткалардын сапаты тууралуу айыл тургуну Садича Конокбаева өз оюн билдирди:

20141207_152625

«Мен мисалы, тоок фермасындагы жумурткаларды жеп көргөн эмесмин, жей албайм. Мен өзүмдүн үйүмдөгү эле колдо баккан тооктун жумурткасын жейм. Себеби үйдө кадимкидей эле таза жем менен багабыз.»

Айыл тургуну Бакыт Калыкбердиева ферманын жумурткасын ар дайым колдонот. Ал ферманын иштеп жаткандыгы айыл тургундары учун женилдиктерди алып келип жаткандыгын билдирет.

20141206_170702
-«Тоок фермасы ачылганы бизге жакшы эле болду, себеби мурда тоок фермасы ачыла элек кезде жумуртканы башка жактан алып келчү. Балыкчыдан, Бишкектен. Аларды колдонгонго кооптуураак болчу. Менин оюмча өтө деле ишенимдүү эмес болчу. Анын үстүнө баасы да кымбатыраак болчу. Азыр болсо өзүбүздө тоок фермасы болгондуктан жумуртканын баасы да арзандап калды. Жегенге да ишенимдүүрөк болуп калды. Менин буга көз карашым жакшы. Ырас эле ачылды деп кубаттайм. Ушул тоок фермасы иштеп атканына кубанычтамын».

20141207_150430

«Аракет кылсан- берекет», дегендей тоок фермасы айылдын экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтебиз.

      тоок фермасы

Даярдаган: Перизат Бекмурзаева.
Жанек Тимуров.

Барскоон айылында футбол талаасы курулууда

Барскоон айылында футбол сүйүүчүлөрү абдан көп жана алар футбол таймаштарына катышып ийгиликтерди багындырып келишкен.

20141123_125854
Кээде жеӊишти колдон чыгарып жиберген учурлар да болот.
Себеби, футбол талаасы жок болуп, мектептин аянтчасында машыгып келишкен.
Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү жаштардын спортко болгон кызыгуусун
арттыруу үчүн футбол талаасын куруу демилгесин көтөрүп чыккан.
Курулушка кеткен чыгымдар жөнүндө Барскоон айыл аймагынын жоопту катчысы Жаныгулова Азимкүл Турсуналиевна төмөндөгүлөргө токтолду:

Биздин айыл өкмөтүбүздүн башчысы Руслан Төлөнович демилге көтөрүп, жаштарды колдоо деген  бир программа бар ошонун негизинде биз атайын проект түзгөнбүз. Ошол проектинин негизинде республикалык бюджетке кайрылып, «Стимгрантка» кайрылуу жазганда алар  колдоо көрсөтүшүп, 3млн 470миң суммадагы акча бөлүп берди . Ошонун негизинде курулуп жатат. Буюрса, бүтөйүн деп ишке ашып калды жакынкы аралыкта ишке берилет деп ойлоп жатабыз .  Өздүк салымы 10% болду, 370 миң сомду биз өзүбүздүн бюджеттен 10%тин салым кылдык ошонун негизинде курулуп бүтүп калды. »

20141124_100420

Курулуш иштери боюнча иштеп жаткан Дайыр Жолдош уулунан кандай
кыйынчылыктар болуп жаткандыгы жөнүндө кабарчыбыз Дилбара Сыдыкбекова
билип келген:

-Футбол талаасын курууда кандай тоскоолдуктар болуп жатат?
Футбол талаасын курганда  кар түшүп, бираз суук болуп, жерлер тонуп  кыйналып жатабыз. Кыйынчылык  болсо да аракет кылып бүтүрүп жатабыз.»
-Футбол талаасын кайсы убакытка бүтүросүз?
— «Жаны жылга бүтүп калат го дейм».

20141123_125800

Азамат Максат уулу айылдагы футбол сүйүүчүлөрүн бири. Ал футбол
талаасы курулуп жатканына кубанганын жашырган жок.

20141123_133746

-Футбол талаасынын курулушуна көз карашыныз кандай?
— «Бардык эле оюнчалар кубанычтабыз. Футбол талаасы курулуп бүтсө, көптөгөн ийгиликтерге жеткенге айылыбыздын оюн боюнча атын чыгарып, далай-далай ийгиликтерди алып келгенге аракет кылабыз».

      барскоондо футбол талаасы курулууда

Спорт- ден-соолуктун булагы  дегендей айыл жаштары үчүн спорт менен машыгууга дагы жакшы шарттар түзүлөт деген ишеничтебиз.

Даярдаган: Дилбара Сыдыкбекова

Асель Асанова.

Барскоондо жаӊы тиш дарыгерлер өз ишин баштады

Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 8000 миӊден ашык адам жашайт. Аларга бир тиш дарыгери жетишпегендиктен Кызыл-Суу айылынан тиш дарыгерлер тобу келип азыркы учурда иштөөдө.

20141123_145004

Барскоон үй бүлөлүк дарыгергерлер тобунда эки тиш дарыгери эмгектенип, тиштерди дарылоо жана тиш салуу кызматын көрсөтүп жатышат. Алардын иштөө мөөнөтү эртеӊ мененки саат 8.00дөн кечки 17.00го чейин кызмат көрсөтүшөт.Айыл тургундары үчүн бул жаӊы дарыгерлердин келиши жеӊилдиктерди келтирүүдө.

20141123_145437

Тиш дарыгери Төлөев Санжар Болотович өзүнүн иши жөнүндө кабарчыбыз Мунара Имеркул кызына айтып берген:

-«Бизге башка айылдардан да келип дарыланып кетишет, анткени райондук стомотологиял алыс болгондуктан башка айылдардан да дарыланып кетишет»

-Бир күндө канча кардарлар келип дарыланышат?

-«Бейтаптарды айтсак күнүнө ар кандай келишет 5- 6 же андан жогору болот»

20141123_151621

Тиш дарылатып жаткан бейтап Ислам Асанов дарыгерлердин иши жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бир жыл мурун Покровкага барып пломба салдыргам ошол түшүп калып анан кайра бул жерден жаңы тиш салдырганы келгем.»

Тиш дарыгерлеринин иши канааттандырып жатабы?

-«Ооба, канааттандырып жатат»- деп билдирди Ислам Асанов.

«Дени сактын –эли сак» дегендей айыл тургундарынын ден соолугуна кам көргөн дарыгерлерге ийгилик каалайбыз.

      жаны тиш дарыгерлери

 Даярдагандар:Эрлан Абласов, Альбина Таалайбекова.