Архив метки: барскоон

Ыктыярчы- кабарчы Айдай Кытайга барып окуп келди

Барскоон айылындагы «Барскоон FM»  жаматтык мультимедиа борборунун кабарчысы Айдай Кудайбергенова Кытай мамлекетине барып окуп келди. Учурда Айдай 11- классын бүтүрүү алдында турат.   Читать далее Ыктыярчы- кабарчы Айдай Кытайга барып окуп келди

Менталдык арифметика боюнча окуучулар Египетке барып келишти

Барскоон айылындагы менталдык арифметика курсуна катышкан окуучулардын Египетке барып келишти. Менталдык арифметика курсу Барскоондо «Академия роста» окутуу борбору тарабынан ачылган. Ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан, окуучулар Египеттен ийгилик жаратууда .   Читать далее Менталдык арифметика боюнча окуучулар Египетке барып келишти

Барскоон: Мектептин президенти шайланып жатат

18-майда Э.Кендирбаев мектебинде президентти шайлоо куну болду. Мектеп окуучуларынын татыктуулары президентикке талапкер болушту. Шайлоо алдында талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырып шайлоого чейинки алгачкы иштерди жасашты.

20160518_145901 Читать далее Барскоон: Мектептин президенти шайланып жатат

Барскоон: Кызамык, кептөөр оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлө баштады

20160216_120217[1]

Барскоон айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед кызматкерлери үч айлык наристелерден  алты жашка чейинки балдарга пландаштырылган эмдөө жүргүзө башташты. Читать далее Барскоон: Кызамык, кептөөр оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлө баштады

Барскоон айылында талапкерлер эл менен жолугушту

Шайлоо жакындаган сайын депутаттыка талапкерлер түшүндүрүү иштери менен алек.Мындай түшүндүрүү иштери менен 15-сентябрда Барскоон айылына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Талант Узакбаев, Темирбек Курманбеков да келип кетишти.
Читать далее Барскоон айылында талапкерлер эл менен жолугушту

Барскоондо айыл тургундары үчүн 2 боз үй кызмат кылат…

Барскоон айылынын Маданият үйүнүн астында 2 боз үй тигилди.Боз үйлөрдүн сырткы көрүнүшү,жасалгасы окшош болуп,айыл тургундарынын көңүлүн бурууда. Читать далее Барскоондо айыл тургундары үчүн 2 боз үй кызмат кылат…

Барскоон айылында кол күрөш мелдеши болуп өттү

19-июлда Барскоон айылында кол күрөш мелдеши болуп өттү. Мелдештин катышуучулары Барскоон айылынын окуучулары болду. Кол күрөш мелдеши башкалардан айырмаланып көл жээгинде өттү. Читать далее Барскоон айылында кол күрөш мелдеши болуп өттү

Барскоон айылында «Сары кыздын тоюу» башталганы турат…

Жай мезгили көлгө түшүү,эс алуу гана болбостон, Барскоон айылынын тургундары үчүн өрүктүн сезонунун башталышы менен байланыштуу.Эл арасында айтылган «Сары кыздын тоюу » өрүктү сатуу мезгили дегенди билдирет.
Читать далее Барскоон айылында «Сары кыздын тоюу» башталганы турат…

Э.Кендирбаев жана К.Чылабаев орто мектептеринде волейбол оюну боюнча мелдеш өтүүдө

18—февраль күнү Барскоон айылындагы орто мектептеринде волейбол оюну уюшулуп, окуучуларды туура тарбияга үндөөгө мугалимдер чоң салымын кошушкан.
20150218_112110[1]
К.Чылабаев мектебине кыздар, ал эми Э.Кендирбаев орто мектебине балдардын оюну өттү. Оюнга Барскоон, Тамга, Жеңиш,Чоң Жаргылчак, Кичи Жаргылчак, Тосор айылдары катышты. Мектептердин, айылдардын ынтымагын бекемдөө жана ден соолугун чыңдоо максатында уюшулуп жаткан иш чара жөнүндө Тосор айылынын дене тарбия мугалими, айылдык кеңештин депутаты, тарбия завучу Азамат Букаров төмөндөгүлөргө токтолду:
20150218_110808[1]
«Бүгүн волейбол боюнча Э.Кендирбаев мектебинде өтүп жатат. Оюндун уюштуруучусу Э.Кендирбаев мектеби. Бир жылдык спорттук иш чаранын пландарын спорттук мектептер аркылуу көзөмөлдөнөт. Негизи мунун максаты мыкты окуучу балдарды, кыздарды райондук денгээлге алып чыгып, райондон областка, областтан республикага чыгаруу. Жаштарды спортко үндөө максатында уюштурулуп жаткан иш чара өткөрүлүүдө.»
20150218_122438[1]
11—классынын окуучусу Азамат уулу Аман волейболду көптөн бери ойноп келет. Ал өзүнүн даярдыгы жана спортту өнүктүрүү боюнча оюн төмөнкүчө билдирип кетти:»Көз карашыбыз жакшы эле. Ойноп, утканга аракет кылып жатабыз. Дагы оюндарды уюштуруп, волейболду өнүктүрөбүз деген максаттарыбыз бар.»
20150218_111828[1]
Спорт ден соолуктун булагы деп бекеринен айтылбаса керек. Жаштар арасында спорттук мелдештер өтүп турса бул дагы жетишкендик.

      волейбол мелдеши отту

Даярдагандар: Айдай Кудайбергенова, Аманбек кызы Саадат