Барскоон: Айыл ѳкмѳт башчылыгынын шайлоосу ѳткѳрүлдү.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында айыл ѳкмѳтү кайра шайланды. Бул күнгѳ чейин Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп Руслан Эшманбетов дайындалган. Ал 9 жылдан бери айыл ѳкмѳт башчысы болуп эмгектенип келди. Бул убакыттын ичинде Руслан Эшманбетов айылдын ѳнүгүп ѳсүүсүнѳ чоӊ салым кошту. Тактап айта кетсек Барскоон айылында ички жолдор оӊдѳлүп, бир канча муниципалдык ишканалар ачылды. Бала бакчалар оӊдолуп, кѳптѳгѳн инвесторлор тартылып алардын аркасы менен мечит да салдырганга жетишти. Айылдын таза суу кѳйгѳйүн да чечүүгѳ жетишти. Читать далее Барскоон: Айыл ѳкмѳт башчылыгынын шайлоосу ѳткѳрүлдү.

Барскоон: Жыл мугалими 2019 сынагы болуп ѳттү

Мектеп жашындагы окуучуларга мугалим деген сѳз абдан жагымдуу угулат эмеспи. Эӊ алгачкы мектеп босогосун аттаганда «А» деген тамганы үйрѳткѳн да мугалим. Чоӊойгондо турмуш жолуна кадам таштоого мугалим эӊ биринчи себепкер болоору баарыбызга белгилүү. Азыркы күндүн эӊ түйшүктүү кесип ээлеринин бири да мугалим. Ушул күнгѳ чейин мугалимдерге ѳкмѳт жактан да тиешелүү кѳӊүл бурулбай келет. Читать далее Барскоон: Жыл мугалими 2019 сынагы болуп ѳттү

Барскоон: Апалардын майрамы

Эне болуу бактысына эгедер болгон ар бир аялзаты мактоого, даңктоого арзыйт. Анткени адамдан адам жаратып, өмүр улоо кудурети энеге гана берилген. Бир кездерде ондон ашык баланы төрөгөндөр бир айылда бир нече болсо, азыр ал сейректеп, уламышка айланып калды. Читать далее Барскоон: Апалардын майрамы

Жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн унаа айдоосу

Азыркы учурда айыл жергелеринде жашы жетелек окуучулардын унаа айдо кѳйѳйлѳрү бар. Буга мугалимдердин баардыгы каршы, атыгүл маи кызматкерлери, мектеп окуучулар эрте унаа айдап жүрүшѳт бирок ушунун натыйжасында кѳптѳгѳн жол кырсыктары болушу мүнкүн. Бирок маи кызматкерлери мындай кѳйгѳйлѳргѳ кыргызчылык кылып беш миң сом гана айып бул салышат. Читать далее Жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн унаа айдоосу

Кѳп аял алуу азыркы күндүн кѳйгѳйү

Кыргызстанда көп аял алууга карата Кылмыш кодексинде эки жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган. Бирок ал жазага азырынча эч ким кабыла элек. Эске салсак, Кыргызстанда буга чейин деле көп аял алуууну мыйзамдаштыруу аракеттери болгон. Читать далее Кѳп аял алуу азыркы күндүн кѳйгѳйү

Ала качуу бул кылмыш

Акыркы жылдары кеңири тараган ала качуу адаты мыйзамга да, кыргыздын кудалашуу салтына да, ислам динине да туура келбейт. Анын айынан ажырашуулар көбөйүп, тагдырлар бузулуп, улуттун генофондуна доо кетүүдө.Укук коргоо органдарынын начар иштегени, укук коргоо органдарына болгон ишеничтин жоктугу да ала качууга жол ачат. Читать далее Ала качуу бул кылмыш

Жергиликтүү ишкер мырза Мекен Осмоналиев

Боз үй- кыргыз элинин байыркы мезгилден бери колдонуп келе жаткан турак жайы. Ал-элдин жашоо-шартына ылайыкталган, жѳнѳкѳй,жеңил, кѳчүп-конууга жана тигип чечүүгѳ ыңгайлуу кооз үй болуп эсептелет. Аны чечип бүктѳп койсо, бир аттын гана жүгү болот, тигип койсо, адам жашай турган үйгѳ айланат. Читать далее Жергиликтүү ишкер мырза Мекен Осмоналиев

Адамдардын сатылышы

Адам сатуу-бул азыры күндөгү глобалдуу масштабдагы кылмыш болуп эсептелинет. Ал белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук анын түрдүү курмандыктарга айлануу менен бүтөт. Читать далее Адамдардын сатылышы

Кыргызстандагы жергиликтүү бийликтеги гендердик теңчиликтер

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кадрдык курамында бир гана жыныстагы кызматчылар үстөмдүк болбошу керек. Азыркы күндѳ ѳз билимдери менен эмес тааныштар аркылуу жумуш ордун түзүп жаткандар да бар.  Читать далее Кыргызстандагы жергиликтүү бийликтеги гендердик теңчиликтер

Аялдарсыз саясат болобу

1975-жылы Бириккен Улуттар уюумунун Генеральный ассамблеясы «Бүт дүйнѳ аялдарынын 10 жылдыгын» жарыялаган. 1979-жылы аял менен эркектин ортосундагы теңсиздиктин алдын алуу максатында, аялдарга болгон дискриминацияны жоюу туралуу конвенциясын кабыл алган. Ошол күндѳн тартып кѳп ѳлкѳлѳрдѳ аялдар комитеттери, аялдар уюумдары түзүлгѳн. Читать далее Аялдарсыз саясат болобу