Жашы жете элек ѳспүрүмдѳрдүн унаа айдоосу

Азыркы учурда айыл жергелеринде жашы жетелек окуучулардын унаа айдо кѳйѳйлѳрү бар. Буга мугалимдердин баардыгы каршы, атыгүл маи кызматкерлери, мектеп окуучулар эрте унаа айдап жүрүшѳт бирок ушунун натыйжасында кѳптѳгѳн жол кырсыктары болушу мүнкүн. Бирок маи кызматкерлери мындай кѳйгѳйлѳргѳ кыргызчылык кылып беш миң сом гана айып бул салышат. Бул туралуу айыл тургуну Медер Узаков жашы жетелек балдарга унаа айдаткан ата-энелерге айып пул салып унасын унаа токтотуучу жайга токтотуусу зарыл экендигин айтып ѳттү.

«Эми жашы жетелек балда машынаайдабаш керек негизи тура эмес алар айдаган. Ата-энелер уруксаат берген да тура эмес. Жаңы эрежелер бойунча ѳзгѳртүлѳр болуп атат, бирок бул учурда ана-энелерине штраф салынышы керек. Машыналары платный стоянкага токтотулуш керекда. Эреже бойунча 18ге чыгып айдоо күбѳлүгүн алгандан кийин айдаш керек. Мектептерде афто кружокторду, техникалык кружокторду кеңейтиш керек дагы саюуз кезинде кастинк клубтар болчу, мото клубтар болчу ошолорду уйуштуруш керек эгер колдон келсе».

Ушул эле кырдаал туралу мектептеги жол эрежелери тууралу жаш инспекторлор командасынын негиздѳчүсү Жыргал Алыбаева тѳмѳнкүлѳргѳ токтолду. Бирнчиден мектеп окуучуларынын машина айдоосуна каршы экенин жана бул айыл ичинде абдан чоң кѳйгѳй экендигин белгилеп ѳттү:

«Мыйзам чегинде кандай болсо балдарга дагы талап кылуу ошондой болуш керек.Мыйзам менен милдет шайкеш келиш керек. Жашы жетелек балдарга таптакыр машина айдаганга уруксат бербеш керек. Такыр эле рульга отургузбай койсо жакшы болот эле. Айдоочунун күбѳлүгүн алыш үчүн кадимкидей окуш керек адам. Жол эрежелеринин барын барын тең бешке билиш керек адам. Анан ошого татыктуу болуп жанагы эгизамендердин баарын тең выдержывайтетип андан кийин айдоочунун күбѳлүгүн алыш керек деп эсептейм. Менин түздѳн-түз милдетим ишимдин бир багыты ошол жолдо жүрүү эрежелерин үйрѳтү деген ѳзүнчѳ бир багыт бар. Ошол бойунча кѳп тажырыйбабыз бар. Ал тургай жолдо жүрүүнүн жаш инспекторлору деген командабыз бар. Респубилкада, райондо алдыңкы орундарды алып жүргѳн».

Мектептеги окуучуларга түшүндүрүү иштери ѳтүлүшү тууралу социалдык мугалим Доктурбек Алыбаев агайыбыз бул мызам болуп саналарын жана окуучулардын жашы жеткенде гана күбѳлүгүн алып закондун ченеминде айдоо керектигин айтып ѳттү.

«Жашы жетелек балдар машына айдоосуна негизинен закон бойунча турамес азыр. Айрыкча мектеп жашындагы балдарга уруксаат берилбейле койсо деп ойлойм. Жашы жеткенде окуп туруп анан права алып айдашына каршы эмесмин. Мектеп окуучуларына бирнчиден ата-энеси күнѳлү деп эсептейм себеби дегенде алар деле биздеги закондорду укуктарды билет. Ошонун негизинде балдарына деле мамиле кылса болмок. Анан алар тыйбаганда балдар ѳзү билгендей айдап кетип атышы мүнкүн. Ар бир баланын ден солугу үчүн күрѳшүп аткандан кийин балдардын жашы жетелекте кырсыка учурабай аман эсен эле болуп, рульга качан жашы жеткенде отуруусуна тилектешмин».

Ошондуктан мындай кѳйгѳйдүү чечү үчүн ата-энелерге кайрылуубуз. Жашы жетеле балдарыңыздарга унаа айдатпай эле койсоңуздар. Себеби сиздин жоопкерсиздигинизден жол кырсыгы болушу мүнкүн.

Даярдаган: Акылбек Ислан уулу

      Оспурумдордун унаа айдоосу