Барскоон: Мектептин президенти шайланып жатат

18-майда Э.Кендирбаев мектебинде президентти шайлоо куну болду. Мектеп окуучуларынын татыктуулары президентикке талапкер болушту. Шайлоо алдында талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырып шайлоого чейинки алгачкы иштерди жасашты.

20160518_145901

Мектептеги шайлоонун жүрүшү тууралуу окуу бөлүмүнүн орун басары Жыргал Алыбаева өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

SAM_0294

«Талапркерлигин койгон окуучулардын баары президенттикке татыктуу. Президенттин  милдети мектептин деңгээлин көтөрүү эмес. Алардын өздөрүнүн иштери бар. Башкысы ошол талаптарга жооп берсе болду.»

Бардыгы болуп мектепте 5 талапкер бар.Алардын бардыгы мектепти жакшыртуу учун өз программаларын сунуштап жатат. Чыңгыз Алыбаев 10-класстын окуучусу. Ал буга чейин мектеп үчүн көп иштерди жасаганын билдирди.

PHOTO_20130101_193719

 «Президентке талапкер болуу менин кыялым болчу. Ата-энем да колдоп берди. Мектепке чон-чон салымымды кошуп кетсем деген тилектерим бар. Шайлоого чейин скамейкаларды жасадым. Акыл ордо таймашын жана футбол уюштуруп, жеңүүчүлөрдү грамота жана топ менен сыйладым».

20160518_150001

Татыктуу талапкерди тандоого окуучулар да кызыкдар. Алар да өз тандоолорун жасап жатышты. Көпчүлүк добуш албетте окуучулардан көз каранды.  өз добушун татыктуу деген талапкерге берген окуучулардын бири Адинай Таалайбекова өз оюн төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

.SAM_0298

«Менин оюмча бардык эле талапкерлер татыктуу.Татыктуусун окуучулар тандап алат деп ишенем.»

20160518_150243

Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин жаны  шайланган президенти ким болгону эртен 19-майда белгилүү болот.

      шайлоо mp3

Даярдагандар:Алина Турдалиева,

Адил Асангазиев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *