Барскоонайылында дамба курулууда

Барскоон айылында дамба курулуп  жатат.

20141207_104014

Себеби Ак-Түздөн бери жаан-чачын көп  жаайт. Жаан менен  бирге сел да жүрөт. Айыл тургундары ушул убакка чейин  селден жабыр тартып келишкен. Дамбаны куруу иштери жөнүндө Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшманбетов кабарчыбыз Дилбара Сыдыкбековага төмөндөгүлөрдү билдирди.

IMG_20141208_102045-1

— Дамбаны эмне себептен куруп жатасыздар?
Мурунтан бери эле коопту участок болуп эсептелинет Ак-Коргон ошондой эле ылдыйкы Барскоон айылынан 500 түтүн адамга коопсуздук болтурчу селден. Себеби, бизден Ак-Түздөн ылдый карай суу каптап  кетип турчу. Ошого карата мындайча айтканда селден пайда болгон сууну, ошол салынган дамба аркылуу алынып  туруп, кашат суусуна ыргытылат, агымы мындан ары айылды каптабай ошол жакка кетет.»

-Дамба ким тарабынан каржыланып жатат?

«МЧСтин бюджетинен каралып жатат. Былтыр бизде сел болгон убакта баягы 5-6 жолу сел каптаганда министр Боронов келип кеткен, өзү күбө болуп ушул дамба бизге Барскоон элине куруш керек деген чечим чыгарылган. Ошо чечим чыгарылып, дамба быйыл тендер өткөрүлүп ишке берилди. Апрелде тендер өтүп, майда иштей башташкан.  Декабрдын 5-де өткөрүлүп берилди. Жалпы баасы 11 млн 800 сомго чыкты.»

Айыл тургуну Эмир Садырбеков дамба курулса айыл элинин коопсуздугу үчүн жакшы болоорун билдирди.

IMG_20141208_104631

«Бул айылга керектүү нерсе болчу, суу ташкынынан айыл да көп эле үй-бүлөлөр чыгымга учурап жатышкан бул дамба керектүү нерсе деп  ойлойм.»

20141207_104038[1]

«Сактансан сактайм» дегендей жаратылыш кырсыктарын алдын алуу үчүн мамлекет тарабынан кам көрүп жаткандыгы Барскоон эли үчүн жакшы жетишкендик.

Даярдаган: Асел Асанова
ДилбараСыдыкбекова.

      барскоондо дамба курулду

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *