Кашат Барскоон айылынын жогору жагында жайгашкан Ысык-Көлгө кошулуучу Барскоон суусу агып түшүүчү жер. Бул жер көптөн бери айылдыктар тарабынан ташталган таштандылар сууга агып же шамал болгондо учуп булгап жатат. Бул көйгөй көптөн бери чечилбей келет. Кашаттын жашоочусу Жумакадыр Рабаев нааразычылыгын төмөндөгүдөй билдирди:
“Элдердин уяты жок. Керек болсо ич кийимден бери таштап кетишет. Айыл өкмөтү 2-3 күндө трактор менен түрттүрүп берем деди.”
Кашат аркылуу өткөн Барскоон суусунун булганып жатканына карабастан айылдын төмөнкү жагында жашаган тургундар ал суунун күнүмдүк жашоосуна пайдаланууда. Таштандыны төкпөс үчүн ал жердин жашоочулары атайын кашаа жасап, курчоого алышкан. Бирок, ага карабастан кашаалар талкаланып, кайра мурдагы ачык, каралбаган жайга айланган.
Ошол эле жерде жашаган Жыпар Жунушбаева “таштанды төккөн адамдар менен ушул убакка чейин урушуп келем”-дейт. Ал өзүнүн көз карашын төмөндөгүдөй айтты:
“Мурда таштандылар азыраак болчу. Кийин жаны кошуналар келип таштанды көбөйүп кетти. Анысы аз келгенсип жууркандын жүндөрүнөн бери таштап кетишет. ”
Ал эми Барскоон айылынын тазалыгын кароочу Барс-S муниципалдык ишкананын жетекчиси Ислан Сааданбековдун оюу төмөндөгүдөй болду:
“Айыл өкмөтү жана депутаттар менен бул маселени сүйлөшкөнбүз азыр каражат издеп жатабыз. Трактор менен түртүп коелу десек, трактор бузулуп калган, оңдолуп жатат. Жакында баарын түртүп коебуз.”
Айыл тургундары таштанды көйгөйү жакынкы убакта чечилет деген үмүттө.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова, Алина Турдалиева