Барскоондо “English school” англис курсу ачылды

“English school” англис тили курсу 2015-жылдын сентябрь айында ачылган. Э.Кендирбаев көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнө тийиштүү имараттан бөлмө бөлүнүп берилген жана ал жерге ынгайлуу шарттар түзүлгөн.

20160215_135904

 

Англис тилин окутууга “English school” Каракол филиалынан тажрыйбалуу мугалимдер келип сабак өтүлөт. Жергиликтүү кабарчыбыз Алина Турдалиева англис тили мугалими Жамиля Ниязованын оюн билип келди:

20160215_135710

«Негизги максаты бул мектепте окуган окуучулар шаарларга барып окууну бүткөндөн кийин окушат эмеспи. Ошол жерден университетке же институтка тапшырганда басынттырбай, англис тилин билип, ошол максат менен биз айылдарга “English school” мектептерин ачып жатабыз. Филиалдарыбыз Караколдо жана Кызыл-Сууда бар. Азыркы учурда бизде 40 окуучу бар. Балдар жана кыздар аралаш. Менин  оюмча өтө кымбат деп эсептебейм. Анткени, бизде жумасына беш жолу бир сааттан болот».

20160215_142837

Курстун баасы айына 1200 сом жана окуучунун денгээлине жараша китеп 250 сомду түзөт. Мындай бааларга ата-энелердин эч каршылыгы жок. Анткени, алар балдарынын келечеги үчүн бардыгына даяр. Ушундай ата-энелердин бири Азимкүл Жаныгулова төмөндөгүлөрдү айтты:

20160215_151605

“Азыркы замандын талабына ылайык чет мамлекетке чыгып, иштеп жатышат. Биздин өлкөдө деле азыркы учурда чет тилдерге көнүл бурулуп көбүнчө чет мамлекеттеги ишкерлер менен кызматташтык кылып, кийинки келечегине кереги тиеби деп, англис тили курсу болуп жатыптыр, ошого кызымды бердим. Эми мектептеги билим кичине жетишсиз болуп жатат деп эсептейм. Мектептин программасы менен курстун программасынын айырмасы бар.  Себеби, булар абдан жакшы деңгээлде үйрөтүп жатат”.

Курска келген окуучулар “English school” англис курсу менен атайын келишим түзүп, анын шарттарына толугу менен макул болуусу зарыл. Ар бир сабак өзгөчө мааниге ээ болуп, түрдүү жана кызыктуу ыкмалар менен окуучуларды сабакка тартышат.

Наргиза Чороева бул жакка келип тил үйрөнүп жаткан окуучулардын бири. Ал өзүнүн оюн жана көз карашын билдирди:

20160215_135513

«Менин оюмча аябай жакшы. Анткени, шаарларда гана эмес бул айыл жергесинде англис тилин билип, аны жашообузга колдонуу бул аябай жакшы деп эсептейм. Аябай кымбат деп айтпайм. Бирок, өз каалосу менен окуса болот. Менен оюмча канааттандырарлык эле».         

      англис-тили-курсу-ачылды

   

Даярдаган: Алина Турдалиева                                                                                                                    Айдай Кудайбергенова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *