Барскоон: Кызамык, кептөөр оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлө баштады

20160216_120217[1]

Барскоон айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед кызматкерлери үч айлык наристелерден  алты жашка чейинки балдарга пландаштырылган эмдөө жүргүзө башташты. Бул эмдөө кызамык, шал, кептөөр, сенек, көк жөтөл жана хип оорусуна каршы жасалат. Бул тууралуу эмдөө мед айымы Аксана Карукуевамындай деди:

20160216_152735[1]

“ Эмдөөнү ай сайын план менен жасайбыз. Эки ай, үч ай жана беш жарым ай кезинде, андан кийин 2 жаш  анан 6 жаш кезинде эмделет. 2,3,5 ай кезинднги эмдөөлөр шал оорусунна каршы оозуна тамызабыз жана кептөөр, сенек, көк жөтөл, хип оорусуна каршы эмделет. Ал эми 2 жаштагы эмдөө кызамык, кызылча жана тепки оорусуна каршы эмделет. Ал эми 6 жашта кептөөр, сенек, кызамык оорусуна каршы эки колуна сайылат.”

20160216_121201[1]

Азыркы учурда эмдөөгө каршы чыккан ата-энелер кездешүүдө. Барскоон айылында эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөр бар. Мед айымдын айтуусунда көбүнчө динге берилип кеткендер каршы чыгууда.

“Азыркы учурда 5-6 бала бар эмделбеген. Булар эмдөөдөн баш тарткандар.”

Эмдөөгө кезек күтүп турган ата-энелер, эмдөө албаса баланын ден-соолугу кооптуу абалга туш болот деген ойлорун билдирүүдө.

      эмдоо-иши-бутту-1

Даярдаган: Эрлан Абласов, Эрлан Темирбеков.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *