Кирпич цехи ачылды

20160215_141522

Барскоон айылында кирпич чыгаруу кичи цех ишке киргени турат. Буга чейин Барскоондуктар кирпичти алыскы айылдардан жана шаарлардан ташып келишкен.  Айыл тургундары көптөгөн чыгымдарга дуушар болушчу.Кирпич цехи тууралуу Барскоон айылындагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Мекен Осмоналиев мындай деди:

20160215_141656

  • Кирпич цехин курууга эмне түрткү болду?

-Барскоон айылында үй салууга ылайыктуу топурак бар, бирок ушул иштеткен өндүрүш жок да. Ошону үчүн мен ушул кирпичти айылга киргизейин, айылдын үйлөрү жаңы технологиядагы кирпичтер менен салынсын деп ошол максатта ачып жатабыз. Бул муниципиалдык ишкана болуп эсептелет. Айыл өкмөтүнөн каржылоо болот анан өзүбүз өндүрүп чыгаргандан кийин өзүбүз каржылай баштайбыз. Марттын он бешинен баштап  иштейт.                                                                   Кирпич цехинин жумушчусу Адилет Осмоналиев кирпичтин сапаты жана курамы жөнүндө айтып берди:

20160215_142016

  • Кирпич топурактан эле жасалат ак топурак биздин өзүбүздөн чыккан топурактан. Мунун эки формасы бар ортосунда тешиктери менен болот. Бул бири-бирине кубик сыяктуу болуп биригип кете берет. Анан экинчи форма оймосу бар кирпичтин бетине оймо түшүрүлгөн, ошол оймо менен тышкы бетин обделка кылса болот. Кирпичти ортосунда тешиги  үн кетирбеш үчүн жана ичке сактап өткөрбөш үчүн жасалган, анан бири-бирине кураштырып кетириш үчүн.

Барскоон айылынын тургуну Абдыкалый Чолпонкулов ачылган кирпич цех жөнүндө өз пикирин билдирди:

20160215_142826

  • Бул биздин Барскоон айылына жаны ачылып аткан кирпич заводуна цех эмес кудай буюрса завод болот деген оюбуз бар. Эгерде ушул ишке ашып кетсе бул биздин жалгыз эле Барскоон айылына эмес башка Жети –Өгүз районунун аймагына дагы тийгизет деп ойлойм мен. Менин өзүмдүн оюм ушундай. Ушул бойдон токтоп калбай иштеп кетишине эч кандай, эч жактан бут тосуулар болбосо, ушундай ишкерлерге колдоолор көп болсо абдан элибизге жакшы болот болчу, биздин Барскоон элине.

20160215_142510

Кирпич цехтин ачылышы март айына пландалууда.

Даярдаган: Эрлан Темирбеков, Дильназа Бейшакунова, Эрлан Абласов

      кирпич-чыгаруучу-цех-ачылды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *