Барскоон .Нике күбөлүгүнүн артыкчылыгы

      Барскоон .Нике күбөлүгүнүн артыкчылыгы


(Сүрөт интернеттен алынды)
Жашообузга эӊ маанилүү болгон нике күбөлүгү кандай артыкчылыктарга ээ жана анын канчалык пайдасы бар.

“Мен эрте турмушка чыккам. Жыл тегеренбей балалуу да болдук. Жолдошум ортончу бала болгондуктан бизге тиешелүү үй жок болчу. Батирде жашап туруп ипотекага үй алууну чечтик. Ал максатыбызга да жеттик. Бирок, жолдошумдун иши жок болгондугуна байланыштуу мен иштеп, ипотеканын акчасын төлөп бүттүк. Бул учурда биз үч балалуу болдук. Бизден бактылуу үй-бүлө жок деп ойлогом”.

Кыялданган бакыт кайсы бир күнү куурап калаарын эч ойлобогон каарманыбыз, учурунда турмуш куруп, балалуу болгонуна каниет кылып, нике күбөлүгүнө деле эч маани берген эмес. Бирок, колунда жок нике кагаздын зарылдыгын турмуштун оор сыноолору менен түшүнгөнүн ортого салды.

(Сүрөт интернеттен алынды)

“Ойлогон оюум тескери чыкты. Уй-жайлуу болгондон кийин эле жолдошумдун мага болгон мамилеси өзгөрө баштады. Акыры бизге тиешелүү үй жолдошумдун эжесининнаамына катталганын билдим. Ошол күндөн баштап биздин үй-бүлөнү чыр басты. Акыры жолдошум мени жана балдарымды үйдөн кууп чыкты. Менде жолдошум экөөбүздү тастыктай турган нике күбөлүгү жок болгондуктан эч нерсе кыла албадым”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ар бир бешинчи үй-бүлө ажырашуунун курмандыгы болот. Айыл жерлеринде 1000 никеге турган үй-бүлөнүн 140ы ажырашса, шаар жерлеринде бул көрсөткүч 2,5 эсеге жогору. Ал эми “Данэль” коомдук уюумунун төрайымы, юрист Айнура Токтошева коомубузда диндин өрчүп бара жаткандыгына байланыштуу, азыркы учурда мамлекеттик катоодон өтпөстөн эле нике кыйдыруу жолу менен аялы күйөөсү болгондор арбын дейт. Бирок, эртеӊки күнү үй-бүлөдө кандайдыр бир маселелер жарала турган болсо анда сөзсүз түрдө сотко кайрылуу зарылчылыгы бар.Сотко кайрылуу үчүн баардык тиешелүү документтер болуусу абзел. Айнура Токтошева, алардын ичинен нике күбөлүгү сөзсүз экенин баса белгилейт.

(Айнура Токтошева)

“ Кыргыз Республикасынын конституциясына ылайык никеге турууга, никени токтотууга жана аны жараксыз деп табуунун укуктары менен тартиби белгиленген атайын үй-бүлө кодекси бар. Бул үй-бүлө мүчөлөрдү, жубайларды ата-эне менен балдарды анын ичинде балдарды багып алат, балдарды асырап алгандарды жөнгө салуучу мыйзам болуп эсептелет. Үй-бүлө деген эмне? Үй-бүлө бул коомдун негизи, бул жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарда жана өз алдынча башкаруу органдарында катталган нике таанылат. Нике гана бул күбөлүк берилген күндөн тартып мыйзамдуу түрдө күйөөсү жана аялы деп эсептелинет. Ал эми нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырым жырымдар укуктук эч кандай мааниге ээ болбойт”.

Диний тараптан нике кандай катталат? Мамлекет тараптан берилчү нике күбөлүгү жок жубайлардын никеси каттала береби деген суроо менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына кайрылдык. 18 жашка толо электерге дин кызматкерлери нике кыйбастыгын билдирген муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабеков, аталган жаш курактан кийинкилерге нике күбөлүгү жок каттоо жүргүзүлө берээрдигин билдирди.

(Максат Атабеков)

“Ал эми 18 жаштан жогоркуларга, бул нике кыйдырып жаткандардын өзүнүн иши. Биринчи, нике күбөлүгүн алып, диний негизде никесин кыйдырабы же тескерисинче, никесин кыйдырып, анан нике күбөлүгүн алабы турмуш куруп жаткандардын өзүнүн иши. Ал эми 18 жашка чейинкилерге нике кыйыла турган болсо, бир гана дин кызматкерлери эмес, үйлөнүп жаткандар дагы, алардын ата-энелери дагы жоопко тартылат. Азыр муфтият тарабынан нике каттоочу журнал кабыл алынып, дин кызматкерлери нике кыйып жаткандардын өздүгүн тастыктоочу документти сурайт. Эгерде мамлекеттик нике күбөлүгүн ала элек болсо, аны алууну сунуштайт. Эгерде аны алып келген болсо, муфтияттын нике каттоо журналына каттап коет”.

Никеге тура турган жаштар үчүн нике күбөлүгүнүн маанилүү экендигин “Айкын багыт” коомдук фондунун өкүлү Гүлзат Мукалаева баса белгилейт. Нике күбөлүгү аркылуу гана үй-бүлө укуктук коргоого ээ болот деген айым, балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда, мүлктөрдү каттоодо жана ажырашууга дуушар болгон үй-бүлөлөр да аталган күбөлүгү жок турмушта көп кыйынчылыкка кабылып жактанын билдирип, никесин каттоого тургузбагандардын себебине токтолду.

(Гүлзат Мукалаева)

“ Никесин каттатпай жүргөндөр канча экенин так айта албайм. Бирок,никесин каттоого тургузбаган жаштардын негизги себеби менин оюмча биринчиден: укуктук сабатсыздыктын болушу ошондой эле аларда маалыматтыктын жоктугу жана ошондой эле нике күбөлүгүнүн маанисин түшүнбөстүктөн келип чыгат деп ойлойм”.

Негизинен үй-бүлө курууда ар бир жаран эртеӊки келечегин ойлоого милдетүү. Ошол себептерден улам ар бирибиз мыйзам чегинде иш алып барууга милдетүүбүз. Нике күбөлүгү жашообуда эӊ маалилүү документтердин бири экенин эстен чыгарбасак.

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *