Барскоон. Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы

      Барскоон. Кыз менен уул баланы тарбиялоодогу айырмачылыктар

Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы? Аларга эки башка тарбия беруу керекпи? Же экооно бирдей тарбия беруу абзелби? Жогорудагы кокустуктан берилген суроого сиздин жообунуз кандай?

Алгач, уй-булодо уул жана кыз баланы кандай тарбиялоо керек деген сурамжылоого катышкан айыл тургундарынын жоопторуна бирге кубо болсок.

«Негизи уй-булодо эркек бала -эшиктин жумушун жакшы билиши керек. Мисалы, кой союп, отун жарып дегендей. Ал эми кыздар уй оокаттарынын баардык жумушун жакшы оздоштурсо, кийин турмушунда ошол нерселер кездешет. Ошого  кыз бала даяр болушу керек.

«Мени атам бала кезимде катуу сабачу эле. Ошол менин журогумдо калыптыр. Эч унута албай койдум. Негизи, жакшы соз жыланды ийинден чыгарат деп коет го. Балага деле жылуу жумшак мамиле кылып, жай отуруп тушундурсо, бул жакшы пример болот деп ойлойм да.

«Ата-энелер эч качан бизди жаман болушубузду каалабайт.Бизге туура эмес жолду коргозгусу келбейт.Бирок беш кол тен эмес, бул жашоодо азыркы учурда туура эмес адамдар да бар. Бирок, анын баары тен эле убактылуу нерселер деп айтса болот. Баардык нерсе отот-кетет. Алар да бир куну келип тушунушот деген ойдомун. »

«Копчулук ата-энелер балдарын мындай болушун керек, тигиндей болушун керек, элдин балдары деген калыпка салынып калган создор менен тарбиялашат. Мисалы эркек балдарга сен уйдун кожоюну болосун деген жоопкерчилик жуктолот. эркек балдар, бала кезинен ошол создор менен чоноюп, эр жеткенде аны аткара албаса оздорун куноолуу сезишет.

Азимкул Жаныгулова Барскоон айылынын тургуну. Уч баланын мээримдуу энеси. Балдары бой жетип, оз максаттарына жетип жатканына кубанычын жашыра албаган эне, баланы тарбиялоо татаал, ар кырдуу процесс дейт. Ата-эне баласы учун туура тарбия жана жондомуно жараша багыт бергени анын келечеги учун абдан маанилуу деген ойдо.

                                                                                                        (Азимкул Жаныгулова)

«Мен эсимде, кызымды кичинекей кезинде, аны кыйнап туруп эле комуз ийримине берип койдум эле. Ал комуз ийримине барат.3-5 класстар аралыгына барып журду. сертификат алды. бирок, кийин таштап койду. Ошону кийин кайра уланткан жок.»

Бирок, Азимкул айымдын кызы комузду таштап койгону менен балалык кыялында англис тилин терен оздоштуруп, ага байланыштуу максаттардын тизмегин да тузуп жургон эле.

«Сен ошону окуй аласынбы дедим.Чындыгын айтканда мектепте англис тилинин денгээли анча эмес да. Тийиштуу денгээлде уйрото алышпайт.Курстарга барам деп калды анан мен мейлин дедим, мейлин барсан барып байкап кор. Бизде бир курстар ачылды эле ошол жака жибердим.Жиберсем эле бир куну келиптир мага сотка сатып бериниз мен соткадан англис тилин уйронот элем деп.  Анан сотка сатып берсем кечке эле соткада отуруп калды.Анан мен уруша баштадым сен эмне кечке эле сотка карап отурасын деп. Анан бир куну тун ичинде комнатасына кирсем сотка карап отуруптур. Анан мен аны карап эле социалдык сетттерде отурган экен деп ойлосом, курстан бир приложения кочуруп алыптыр ошону карап отуруптур.     Ошондо анан мен кызымдын тил жагын тандап жатканына ишендим.»

                                                     (Айдай Кудайбергенова)

Кызы кун-тун дебей тил уйронуп журуп, азыр беш тилди оздоштуруп, чет мамлекеттерде окуп, суйгон кесиби менен иштеп жатканына сыймыктанган каарманыбыз бала тарбиялоодо ата-энелер дагы бир ката кетиребиз дейт. Ал уй оокаттарын уйуп коюу. Эгер балам билимдуу, бактылуу болсун десениз, балага ченеми менен оокат кылдырып, озун онуктурууга убакыт болуп, шарт тузуп беруу маанилуу. Гендердик эксперт Гульнара Ибраева, уул-кыздарыбыз келечектеги кесибин тандоодо же башка чечим чыгарууда, ата-энелер аларга чек койбой, багыт беруучу болушу керектигин баса белгилейт.

Ал эми гендердик эксперт Гульнара Ибраева жогорудагы каармандын абалына карата ата-энелерге томондогучо кенешин берет.

                                                                                                                                  (Гульнара Ибраева)

» Кээ бир учурда ата-энелер жаш кезинде энсеген бирок, жетпей калган кесиптерди. окуу жайларды сунуштайт. Баланын жондомун карабайт. Кээ бир учурда тааныштары болуп отууго жардам эткен жерлерди издешет. Же болбосо кандайдыр бир башка баланын жондомдоруно таандык эмес факторлорду карап, ошого жараша баланы угуттоп же болбосо мажбурлап кайсы бир кесипке, окууга киргизип коет. Коп учурда кесипкой болуп чыгып ал балдар дипломун алып келип, эч качан ал дипломун иштетпейт. Анын узурун корбойт же болбосо дагы ага кызыкчылыгы жок.Мотиватциясы онугууго жок озу алган билимдин денгээли томон, ошондуктан мыкты адис боло албайт. Бактылуу болгонго кандайдыр бир тоскоолдук кылат.»

Адистер, кунумдук турмушта баарлашуунун жоктугу уй-булодо бири-биринин кыялын, каалоосун тушунбостукко гана алып келбестен, алдынкы жылдардагы турмушуна да чон таасир берээрин билдиришет. Баарынан мурда бала тарбияны ата-энесин угуп жатып эмес, карап журуп алаарын эсиниздерге салабыз.

Даярдаган: Гулкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *