(Элзат Жумадылова)
«Апам мурас калтырып үйдүжазып берген. Кыз бала турмушка чыгып ѳзү бѳлүнүп кетет деп кээ бирѳѳ ойлойт. Кыз бала турмушка чыгып бѳлүнүп кеткенде турмушта тагдыры тайкы болобу,же балким кандайдыр себептер менен ажырашып калабы ошол моменте кыз балага берилген мурас, бул аябай чоӊ жардам берет, чоӊ түрткү берет. Мен апам мурас катары берген үйдѳ ѳзүм кызым менен турам. Эми мен дагы кийин кызым чоӊойгондо мурас катары кызыма үйдү жазып берем».
Бул каарманыбыз айыл тургуну Элзат Жумадылова. Ал бир кыздын энеси. Бирок, ал алдыда үй-бүлөлүк мурасты кызына калтырууну пландоодо. Анткени, Элзат айымдын ата-энеси да мурасты уул балдарга эмес кыз балдарга берген. Кыздар, турмушта кыйын учурларга кабылып калса, ата-эне тарабынан берилген мурас бир топ жардам берээрин билдирген. Тилекке каршы мындай чечимдер чанда эле кезигет. Анткени, үй-бүлөлүк мурас уул балдарга гана таандык деп эсептегендер да жок эмес.
Бул турасында жергиликтүү тургундардан дагы «Бүгүнкү күнү кыз балага дагы мурас берилиши керек деп эсептейсизби?-деген суроого жооп издеп кѳрдүк.
«Бүгүнкү күндѳ мурас эркек балдарга эмес кыз балдарга деле берилиши керек. Ата-энеден калган мурас баардык балдарга тиешелүү деп эсептейм.
Кыз балага деле мурас берилиши керек если ал үйдѳ эркек бала жок болсо. Эркек баланыкындай баягы чоӊ-чоӊ үй, мал, жер берилбейт болуш керек кыз балага.
Менин түшүнүгүм боюнча мураскорлукту ата-эне гана тандаганга укугу бар. Менин кѳз карашым кыз балага деле берүүгѳ болот.
Кыз бала ѳзүнүн турмушун ѳзү куруп кетет. Эркек уулга эле берилет.
Мураскер катары кыз балабы,эркек балабы мисалы мыйзамга жазган эмес. Кыз бала мураскер боло албайт деп, мураскер болуп кыз бала да аталат.
Кыз турмушка чыгып барган ошол эле мурас деп ойлойм».
Ал эми серепчилер, кыргыз коому кыз баланы башынан эле конок катары кабыл алып келишкенин билдирип, тилекке каршы салттуу кѳз караш уланып, эркек балдар мураскер болуу статусун бүгүнкү күндѳ деле коргоп келишет деген пикирлерди ортого салды. Экономика илиминин доценти Сейил Нажимудинова бугунку экономикалык коомдо аялдар жеке ишкерлик кылууда же жашоо шартын жогорулатууда, билим алууда ата-эне тарабынан кыз балдарга берилген мурастар, аял затынын келечегинде зор мааниси бар экендигин билдирип ѳттү.
(Сейил Нажимудинова)
«Кыргыз коомунда патриорхалдык коом катары салттуу түрдѳ мурас деген нерсе бул эркек балдардын арасында гана бѳлүштүрүлүп келген. Кыз кишиге ѳзгѳчѳ турмушка чыгып кеткенден кийин мураскер болу маселеси жаралган эмес. Бүгүнкү күндѳ мыйзам чегинде кыз балдар дагы мураскер болу укугуна ээ жана буга мамлекет дагы кепилдик болуп берет».
“Кыргызстандагы аял ишкерлердин өнүгүүсүнө кандай тоскоолдуктар бар?”- деген экономикалык иликтөөдө да, ата-эне мурасынын тең бөлүнбөгөндүгү аялдардын жашоо шартын жогорулатууга каршы — терс кесепеттердин бири катары ачыкка чыккан.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева