(Сүрѳт интернеттен алынды)
«Кѳпчүлүк айымдар эмне себептен бирдиктүү салык декларациясын толтурушпайт?-Кимден көз каранды?Же эмне себеп? Бүгүн дал ушул декларациянын юридикалык эмес, жеке жактарга тиешелүү багытын карайбыз. Анда, Кыргызстанда үй-бүлөлүү айымдар эмне үчун үй-бүлөлүк мүлктөр тууралуу декларация тапшырбайт? Мүлктөр кимге катталып, салык декларациясын ким тапшырат?
(Махават Кудайбергенова)
“Биздин үйдѳ декларацияны жолдошум толтурат. Себеби мен жолдошума ишенем, биздин үйдѳгү баардык мүлк жолдошума катталган. Ошол себептен мен толтурбайм жолдошум толтурат».
Жогоруда оюн билдирген каарманыбыз Барскоон айылынын тургуну Махабат Кудайбергенова. Махабат айым сыяктуу жолдошторуна ишеним артып, үй-бүлөлүк мүлккө кийлигишпеген айымдар Кыргызстанда көп экени талашсыз. Анткени, карапайым калтын түшүнүгүндѳ мүлктѳр эркек адамдарга таандык жана аларга катталуусу зарыл дешет. Барскоон айылынын тургуну Рустам Курманбеков, аял заты үй ичиндеги гана оокат менен алектениши керек деген оюн ортого салды.
“Кыргызда илгертеден бери эле эркек киши үй-бүлѳ башаты деп айтылып келген. Ошону үчүн баардык мүлк эркекке таандык деп эсептейм. Ошондуктан биздин үй-бүлѳнүн мүлктѳрү менин наамыма каталуу. Декларацияны мен ѳзүм толтурам. Ал эми жубайым үй-оокатына жана балдарга баш кѳз болуп келет. Аялдар үй-бүлѳгѳ чоӊ киреше алып келген учурда гана декларация толтураса болот болуш керек деп ойлойм”.
Негизинен элет жеринде бирдиктүү салык дикларациясын тапшырууга анчейин маани берилбей келет. Себеби жергиликтүү тургундарда бул боюнча толук маалыматы жок. Андыктан декларация тууралуу маалымат бере кетсек.
Бирдиктүү салык декларациясы- бул бир жылдык отчет. Аны мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү бар адамдар тапшырышат. Декларация тапшыруунун негизги максаты –жарандардын экономикалык жана башка ишмердүүлүгү жана ага таандык мүлкү туралуу маалымат алуу болуп саналат.
2019-жылдын жыйынтыгы менен салык тѳлѳѳчүлѳр тапшыруучу бирдиктүү салык декларациялардын 5 түрүн милдетүү түрдѳ мѳѳнѳтүнѳн кечикпестен тапшыруу милдетендирилет. Эгерде кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, автотранспорттук каражаттары бар жарандар декларацияга тура эмес маалымат жазса, аларга мамлекет тарабынан атайын жоопкерчиликтер каралгандыгын салык кызматкерлери кулак кагыш кылууда. Кыргызстанда салык декларациясын эмне себептен жалпы жарандар толтурууга милдеттүү эмес экендигин Жети-Ѳгүз району боюнча Салык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Садыбакунов билдирип өттү.
(Кубанычбек Садыбакунов)
“Бүгүнкү күндѳ Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүндѳ долбоор каралууда. Аякта жалпы Кыргыз Республикасынын жарандарын толугу менен салык декларациясы тапшырылсын деп милдетендирилсин деп жана ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктѳрү жѳнүндѳ ошол декларациянын ичине берилип, таблица формасы ѳзгѳрүүгѳ бекитилүүдѳ.”
Ал эми серепчи Максат Мамытканов,Кыргызстандын конститутциясына жана башка салык мыйзамдарына ылайык ар бир жаран салыктарды тѳлѳп, бюджетти камсыздоого милдеттендирилген дейт.
“Эгерде жѳнѳкѳй адам ѳзүнүн мүлкү боюнча эч кандай жылыштары жок болсо, мүлкү катталбаса анда салык декларациясында ѳзүнүн жылдырган маалыматтары боюнча ѳз эрки. Билдирсе билдирет билдирбесе бирлдирбейт, бирок бары билдиргенге муктаж”.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева