Эркек менен аялдын үй-бүлөлүк жашоодогу укуктары жана милдеттери, коомдун негизги уңгусу болгон үй-бүлө адамзат үчүн ыйык нерсе болуп эсептелет. Себеби, жаңы жашоо үй-бүлөдөн башталат да, үй-бүлө менен уланат. Эркек менен аял өз ара ынтымактуу болуп, ар ким өз укугун, милдетин жана ордун билип, жашоодо бири-бирине эриш-аркак болуп бактылуу жашаса, коомдо да тынчтык болуп, ынтымак орнойт. Аялдардын жана эркектердин социалдык укуктарын ишке ашырууда Барскоон айыл аймагы кандай салым кошуп жаткандыгы турасында Барскоон айылынын айыл ѳкмѳтү Жаныбек Үсѳнбаев буларга токтоло кетти:
(Барскоон айылынын айыл ѳкмѳтү Жаныбек Үсѳнбаев)
«Аял да эркек да бирдей укуктуу. Мен кэчээ, бүгүн окудум дүйнѳ жүзүндѳгү аялдар башкарган мамлекеттер дегенди. Аял кишинин акылы тунук болот, эркек кишиники андан да тунук болот. Экѳѳ бирдей тунук болгондо ошол бир чечимге келет деп ойлойм».
Аял менен эркектер милдет-укуктары боюнча бирдей укуктарга ээ. Ырас, аял менен эркектин ортосунда бир катар физиологиялык жана психологиялык айырмачылыктар бар. Эркек менен аялзатын башка-башка өзгөчөлүктөр менен жаралып, алардын коомдогу орундары да өздөрүнө жараша белгилеген. Укук-милдеттер да ушул өзгөчөлүктөргө жараша негизделген. Бирок, тилекке каршы элет жеринде бул укуктар теӊ салмакта турат деп айтуу кыйын. Себеи аялдар биринчи оорунда үй-бүлѳсүнүн кызыкчылыгын ойлойт – дейт «Аялдарды коргоо борборунун» аткаруучу директору Бакен Досалиева:
(«Аялдарды коргоо борборунун» аткаруучу директору Бакен Досалиева)
«Жергиликтүү деӊгээлде аялдар жана эркектер ѳздѳрүнүн укуктарына анча деле мани беришпейт жана ойлонушпайт деле. Аялдар кѳбүнчѳ ѳзүнүн укугун эмес, ѳзүнүн кызыкчылыгын эмес үй-бүлѳсүнүн, балдарынын, күйѳсүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюушат да. Бизде деген менталитет деп эле эркек ѳз алдынча чечим чыгарып, аялга кѳбүрѳѳк мүмкүнчүлүк бербеген учурлар кѳп кездешет».
Негизинен эле жер-жерлердин баарында теӊ укуктуулук боюнча маселе бар. Ал кѳйгѳйлѳрдү ар бир айыл ѳкмѳттѳр колдон келишинче чечүүгѳ аракет кылууда. Барскоон айылынын айылдык кеӊешинин депутаты Жазгүл Мукашова аялдар менен эркектердин теӊ укуктуулуктары боюнча атайын окуулар, тегерек стол жана семинарлар байма бай -ѳткѳрүлүп жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп тургандыгын баса белгилеп кетти.Бирок, канчалык окууларды ѳткѳрсѳӊ деле айымдар жана мырзалар ѳз укуктарын толук кандуу түшүнбѳй жабыр тарткандар дагы эле бар экендигин дагы айта кетти.
(Барскоон айылынын айылдык кеӊешинин депутаты Жазгүл Мукашова)
«Ар бир ѳзүбүздүн жарандарыбыз зордук-зомбулук, басмырлоо ошондой эле ѳзүнүн жеке оюун айтып келбестен кѳмүскѳдѳ калып ар бир аял ички жана тышкы ѳздѳрүнүн маселелерин айтпай келип кѳп айымдарыбыз жабыркалоодо».
Негизи кыргыздарда теңсиздик деген болгон эмес. Үй-бүлөдө аялдын да, эркектин да өз орду бар. Кыргыздар эч убакта аял затын басынткан эмес. Тарыхка кайрылсак Курманжан датка сыяктуу эл баштаган аялдар да чыккан. Азыркы күндѳ дагы аял менен эркектин теӊ укуктуулугу бирдей деӊгээлде. Бирок, кыргыздын канына сиӊип калгандай менталитет ѳз ордун жоготпой келет. Бул турасында аял менен эркектер канчалык деӊгээлде ѳз укуктарын биле тургандыгы жѳнүндѳ айыл тургундарына сурамжылоо менен кайрылып тѳмѳндѳгүдѳй жооп алдык:
«Биздин айылда аял менен эркектин ортосундагы теӊ укуктуулук жакшы эле деп ойлойм. Анткени эки тарап теӊ жумуш орду менен камсыз болгон. Илгертеден ата-бабабыз аял затын сыйлап келген. Бул жерде теӊ укуктуулук баалуу деп эсептейм. Аял менен эркек теӊ укуктуу деп айтылып келет. Бирок чыныгы жашоодо андай эмес деп ойлойм».
Ар дайым үй-бүлѳдѳ бири-бирин сыйлоо, урматтоо менен жашаса бакубаттык, бейпилдик ѳкүм сүрѳт. Андыктан ынтымактуу жашоо теӊ укуктуулуктун туу чокусу.
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева