Үй-бүлө – коомдун бекем туткасы. Адам эр жетип, каалаган адистиги боюнча билим алып, андан кийин үй-бүлө курса, мындай адамдар өзүн гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө да чоң салым кошо алат. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей ар бир жаран мындай ойлоодон алыс. Кыргыз Республикасынын мыйзамы кайсыл курактан тартып никеге турууга уруксаат берет? Аялдарга жана эркектерге жашы 18ге толгондо гана никеге турууга уруксаат берилет. Бул мыйзам 2003-жылдын 30-августундагы № 201 Кыргыз Республикасынын Үй-бүлѳлүк кодексинин 14-беренесинде жазылган. Жашы жете элек кыздардын эрте турмушка чыгуунун кесепети кандай зыян алып келе тургандыгы жѳнүндѳ «Аялдарды коргоо борборунун» аткаруучу директору Бакен Досалиева тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти:
Бакен Досалиева- гендердик эксперт
« Эрте күйѳѳгѳ берүү менен ата-эне балдарынын укугун бузуп жаткан болот. Үй-бүлѳсү бузулуп кѳбүнчѳсү ажырашуу менен аяктайт. Анткени расмий түрдѳ заксыдан ѳтпѳгѳндѳн кийин бул үй-бүлѳдѳн ажырашуу оӊой экен дагы, жанакы жигит баласы үчүн дагы кызы үчүн дагы келечегине эч кандай жооп керчилик тартпай атышат да».
Кыргызстанда эрте никелешүүлѳрдүн саны арбыды жана алар адатта эч качан никеге турушпайт, ошондуктан ажырашуу болгон учурда жаш энелер материалдык колдоосуз калышат. Алардын кѳптѳрүнѳ ар кандай зордук-зомбулуктар кѳрсѳтүлѳт. Үй-бүлѳ түгѳйлѳрү ислам дини боюнча, нике кыйдырышат, имамдар никеге тургандыгы туралуу күбѳлүк беришет, бирок анын эч кандай юридикалык күчү болбойт. Бирок кыз аны «мыйзамдуу аялымын» деп ойлоп калат. Нике кыюуу боюнча Муфтияттан атайын буйрук чыгарылып берилет. Ал буйрукта 18 жашка чыга элек кыз баланын турмушка чыгуусуна жана ага нике кыюууга тыюу салынган. Бизге кайсыл учурда нике кыйып бергиле деп келген жарандарга ар дайым даярбыз. Эгерде, алар мыйзамга баш ийип баардыгы мыйзам чегинде болсо дейт,- Барскоон айылынын баш имамы Султан Мурзалиев:
Баш имам Султан Мурзалиев:
«Мурун кандай убакта болсо деле кыя берчүүбүз. Анан бизге качан указ ватва чыгарып бергенден кийин биз ошого чектѳѳ койгонбуз. Паспортун карайбыз, бизге атайын Муфтияттан журнал берген ошого түшүрѳбүз. Кайсыл жерден келди, кайсыл жерде кыялып жатат ошолордун баарын ѳзүбүзгѳ жазабыз дагы андан кийин анан нике кыйылат».
Дарыгерлердин айтымында ѳспүрүмдѳрдүн эрте никеге туруусунда биологиялык, психологиялык жана социалдык жактан жетилбегендиктен жаш кыздардын организими эне болууга даяр эмес, ал эми жаш эненин балдары кѳп кѳйгѳйдүн кесепетинен ден соолугунун тѳмѳн кѳрсѳткүчү менен айырмаланышат. Дүйнѳлүк саламаттыкты сактоо уюумунун маалыматы боюнча жыл сайын 16 миллион жаш кыздар 15-19 жаш курагында эне болушат, ал эми 2 миллион кыз 15 жашка чыканга чейин бала тѳрѳшѳт. Мунун кесепетинен билимсиз, жакыр үй-бүлѳнүн саны кѳбѳйѳт. 18 жашка чейинки курактагы кыздардан, адатта алсыз балдар тѳрѳлѳт- бул болсо, калктын генафондуна таасирин тийгизет- дейт Барскоон айылынын үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Бактыгүл Бейшенбиева:
Мед айым Бактыгүл Бейшенбиева:
«Болочоктогу эне болууга даяр эмес. Бул организм даяр эмес болгондуктан ар кандай кѳйгѳйлѳр жаралат, потология кѳп болот тѳрѳлгѳн балдарда. Энеси анемия болсо анемия менен тѳрѳлѳт балдары. Дауна, ДЦП, ВПС менен тѳрѳлѳт балдар кѳбүнчѳсүн. Анткени алардын организими болочоктогу эне болууга даяр эмес».
Ата-энелер дагы жана коомчулук дагы ѳз кыздары үчүн баардык жакшы нерселерди каалайт. Андыктан биз биргелешип иш жүргүзүп ѳспүрүмдѳрдүн эрте никеге туруусуна бѳгѳт коюушубуз керек.
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева