«Гендердик теӊчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында Барскоон айылында иш чара ѳткѳрүлдү. Бул иш чарада Эшманбет Кендирбаев жана Казыбай Чылабаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучуларына даректүү тасмалар кѳрсѳтүлдү.
Бул даректүү кѳрсѳтүүдѳ мектеп окуучуларына абдан маанилүү болду. Себеби бул тасмаларда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук, аларга берилип жаткан жардамдар жана аларды кандай адамдар жасап жаткандыгы туралуу маалымат алышты. Бул тѳрт даректүү тасма кѳрсѳтүлгѳндѳн кийин окуучуларга «Бул тасмадан кандай сабак алдыӊыздар, эмнелерди байкадыӊар, тарбиялык жактан кандай мааниси бар экен?-деген суроолорду берүү менен талкуу жүргүзүлдү. Мындан тышкары ушул эле темага байланыштуу түз эфир да уюуштурулду. Бул түз эфир «Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн» темасынын алкагында болуп ѳттү.
Түз эфирдин жүрүшүндѳ үй-бүлѳдѳгү талаштын башаты эмнеден башталат, зордук-зомбулукту жоюуга эркектер кандай салым кошо алат, эмне себептен аялдарга болгон зомбулук күч алууда, үй-бүлѳлүк зомбулуктан коргоо боюнча мыйзамдын зарылчылыгы эмнеде, биз кантип зомбулуктун алдын алууга жетише алабыз, эркектер эмне үчүн аялдарга кол кѳтѳрүшѳт, бул боюнча кандай иш аракеттер кѳрүлүүдѳ жана алардын кантип токтото алабыз деген суроолордун тегерегинде талкуу жүргүзүлдү. Бул суроолорго Барскоон айылдык кеӊешинин депутаты Элчибек Шерманбетов, «Эл Айкын» коомдук бирикмесинин директору Нуржамал Эралиева жана Барскоон айылдык китепканасынын башчысы Миргүл Иманалиевалар жооп беришти. Алардын айтымында айылда зомбулукка каршы иш чараларды, тегерек столдорду, ар кандай конкурстарды жапыр тырмак уюуштурса 20 пайызга азаят эле деген оюун айта кетишти. Мындан тышкары каныбызга сиӊип калган менталитет да кѳп кедергисин тийгизүүдѳ деп Элчи мырза. Түз эфирдин соӊунда баарыбыз биргелешип бир жылдык иш план түзүү менен иш алып барсак айылыбыздын ѳсүп ѳнүүсүнѳ чоӊ салым кошот элек деген оюун айта кетишти.
Иш чара «Гендердик теӊчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат. Долбоор БУУнун Демократиялык Фонду тарабынан колдоого алынган.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева