Барскоон. Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн

Кыргызстан боюнча 25-ноябрдан 10-декабрга чейин «Аялдарга карата зомбулукка каршы» 16 күндүк Эл аралык акциясы ѳткѳрүлүп жатат. Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча эл аралык күнү 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюумунун Ассамблеясы тарабынан түзүлгѳн. Бул күн 1960-жылы 25-ноябрда Доминико республикасында ѳлтүрүлгѳн Мирабель эже-сиӊдилердин элесине арналган. Алардын мыкаачылык менен ѳлтүрүлүүсү зомбулукка болгон каршылыкты аябай күчѳткѳн. Белгилей кетсек, жыл сайын ѳтүлүүчү «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясынын максаты коомдун үй-бүлѳлүк жана гендердик зомбулукка жол бербестигин жогорулатуу, мекендештер арасында зомбулуктун баардык түрлѳрү жѳнүндѳ түшүнүгүн ѳстүрүү болуп саналат. Бирок күн сайын зордук-зомбулукка каршы иш чаралар ѳткѳрүлгѳнү менен бул маселе токтоп калган жок. Бул маселе боюнча «Аялдарды коргоо» борборунун директору Бакен Досалиевага «Аялдарга зордук-зомбулук жасалышынын түпкү себеби эмнеде?»-деген суроо менен кайрылып кѳрдүк.

«Эӊ биринчи ошол экономикалык абалы, үй-бүлѳдѳгү жумушсуздук, элдин укук деӊгээлинин тѳмѳндүгү, ошол эле үй-бүлѳ баалуулугунун тѳмѳндүгү, тарбиянын начардыгы, ички жана тышкы миграциянын ѳсүшү, алкоголизм, коомчулуктун радикалдык исламизатцияга берилип жатышы дагы ошол бир себеби болуп эсептелинет».

Коомчулукта белгиленип келгендей, азыркы учурда аялдардын, кыздардын зордук-зомбулукка кабылышы биринчи кезекте айымдардын үй-бүлѳдѳгү экономикалык кѳз карандылыгы, сабатсыздыгы, тарбиянын жетишсиздиги шарт болууда. Бул кѳйгѳй Кыргызстанда эле эмес, дүйнѳ жүзүндѳ оорун алып келет. Мисалы азыркы күндѳ аялдарга карата ѳкмѳттүн маалыматына ылайык Республикада  2019-жылдын 10 айында 5185 үй-бүлѳлүк зомбулук  кѳрсѳтүү учуру катталса, анын ичинен 3647си денеге залал келтирүү, 1362си психологиялык жактан басым,168-тоготпостук,7- жыныстык мүнѳздѳ болгон. Үй-бүлѳлүк зомбулукка чыдабай аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюумдарга кайрылган аялдардын саны 2018-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу 8 пайызга кѳбѳйгѳн. Бул кѳйгѳйдү азайтуу үчүн «Зордук-зомбулукту жоюуга эркектер кандай салым кошо ала тургандыгы жѳнүндѳ Барскоон айылынын жергиликтүү  кеӊешинин депутаты Элчибек Шерманбетов менен маек курдук.

«Коомчулукка, чѳйрѳгѳ туура маалымат берүү деп ойлойм түз жолго үндѳѳ ошондо жоюулат болуш керек. А негизи буга дагы мамлекет тарабынан жумушсуздукту жоюуу, ѳнүгүү процеске кетсе кѳп нерсе токтойт беле дейм да».

Ѳлкѳдѳ үй-бүлѳдѳгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук кѳрсѳткѳн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек экенин байкоочулар кулак кагыш кылууда. Мунун эӊ биринчи себеби, аялдар ачуусу келген учурда арыз менен кайрылышат да, эки-үч күн ѳткѳн соӊ кайра арызын алып коюушуда. Экинчиден, аялдар арыз менен кайрылган учурда укук коргоо органдары тарабынан бул кѳйгѳй аягына чейин толук чечилбей калган учурлар да жок эмес. Бул кѳйгѳйдү азайтуу үчүн жалпы эл биргелешип иш алып баруусу зарылдыгын жана зордук-зомбулукка каршы иш чараларды элет жеринде кѳбѳйтүү керектигин «Эл Айкын» коомдук бирикмесинин директору Нуржамал Эралиева айта кетти.

«Мен ойлоп жатам аялдар комитеттери, улуу муундар, үлгүлүү үй-бүлѳлѳр ошолорду конкурс кылып, же болбосо бир жылдын ичинде бат-бар ар бир тема менен именно укугу, милдети боюнча сонун конкурстарды же болбосо иш чараларды же тегерек столдорду ѳткѳрүп турсак, мен ойлойм жыйырма пайызга быйыл зордук-зомбулук азаят».

Бейиш эненин таманынын астында дегендей ар бирибиз аял затын сыйлоо менен мамиле кылсак, зордук-зомбулукту азайтууга чоӊ салым кошот элек демекчимин.

Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *