Барскоон. Компьютерге кызыкан кыздардын мүмкүнчүлүктѳрү

11-октябрь — Эл аралык кыздар күнү. Бул майрам 2012-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан негизделген. Мисал катары айта кетсек, кыздардын билим алуусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын жана башка маселелердин алдын алууга багытталат. Замандын талабына жараша азыркы жаштардын 90 пайызы телефон менен компьтерлерге кызыгып келишет.Эшманбет Кендирбаев орто мектебинин 9 «в» классынын окуучусу Айжаркын Нурдинбекова ѳзү жаш болсо дагы кыялында программист болууну эңсеп, билимин жогорулатып компьютерден ар кандай видеолорду жасоо менен алектенип келет. Ал кыялындагы максаттарын ишке ашыруу үчүн талыкпастан эмгектениш керек экендигин тѳмѳндѳгүдѳй билдирип ѳттү:

«Келечектеги менин ой кыялым бул программист болуу жана алар менен толук иштетүү. Бул максатымды ишке ашыруу үчүн талыкпай эмгектенип, компьютердеги болгон тилдерди, поскайтелин ѳздѳштүрүп келе жатам. Келечекте программист болсом үй шартында оокат жасаган роботторду ойлоп таап, ар кандай техникаларды ѳздѳштүрүү деген кыялым бар».

Негизинен сүйгөн кесипке жетүү үчүн материалдык шарттар анчалык деле маанилүү эмес. Болгону багытты туура коё билсең, ал кесипке жан дилиң менен умтулсаң, ар кандай тоскоолдуктарга карабай жете аласың. Эксперттердин айтымында дүйнѳ жүзүндѳ бул технология менен эркектер гана иштейт деген салттуу түшүнүк кабыл алынып калган. Бирок ушул стереотипке карабастан IT тармагында эмгектенген кыздар кѳп. Мындан тышкары программистердин ойлоп табууларынын негизинде, дүйнѳ жүзү боюнча 30 пайыз жумушчу робот эмгектенүүдѳ деп билдирди Борбордук Азиа Америка университетинин журналистика факультетинин улук окутуучусу Элира Турдубаева:

«Балдар кесип тандаганда робот жасай албай турган нерсени үйрѳтүш керек. Азыр биздин кыргыз кыз Германияга барып магистратура кылып компьютерный инжинериядан чоң робот жасаган компанияда иштеп, тамак жасоочу роботту ойлоп тапты».

Ар бир кыз бала өзүнүн шыгына жараша кесип тандаса, ага ата-эне, бир туугандары көмөктөшсѳ, анда ким болбосун кыялындагы тилек-максатына жете алат. Анан да кээ бир ата-энелер «кызым менин жолумду жолдойт» деп кызынын оюна койбой, өздөрү тандаган кесипке, окуу жайга тапшыртып коёт. Бирок аргасыз тандап алган кесиптери менен кийин иштеп кете албай кыйналгандар арбын. Ал эми кээ бир ата-эне кыздары тандаган кесиптерин колдоо менен кабыл алышат. Кызынын келечекте программист болуп, Кыргызстанга кереги тийип чоң программаларды ойлоп табуусуна кѳмѳк кѳрсѳтѳ турган эне Вера Ѳмүралиева буларга токтоло кетти:

«Мисалы мен ѳз кызымдын кесип тандоосуна эч жолтоо болбойм. Себеби кызым жакшы окуйт. Кызымдын күндѳн-күнгѳ компьютерге кызыгуусу арбып барууда. Келечекте программист болуп робот жасайм деген тилеги бар. Кызымдын тилегин ишке ашыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз деп мен ойлойм».

Ошол эле учурда атына кызыгып же жакшы акча табууну эңсеп, жөндөмүнө туура келбеген кесипти тандап алгандар да бар. Азыркы күндѳ компьтерге кызыкан кыздардын саны да арбып барат. Ошол эле учурда бул багытта кыздар үчүн чектѳѳлѳр да жок эмес. Кээ бир ата-эненин кызын ѳзү тандагын кесибин окутуу үчүн каражаты жетишпейт, ал эми кээ бирлери бул эркек баланын жумушу деген кѳз караштар бар.   Бул боюнча Эшманбет Кендирбаев орто мектебинин Информатика сабагынан берген мугалими Асел Амановага «Программист кыздардын келечеги кандай болот»- деген суроо менен кайрылып кѳрдүк.

«Инновациялык технологиялар ѳнүгүп жатканда программист, айтишник кесиптер эң чоң оорунду алып жатат. Негизи компьтер программист деген телефондон башталат. Анткени бул кошумча жумуш деп карасак да болот да. Хакерский программа, антивирустар, рекламаларды түзсүн, ошолордун баарын через интернет сатып ѳзүнѳ кошумча киреше таап алып үй-бүлѳсүн бакса болот».

Андыктан кыздарыбыздын келечегине бут тосконду токтотуп колдоо кѳрсѳтсѳк демекчимин. IT тармагында кыздарыбыз кѳп эмгектенип, Кыргызстандын ѳсүп ѳңүгүүсүнѳ чоң салымын кошушат деп терең  ишенемин.

Даярдаган:Гүлкайыр Осмоналиева

      Барскоон. Кыздар күнү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *