Барскоон. Аталардын ден-соолугу кѳйгѳйлүү маселеби

Былтыркы жылы бир апта Кыргызстанда эркектердин ден соолугун сактоого арналган. Иш-чаранын алкагында баардык ооруканаларга кайрылган мырзалар акысыз текшерүүдөн өтүшкѳн. Интернеттеги маалыматтарга таянсак Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев эркектердин ден соолугуна көңүл бурууга чакырды. Азыркы күндѳ мырзалар арасында 60-70 пайыз «эркек безинин шишиги» менен жабыр тартып келүүдѳ. Бирок ар бир мырза ооруган учурда дарыгерлерге кайрылуудан уялышат- деп билдирди үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Жеңишбек Акматов.

(Жеңишбек Акматов)

«Ѳз калыбына келтириш үчүн атайын урологиялык центр дагы ачылган. Ѳз убагында кайрылып калса ошол жака консультацияга же болбосо медициналык кѳзѳмѳл кылуу үчүн направленияны бере алабыз. Бирок ошондой учурда дагы ѳз убагында кайрыла калыш дагы эле проблема эркек үчүн».

Эркектердин ден соолугу учурда өтө эле көйгөйлүү маселе болууда. Бирок эркектердин ден соолугу тууралуу бир дагы жерде айтылбайт. Эркектер коомубузда кездешүүчү ар кыл ооруларды бат кабыл алышат. Үй-бүлөлүк толук бакытка ээ болуу үчүн эркек ар качан ток, ден соолугу чың болууга тийиш. Айыл жеринде жашоо шартка байланыштуу витаминдүү тамак -аштар аз колдонулат. Бул турасында Барскоон айылынын тургуну Турдубек Кошалиевтен ѳзүнүн ден –соолугу үчүн күнүнѳ канча витаминдүү тамак-аш жей тургандыгын жѳнүндѳ сурап ѳттүк.

(Турдубек Кошалиев)

«Мен 2014 жылдан бери жүрѳк илдетине чалдыккам. Жылына эки сапар врачтарга кайрылам, врачтар жазып берген дарыларды ичип турам. Витаминдүү тамактарды жейбиз помидор, жумуртка,эт деген ѳзүбүздѳ бар да. Банан, курма базарга барганда жолдошум алып келет же ѳзүм барганда алып келем жеп турабыз андан деле».

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө эркектердин жашоо узактыгы аялдардыкына салыштырмалуу 7 жылдан 10 жылга чейин аз деп маалымдоодо. демографиялык маалыматтар улуттун ѳзгѳчѳ эркектердин саламаттыгыгынын начардыгынан кабар берет. Учурда импотенция, тукумсуздук 6 пайыздан 10 пайызга чейин кездешүүдѳ. Бүгүнкү күндѳ эркектердин ден-соолугуна кам кѳрүү боюнча мамлекеттик программалар жана эч кандай долбоорлор да жок экендиги туралуу «Эркектерди коргоо» борборунун директору Марат Алиаскаров билдирди. Анын айтымында ар бир мырза ден-соолугуна кам кѳрүү үчүн жаштайынан баштап жол түзүү керектигин баса белгилеп кетти:

(Марат Алиаскаров)

«Простота жагынан кѳп оорулар кездешип жатат. Анткени муздагына карабай аба ырайынын эркектер деле айымдар деле базарда кѳп отурушат. Бутунан ѳткѳн сыз кѳп жерде тукум улантууга таасирин тийгизип жатат, бѳгѳт коюуп жатат. Мамлекеттик уюумдар, коомдук уюумдар ушуга кѳңүл буруп изилдѳѳ жүргүзсѳ жакшы болмок».

Ар бир адам ѳз ден соолугун жоопкерчилик менен караш керек. Эркектердин оор жумуштарда иштѳѳсү алардын ден-соолуктарына бир топ тоскоолдук жаратууда. Азыркы күндѳ эркектердин ден-соолуктарын чыңдоо үчүн Кыргызстанда урологиялык борборбор да ачылган. Бирок, шартка байланыштуу ал борборго кайрылган мырзалар аз санда болууда. Айыл жеринде каражат маселеси чоң кѳйгѳй болгондуктан кайрылууга мүмкүнгчүлүк аз. Ушул себептерге байланыштуу ден-соолугу начар болсо дагы тобокелге салып, кара жумушта күн кечирип келген айыл тургуну Токтобек Элебесов тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти.

( Токтобек Элебесов)

«Отуз жылдан бери сугатчылык жумушта иштегем. Азыр деле ошондой кээде -кээде иштеп калабыз. Кыргызстанда жумуш жок болгондон кийин иштѳѳгѳ туура келет экен. Эми сууда иштегендиктен жумушубуз негизинен оор. Иштеп тапкан акчабызды балдарды багууга, тамак аш күнүмдүк жашоого жумшайбыз. Ооруп калсак врачтарга барганга деле шартыбыз жок».

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстандагы мырзалардын ден-соолуктарынын начар болуусу улуттун генефонду жана аны менен катар эле мамлекеттин келечеги коркунучта тургандыгын жана аны сактообуз керектигин белгилей кетсек.

Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева

      Барскоон. Аталадын ден соолугу

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *