Келин менен кайнененин мамилеси кандай болуусу керек

(сүрѳт интернеттен алынды)

Илгертен кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ. Алардын ар бир жасаган кыймылы көз жаздымда калбай, ага коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Келин жакпай калса ата-энесине катуу сөз тийген.Келинге болгон мамиле, жазылбаган мыйзам ар бир аймакта ар башка. Эзелтеден келаткан мындай эреже келиндердин айрымдарына сый-урмат алып келсе, кээ бирлеринин үй-бүлөсүнүн бузулушуна себеп болууда.Айрым учурда келиндер бир үй-бүлөнүн эмес, бүтүндөй айылдын сынынан өтүп, “жеңип” чыгышы керектигин айрым келиндер тамаша-чыны аралаш айтып калышат. Бирок ошол марага ким, кантип жетет? Бул боюнча Барскоон айыл тургуну Тахмина Алымкулованын оюун угуп кѳрдүк:

(Тахмина Алымкулова)

«Азыр ар кандай кырдаалдар болот келин менен кайнене ортосунда. Бирок кайненем экѳѳбүздүн ортобузда эч кандай жаман нерсе болгон жок. Апам да ѳзүмдүн жакын адамымдай болуп калды. Экѳѳбүз сырдашпыз бирибизге болгон сырыбызды, оюубузду бѳлүшүп айтып пландап иш аракет жасайбыз. Келечекте мен дагы ѳзүмдүн апамдай кайнене болгум келет».

Келин – келген жердин тукумун улоочу. Ага биринчи кезекте болочок эне катары караш керек. Келинди убактылуу күч катары кароо – бул, тайкы көз караш.Келин-кайнене, келиндин кызмат кылуу түшүнүгү эми жөн эле жашоодон келип чыккан. Айыл жергесинде калыптанып калган салт-санаа менен жашагандар басымдуулук кылат. Ошол салт- санаанын мүнѳзү менен келинди катуу кармоо деген түшүнүк бар.  Бирок бул келинге кордук көрсөтүү эмес. Эгерде келиндин барган жери түшүксүз болсо анда анын аркасы зомбулукка алып келет. Кыргызстанда Бириккек Улуттар уюумунун аялдар агенттиги тарабынан уюуштурулуп жаткан ГАЛС методикасын жайылтылып жаткандыгын «Аялдарды колдоо борборунун жетекчиси Бакен Досалиева айта кетти. Ал методика кайнене менен келин, үй-бүлѳдѳгү күйѳѳ менен келиндин мамилелерин оңдого багытталган.

(Бакен Досалиева)

«Гендердик сезимтал иш аракеттердин анализи деп аталат. Ошол Кыргызстандагы кайнене келин ортосундагы мамилесин оңдоого, үй-бүлѳдѳгү күйѳѳсү менен келиндин мамилесин оңдоого багытталган. Ошону колдонуш керек да, анткени ар би радам ѳздѳрүнүн кылып жаткан мамилесин анализдей бербейт».

Кечээки ойноп жүргөн кыз баланын бир күндө келин аталып бѳтѳн журтка көнүп кетүүсү өтө кыйын. Мына ошол кезде жаш келин тарапка көз да көп, айтылуучу сын сөз да көп болот эмеспи. Жаш келиндин кийген кийими менен жүрүм-турумуна чейин сөз кылып, жасаганын жактырбай кагып-силкип турган учурлар да жок эмес. Биздин эң чоң катачылыгыбыз – ушул. Келиндин жолун оорлоштурган да өзүбүз. Келинге кайнененин колдоосу абдан кажет. Жолдошу жумуштан чарчап келип, жарына көңүл бурбай да коюшу мүмкүн. Ушундай учурда, апасы келинди колдоп туруусу да шарт. Кайнене болуу ар бир аялдын колунан келет. Ал эми, келинге апа боло билүү ар кимдин колунан келе бербейт. «Келин деле бир үйдүн ардактап баккан кызы да»- деген оюун айыл тургуну, кайнене Арсар Бектурова тѳмѳндѳгүдѳй билдирди:

(Арсар Бектурова)

«Мисалы үчүн менин кызым деле бир жерде келин. Анан келген келин деле бир жердин ардактап баккан кызы. Ошону үчүн кайнене келинге түшүнүп жакшы мамиле кылса жаман келин чыкпайт эч убакта. Анын баары ѳзүбүздѳн тарбиялап алыш. Сен жакшы мамиле жасап, келиним жакшы дей берсең жакшы болбогондо кайда барат».

Байыртадан эле кыргыздын салтында колдонуп келе жаткандай кайын журтуна, ата-энеге  ар дайым сый урмат кѳрсѳтүү келиндин менен баланын милдети болуп келген. Эгерде бүгүн сиз кызмат кыла турган болсоңуз анда эртең деле ѳзүңүзгѳ келген келинден ошондой сый урмат кѳрѳсүз деген ойдобуз.

Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева

      Келин менен кайнене.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *