Бакчы кыздардын тагдырын ким ойлойт

Акыркы убакта ата-энесин багуу үчүн жаш ѳспүрүм кыздар чет ѳлкѳгѳ иштегени кетип жаткан учурлар кѳбѳйдү. Мектеп курагындагы 12жаштан 16 жашка чейинки кыздар кѳбүнчѳ бала багуу үчүн кетип жатышат. Укук коргоочулардын айтымында, ѳзү бала болуп туруп бала багып иштѳѳ кыздардын ден-соолугуна жана психикасына терс таасиринин тийгизет. Бул балдардын кайсыл ѳлкѳдѳ эмне менен алектенип жүргѳнүн эч бир орган изилдебейт. Тилекке каршы бул түйшүгү  жана жоопкерчилиги кѳп жумушта алар зордук зомбулуктун ар кайсыл түрүнѳ кабылышат. Бул турасында гендердик эксперттик Римма Султанова ѳз оюун тѳмѳнкүдѳй билдирди:

«Кыздар болсо чет мамлекетке барып, мисалы Россиядан үйдүн оокатын жасап атайын балдарды карашат. Ошол бакчы кыздарды иштетип бирок алар тыйын алышпайт экен. Ошол акчаларын ата-энелерине жѳнѳтүшѳт экен. Кыздарды кийинтип кийим алып берип эле, тамак берип эле сыртын кѳрсѳтүп эле ошо менен кутулушат экен».

Жашы жете элек ѳспүрүм кыздар ѳздѳрүнүн укуктарын билишпейт, андыктан аларды ар кайсыл жумушту берип иштетүү оңой, ѳзүнүн жумуш берүүчүсүнѳ эч нерсе деп айта алышпайт. Башкача айтканда алар бала багуу үчүн барышат да андан тышкары үй жыйнап, тамак жасап, кир жууп да иштешет. Бул жумуш берүүчүгѳ арзанга турат. Ата-энелер кыздарынын тапкан бир аз акчасына кызыгып, алардын тагдырына балта чаап жатышат. Бул аларды ар кандай зордук-зомбулука кабылуусуна эшик ачат. Анын жыйынтыгы эмне менен аяктайт, ата-энени ойлондурбайт.  Эмнеге жашы жете элек мектеп курагындагы кыздарды ишке тартуу оңой?-деген суроого Барскоон айылынын тургуну Элчибек Шерманбетов мындайча жооп берди.

(Элчибек Шерманбетов)

«Чет ѳлкѳгѳ чыккан секелек кыздарыбыз алибетте тымызын түрдѳ чыгып кетип жатышат. Офисалдуу эмес түрдѳ иштеп жатышат. Ошонун баарына биздин ѳзүбүздүн түшүнбѳстүгүбүз күнѳѳлү да. Мамлекеттин кайдыгерлиги, Кыргызстандын жаштарына, келечек муундардын келечегине кайдыгер карагандыгы болуп эсептелет».

Миграциялык процесстерди изилдеген уюмдар Кыргызстандан чыккан эмгек мигранттарынын арасында кыз-келиндер басымдуу болуп жатканын белгилешүүдө. Айрыкча мектепти бүтүп-бүтпөй эле Россияга кетип жаткан жаш кыздардын зордук- зомбулука кабылуусу күндѳн-күнгѳ ѳсүүдѳ. Мындан тышкары жашы жете элек мигрант кыздардын тагдырларын ата-энелери эле чектеп коюуда деген оюун, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлигинин Үй-бүлѳдѳгү жана балдарга соцталдык кызматтарды ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы Назгүл Чолумова буларга токтоло кетти:

(Назгул Чолумова)

« Ѳспүрүм балдар Республикадан тышкары бул ата-энесинин макулдугу менен эле чыга алат. Бирок, ата-энеси ѳздѳрү Кыргызстанда калып эле кыздарын кѳбүнчѳ, Россияда иштеп жаткан туугандарынын балдарын багып берсин деп кѳп учурда макулдугун берип чет жактарга ыгарып жаткан учурлар да аз эмес».

Кыз-келиндердин кѳйгѳйүн изилдеген бейѳкмѳт уюумдарынын анализине ылайык чет ѳлкѳгѳ бакчы кыз болуп иштегени кѳбүнчѳ кѳп балалуу, социалдык абалы оор жана аз камсыз болгон үй-бүлѳнүн кыздары барышат. Мигрант ѳспүрүмдѳр Турция, Россия менен коңшу Казахстан мамлекетине кѳп кетишет. Ѳспүрүм жаш кыздар эмне себептен чет жактарга иштегени кетип жатышат?- деген суроо менен Эшманбет Кендирбаев орто мектебинин мугалими Кылычбек Бектуровко кайрылып кѳрдүк.

«Мен мугалимин ошол балдарды тарбиялоого кѳбүрѳѳк маани берем. Биздин Кыргызстанда тышкы миграцияга кетип жатышы жакыр үй-бүлѳнүн жана жетишпеген үй-бүлѳлѳрдѳн болуп атат окшойт. Мигрант болуп кетип жаткан балдардын ата-энелер жоопкерчилигин алыш керек. Жаш кыздарды тышка чыгарууга каршымын жана ушул боюнча закон чыкса жакшы болот эле деп ойлоймун».

Мыйзамга ылайык, ар бир бала үй-бүлѳдѳ жашоого, ата-энесинин камкордугунда жана билим алууга укугу бар. Жаш кезинен зордук-зомбулукка кабылган ѳспүрүмдүн кийинки тагдыры кандай болот?  Андыктан ар бир ата-эне балдарынын кийинки тагдырын ойлонушса демекчимин.

Даярдаган:Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиев

      Барскоон. Ѳспүрүм мигрант кыздар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *