Жер үлүштѳрүн пайдалана албаган кыздар

1994-жылы жаӊы реформа башталып баардык аймактарда жергиликтүү  тургундарга, айылдык комитеттердин чечиминин негизинде жерди пайдалануу  үчүн бѳлүнүп берилген. Ушул эле жылы алгач  жаӊы реформа башталганда Барскоон тажрыйба катары жерлерди дыйкан чарба кылып таратышкан. Барскоон айыл ѳкмѳтү тарабынан 1994 жана 1996-жылдарыбаардыгы биригип 1631 гиктар жер аянтын бѳлүнүп берилген. Азыркы күндѳ кийинки муундарга жер үлүшүн берүүгѳ  жер тилкеси жок экендиги туралуу Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн жер боюнча адиси Илимзат Айманбаев тѳмѳнкүлѳрдү айтып ѳттү:

« Жер реформасы болгондо 1994-жылы Барскоон айылында 1631 гиктар жер аянты жалпысынан үлүшкѳ бѳлүнүп 6985 адамга 0,21 сотыхтан берилген. Андан кийин эле 1996-жылы шаардан келген тургундарга жана ошол учуръда таратканда жетпей калган тургундарга 777 адамга 164,6 гиктар жер аянты бѳлүнүп берилген. Барскоон боюнча 7762 адамга 0,21 сотыйдай жалпысы 1631 гиктар жер аянты бѳлүнүп берилген. ИПСтин жеринде болгону 58 гиктар жер аянты калтырылган. Ошол себептерден айылдын кийинки муундарына бѳлүп берүүгѳ үлүш жерлер жок».

Баардык эле тургундарга тиешелүү болгондой үлүш жер тилкелери айылдын кыздарына да тиешелүү болгон. Бирок ушул күнгѳ чейин кыздардын 90 пайызы жер үлүштѳрүнѳ ээлик кыла алышпайт. Кээ бир кыз- келиндер жашоо турмуш шартына байланыштуу үлүш жер тилкелерин ѳздѳрү иштетип келет. Бул турасында айыл тургуну, жалгыз бой эне Гүлмира Асаналиева ѳз оюу менен мындайча бѳлүшѳ кетти:

« Менин деле баардык элдердикиндей ѳзүмѳ тиешелүү 0,21 сотых үлүш жерим бар. Ал жерди мен 5 жылдан бери колдонуп келе жатам.Жер үлүшүмдү ѳзүм иштетүүгѳ ата-энем, бир туугандарым каршы болгон жок. Мен ал жерди сатып жиберсем деле болмок, бирок кийинки балдарымдын келечегин ойлоп үлүш жериме алма бак, картошка отургузганбыз.Буюрса быйыл түшүмүн алам деп турам.Ал жерден түшкѳн кирешемди балдарыма керектейм,эки баламды чоңойтууга жардам берет. Эмне дейм башка кыздар дагы үлүш жерлерин ѳздѳрү иштетүүсүнѳ, киреше табуусуна мен тилектешмин».

Барскоон айыл ѳкмѳтү боюнча 1994-жылы ар бир жаранга 0,21 сотыхтан үлүш жер тилкеси берилген. Ошондо үй-бүлѳ мүчѳсү болгон кыздар да жер тилкелерине ээлик болушкан. Кыз бала чоӊойуп турмушка чыгып кеткен соӊ, ал үлүш жер тилкесине ээлик боло албаган учурлар кѳп кездешет. Кыздар турмуш куруп кеткен соӊ күйѳсүнүн үлүш жерин пайдаланышы керек деген оюн Барскоон айылынын тургуну Бакыт Жолалиев айта кетти:

«Кыз деген ѳзүнүн тѳркүнүндѳ жүргѳндѳ ата-энесинин багуусугнда жүрдү, канчалаган мээримине бѳлѳнүп. Ошол үйдѳ чоңойгон инилерине, ата-энесине калтырып кеткени эле оң болот го деп ойлойм. Кыз кишини турмушка чыкан кыз чийден тышкары деп айтылат. Аны күйѳсү багып, ошол күйѳсүнүн жер үлүшү менен окат кылганга макул болот го деп ойлойм».

Кыздар турмуш кургандан кийин ата-энелери салтка таянып үлүш жерлерин алып калышат. Бирок ата-эне кыз балдардын жашоосуна карабастан үлүш жерлерин ѳздѳрүнѳ берүүсү керек. Үлүш жерлерин ар бир кыз бала ѳздѳрү пайдаланышы керек экендиги туралуу мыйзам бар экендигин да билишпейт. Бул турасында «Аялдарды коргоо» борборунун аткаруучу директору Бакен Досалиева буларга токтоло кетти:

«Бул болсо биринчиден биздин салтка, менталитетке такап ата-энелер болсо биз сага сеп берип жатабыз деп коюушат. Ошол үлүш жерлерин беришпейт, мыйзам боюнча бериши керек. Ошол үлүш жерин алам десе, материалдык жактан кыйналып жатса ал дагы ѳзүнүн балдарын багыш керек да. Ошол жерди алмашып кетсе болот же болбосо сатып барган жеринен башка жер алса болот. Бир чети мыйзам бар экенин да билишпейт кѳпчүлүгү».

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ар бир жаран үлүш жерин кандай пайдаланса ѳз эрки. Кыздар мыйзамга ылайык үлүш жер тилкелерин ата-энесине тартуулабастан ѳздѳрү колдонууга укуктуу.

Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева

      Эркектер менен аялдардын жер улушуно болгон бирдей мумкунчулугу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *