Барскоон: Айыл ѳкмѳт башчылыгынын шайлоосу ѳткѳрүлдү.

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында айыл ѳкмѳтү кайра шайланды. Бул күнгѳ чейин Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп Руслан Эшманбетов дайындалган. Ал 9 жылдан бери айыл ѳкмѳт башчысы болуп эмгектенип келди. Бул убакыттын ичинде Руслан Эшманбетов айылдын ѳнүгүп ѳсүүсүнѳ чоӊ салым кошту. Тактап айта кетсек Барскоон айылында ички жолдор оӊдѳлүп, бир канча муниципалдык ишканалар ачылды. Бала бакчалар оӊдолуп, кѳптѳгѳн инвесторлор тартылып алардын аркасы менен мечит да салдырганга жетишти. Айылдын таза суу кѳйгѳйүн да чечүүгѳ жетишти. Эӊ негизгиси 2017-жылы «Мыкты айыл ѳкмѳт» аталып бир миллион сом утуп алганга да жетишти. Руслан аванын айыл үчүн алгылыктуу иштерди жасаганы баарына белгилүү. 2019-жылдын май айында Руслан Эшманбетов ден соолугуна байланыштуу ѳз каалосу менен айыл ѳкмѳт башчылыгын ѳткѳрүп берди. Мындан тышкары алдыга койгон кѳп пландарын ишке ашырууга убактысы жетпей калгандыгы жана ал пландарын жаӊы шайланган айыл ѳкмот башчысы улантып кетет деген ойдо экендиги туралуу Руслан Эшманбетов буларды айтып ѳттү:

« Менин бул жумушту таштоо себебим, эӊ биринчиден ден-соолугума байланыштуу болду. Мен январь айында спец больницага жатып, ошол жактан мага кѳрсѳтмѳ беришип натыйжада операцияга деген кѳрсѳтмѳ беришти. Ушул жумушту дагы эле аркалайын дедим эле, бирок ден-соолугум ушул натыйжага алып барды. Акырында  жумуш же ден-соолук деген эки тандоо болуп калды. Ошол себептерге байланыштуу ѳз каалом менен жумушту ѳткѳрүп бердим. Кудайым буюрса менин да ѳз максаттарым бар эле айыл үчүн, айылдын жараны катары кийинки пландарым аман эсен дарыланып алсам анан белгилүү болот. Менин ордума келген жаӊы айыл ѳкмѳт башчысы менин жумуштарымды ийгиликтүү алып кетет деген ойдомун. Ал дагы мурда айыл ѳкмѳттѳ иштеген, ушул күнгѳ чейин деле бир мекемени жетектеп келген жигиттердин бири. Кудайым буюрса ага дагы колумдан келишинче жардам берем».

Айыл ѳкмѳт башчылыгына талапкерликтерин койгон жигиттердин да айылдын ѳнүгүп кетүусү үчүн алдыга койгон пландары чоӊ. Бүгүнкү шайлоо ачык айкындуу, таза ѳткѳн шайлоо болду. Бул шайлоого айыл тургундарынан тѳрт талапкер ат салышты. Айыл кеӊеш депутатары үчүн  талапкерлерди шайлоо бир кыйла кыйыныраак болду. Айыл ѳкмѳт башчылыгына талапкерлигин койгон мырзалардын, айылды кѳтѳрүп ѳркүндѳтү үчүн алдыга койгон пландарынын кайсынысын жактыргандыгы туралуу Барскоон айыл кеӊешинин депутаты Карачач Жанболотова тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти:

«Бүгүн айылдык кеӊештин депутаттары менен биргеликте айыл башчылыгына талапкерлердин шайлоо күнү болду. Мына ушул жерде тѳрт талапкер аттанып, тѳрт талапкердин ичинде биздин талапкерлер бирдиктүү, бир максат менен бир талапкерди алдыга алып чыгышты. Биздин талапкердин ѳзүнүн коюулган платформасында, алдына койгон максаттарында ѳзгѳчѳ айыл ичинде ѳзгѳчѳ таза суу жана сугат суусун жакшыртуу жагы жакты. Ошону менен бирге мектепке чейинки билим берүү балдар бакчасын кѳбѳйтүү маселелери абдан жакты. Биз айыл кеӊеш депутаттары биригип айыл башчыга жардамдашып бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып ынтымак менен элибиздин, айылыбыздын ѳсүп-ѳнүүсүнѳ жардам беребиз. Мурунку айыл башчыбыздын жакшы жасап кеткен саамалыктарынын баарын азыркы айыл башчыга милдеттендирип андан дагы да жакшы ийгиликтерге жетүүгѳ биз депутаттар да жана азыркы айыл башчы да даяр болушубуз керкек».

Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын бош орунуна талапкер Жаныбек Үсѳнбеков алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу максатын алдыга койгон инсандардын бири. Ал бул орунга буга чейинки иштелип келе жаткан иштерди алдыга жүргүзүү,  айылдагы кѳйгѳйлордү чечүү, элдин мүдѳсүн угуу менен катар аларды толугу менен чечүү максатында бара жаткандыгын айтып ѳттү. Мындан тышкары ѳзүнѳн башка үч талапкер дагы билимдүү, иш тажрыйбасы кенен, элдин камын аткара биле турган жигиттер экендиги жѳнүндѳ билдирди:

«Менин айыл ѳкмѳт башчылыгына коюу максатым буга чейинки иштелип келе жаткан ишти алдыга жылдырып, ѳзүмдүн программамдагы маселелерди толук аягына чейин чыгаруу жана элдин мүдѳсүн кѳтѳрүп жакшы иш  кылуу. Менден тышкаркы үч талапкерлер да татыктуу болчу жана баардыгы билимдүү, илимдүү, баардыгы иштеп кѳзү жеткен элдин камын кѳтѳрѳ алабыз деген деген талапкерлер болчу. Бирок орун бирѳѳ болгондуктан депутаттар ынтымакта бирѳѳсүн тандап шайлап алышты. Менин алдыга койгон пландарымдын эӊ негизгиси бекилип калган бюджеттин так аткарылышын кѳзѳмѳл кылып, бюджеттин аткарылышын ачык айкындуу кылуу».

Бүгүн Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында Барскоон айыл ѳкмѳт башчылыгына талапкерлердин шайлоосу болуп ѳттү. Айыл ѳкмѳт башчылыгынын шайлоосу эӊ жогорку деӊгээлде ѳткѳндүгүн Жети-Өгүз районуна караштуу аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Шабыркүл Малгараева билдирди. Ал айыл кеӊеш депутаттарынын биримдүүлүгүнүн негизинде шайлоо бир тур менен ѳткѳндүгүн белгиледи. Шайлоодо тѳрт талапкердин бири Жаныбек Үсѳнбаев жалпысынан 14 добуш менен жеӊип чыкандыгын айтып ѳттү. Мындан тышкары айыл ѳкмѳт башчысы жергиликтүү тургундар менен тыкыс байланышта болуусу зарыл экендигин жана  депутаттар менен тыкыс байланышта болуп каржы маселесин чече билүүсү зарыл экендигин билдирди.

«Бүгүнкү Барскоон айылындагы шайлоо жакшы ѳттү деп эсептейм. Шайлоого тѳрт талапкер аттанышты эле айыл ѳкмѳтүнүн башчылыгына. Тѳрт талапкердин бирѳѳ Жаныбек Үсѳнбеков депутаттардын бирдиктүү шайлоосунун негизинде 14 добуш менен жеӊип чыкты. Айыл ѳкмѳт башчылыгынын негизги милдети эӊ биринчи эл менен тыгыз байланышта болуусу зарыл. Элдин кѳйгѳйүн чече билиш керек, депутаттар менен бирдикте иш алып барыш керек. Негизинен эмне демекчибиз Жаныбек акылбековичке кызмат орду кут болсун демекчибиз жана ишине ийгиликтерди кааламакчымын».

Руслан Эшманбетовтун айтуусунда Барскоон айылы шаар болот деген максаты бар эле. Ал максатын азыркы айыл ѳкмѳт башчысы ишке ашырат деген чоӊ үмүт менен ишине ийгилик каалайбыз.

Даярдаган: Эрлан Абласов

Сынак үчүн

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *