Барскоон: Жыл мугалими 2019 сынагы болуп ѳттү

Мектеп жашындагы окуучуларга мугалим деген сѳз абдан жагымдуу угулат эмеспи. Эӊ алгачкы мектеп босогосун аттаганда «А» деген тамганы үйрѳткѳн да мугалим. Чоӊойгондо турмуш жолуна кадам таштоого мугалим эӊ биринчи себепкер болоору баарыбызга белгилүү. Азыркы күндүн эӊ түйшүктүү кесип ээлеринин бири да мугалим. Ушул күнгѳ чейин мугалимдерге ѳкмѳт жактан да тиешелүү кѳӊүл бурулбай келет. Ушул жагдайларга карабай мугалимдер ѳз кесиптерин ардактап, урматтап келишет. Жыл сайын район, облустарда жыл мугалимисынагы ѳткѳрүлүп келет. Быйыл да биздин райондо «2019-ж жыл мугалими» сынагы ѳткѳрүлдү. Жылдагыга караганда быйыл ѳзгѳчѳрѳк ѳткѳрүлдү. Тактап айтсак бул сынакка быйыл чоӊ сыйлыктар тапшырылды. Сынака катышкан мугалимдердин 3 жылдан кем эмес эмгек стажылары болуусу зарыл экендигин жана ар кайсы мектептерден жалпысынан 26 мугалим катышып ѳз кесипкѳйлүүлүктѳрүн кѳрсѳтүшкѳндүгү туралуу Жети-Өгүз районунун Билдим берүү бѳлүмүнүн башкы адиси Гүлсат Абдыкадырова буларды айтып ѳттү:

« Быйылкы окуу жылында баардыгы 26 мектептеп жыйырма алты катышуучу болду. Биринчи бул мугалимдердин документациялары текшерилди, андан кийин кѳргѳзмѳ куралдарынын кѳргѳзмѳсү болду анан 25 минута сабак ѳтүштү. Мына ушунун жыйынтыгы менен 26 мугалимдин ичинен он үч мугалим бүгүнкү финалдык турга катышып жатышат. Буга каалаган эле мугалимдер катышат, бирок эмгек стажысы үч жылдан ѳйдѳ болуш керек. Мына ушул эмгек стажысын дагы карайбыз. Бул сынактын эӊ негизги максаты ушул райондогу чыгармачыл мугалимдерге колдоо кѳрсѳтү, чыгармачыл мугалимдердин алдынкы иш тажрыйбаларын районго жайылтуу максатында ѳткѳрүлүп жаткан кароо сынак болуп эсептелет».

Мектептеги окуучулардын да ѳздѳрүнүн кѳӊүлүнѳ толуп сүйүп ардактаган мугалими болот эмеспи. Азыркы заманда баардык эле мугалимдер окуучулардын купулуна толо бербейт. Ѳз эжейинин сабактагы кесипкѳйлүлүлүгү жогору экендигин жана сабак берүүдѳ мыкты мугалим экендиги туралуу Эшманбет Кедирбаев жалпы орто билим берүү мектебинин 9 «б»классынын окуучусу Элдияр Нурболот буларга токтоло кетти:

« Райондук олимпиадага биз мыкты даярданганбыз. Биз районго барып ийгиликтерди жаратып келдик Мая эжейдин жардамы менен. Мая эжей менен тынымсыз күндѳ даярданганбыз, сабактардан кийин дагы калып даярданып жаттык. Ошого байланыштуу биз райондон оорун алып келдик. Биринчи барганда зонадан экинчи оорунду алып келгенбиз, ал эми финалга барганда биринчи оорунду багындырып келдик».

Мугалим ар бир окуучусунун билимдүү, тартиптүү, мыкты болуусуна кѳп кѳӊүл буруп келет. Башкача айтканда Мындай ойдун ордосуна төп келген Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди жараткан мугалимдер да «2019 жылдын Жыл мугалими» сынагына катышып ийгилик артырып келишти. Сынактын катышуучусу Мая Жакшыбекова да конкурс тууралуу өзүнүн ойлору менен бөлүштү.

« Бул кароо сынака катышуу максатыбыз педагогикалык билгичтик жана ошондой эле сабак берүү чеберчилигибиз жана ѳзүбүздүн билимдүүлүгүбүздү жарыялоо. Буга чейин ѳзүбүздүн мектепте дагы «Жыл мугалими 2019» ѳткѳн. Анда дагы жакшы жыйынтыктарга жетишкем. Андан кийин райондук сынакта тѳрт этап менен ѳткѳрүлдү. Биринчи этап педагогикалык жана предмет боюнча тестер, экинчи этап болсо иш документация кагаздарын текшерүү, үчүнчү этап болсо кѳргѳзмѳ куралдарды жарыялоо жана эӊ акыркы тепкичибиз ѳзүбүздүн мугалимдик чыгармачылык боюнча жарыялоо. Калыстар тобунун чечимине абдар ыраазымын абдан реалдуу болду. Райондук сынакта баш байгеден кийинки биринчи оорунду ээледим жана ноутбук менен сыйландым».

Демек,чыгармачыл мугалим гана азыр­кы учурдун катаал талабына жооп берген, чыгарма­чылык менен ойлоп, башка­лар менен ийкемдүү мамиле түзүп жана мыкты иштей бил­ген инсанды окутуп-тарбиялай ала турган­дыгы анык.

Даярдаган: Акылбек Ислан уулу.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *