Эне болуу бактысына эгедер болгон ар бир аялзаты мактоого, даңктоого арзыйт. Анткени адамдан адам жаратып, өмүр улоо кудурети энеге гана берилген. Бир кездерде ондон ашык баланы төрөгөндөр бир айылда бир нече болсо, азыр ал сейректеп, уламышка айланып калды. Бул турасында айыл тургуну баатыр эне Сүйүмкан Асылбекова буларды токтоло кетти:
«Биздин убактарба чындыгында Баатыр энелер кѳп болчу.Жашоо-турмуш, ден-соолук дегендер ал убакта жакшы болчу, абаалар таза болчу,ичкен жегендерибиз таза болчу. Доктурду кѳп билген эмеспиз, доктурга деле жаткан жокмун балдар менен. Эки кызым эгиз, келин болуп келгенден баштап сыртта абышкам экѳѳбүз ѳмүр боюу мал менен эмгектендик.Тѳрѳп, ошол жактан балдарды чоңойтуп, тарбиялап, окутуп ушундай даражага жеттик. Союуз убагында Коммунисттик партиянын мүчѳсү болдум, алты жыл депутат болдум районго, айылга. Буюрса жакшы балдарымды ошентип чоңойттук. Жаш кезде берсин мээнетти, карганда берсин дѳѳлѳттү болсун болуп куураганыбыздын баары артта калды».
Эне-бул дүйнѳдѳгү эң кымбат, эң ыйык асыл зат. Ал-үй-бүлѳнүн куту, жашоонун башкы каарманы, тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдызы, айтоор, баардык жакшылыкты ѳзүнѳ камтып турган мээримдүү, боорукер, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан-дүйнѳсү назик жан. Бул турасында «Эркектер зомбулукка каршы» коомдук фондун директору Марат Алиаскаровго «Бүгүнкү күндѳ энелердин үй-бүлѳдѳгү жана коомдогу орду кандай»?-деген суроо менен кайрылдык:
«Мамлекеттик программадагы анан жеке жаран катары ѳзүмдүн оюумду айтат элем. Эне бул баа жеткис, эне сүтүн актай билгидей мамиле жасашыбыз керек.Болгон жардамыбызды кѳрсѳтүшүбүз керек, оюубузду ѳзгѳртүшүбүз керек. Эне гана эле эмес жубайларыбызга, карындаш, кыздарыбызга дагы болгон эже-сиңдилерибизге дагы болгон мамилебизди башкача кѳз карашта жүргүзүш керек. Алибетте ошонун негизинде энеге болгон бакытыбыз дагы мээримибиз дагы, таалайыбыз дагы ѳзгѳрѳт эле. Ысык нанын же болбосо ысык сүтүн ичейин деген мурункудай ойлор дагы аз болуп калды».
Бейиш энелердин таман алдында. Бул таамай айтылган сөз эне сүтүн актоо оңой эмес экенин көрсөтүп турат. Алыска кетсе санаасы санга бөлүнүп уул кызынын амандыгын тилеп, кирпик какпай таң атырган да эне.Бүгүнкү күндө энелерге ойдогудай камкордук көрүлүп жатабы? Алардын манайын кантип көтөрүү керек?- деген суроого Барскоон айылынын социалдык кызматкери Венера Ѳмүрбекевадан тѳмѳндѳгүдѳй жооп алдык:
«Бейиш энелердин таманынын астында, биз апаларды сыйлайбыз. Жыл сайын май айынын үчүнчү жумалыгында иш чара ѳткѳрүп турабыз.Баатыр эне жана Эне Даңкыларды чакырып, аларга белектерди беребиз. Биздин Барскоон айыл ѳкмѳтүндѳ 105 Баатыр эне бар азыркы учурда жана 40 Эне Данкы энелер бар. Жаш келиндер болсо жети баласы бар болсо Баатыр эне боло алышат, ал эми алты баласы барлар Эне Данкы боло алышат. Мисалы пенсия жашындагы апалар болсо аларга пенсиясына миң сомдон кошулат да, ал эми жаш келиндер пенсия убагына жетпегендигине байланыштуу миң сом албайт. Ал эми алардын ичинен аз камсыз болуп калса акыйкат айлыгында жардамдарды кѳрсѳтүп турабыз».
Эне деген көзүнөн нур таамп турган мээримдүү инсанга бар күчүбүздү жумшап, аларды ыраазы кылып, бизди бул жарыкка алып келгендигине өкүнбөгүдөй кылып, тескерисинче биз менен сыймыктангыдай абалга жеткире алсак, аны ар дайым урматтап, кадырлап, сыйлап, кызмат көрсөтүп, бактылуу кыла алсак энелерибиз бизди бейиш жолуна алып барат.Башкача айтканда, биз алардын ыраазычылыгы менен бейишке жолдомо алабыз. Барскоон айылынын тургун Илгиз Шаймергенов ѳз сѳзүндѳ энеси түн уйкусун бѳлүп, ушул даражага жеткиргендигине абдан ыраазы экендигин айтып ѳттү:
« Эне деген дүйнѳдѳгү эң ыйык адамдардын бири деп ойлойм. Бизди жаратып жарык дүйнѳгалып келген бул эне. Энени ар дайым сыйлаш керек, энени эч качан ыйлатпоого аракет кылыш керек.Эң биринчи эне туруш керек деп ойлойм. Энелерге, апаларга мен каалайт элем эч качан ыйлабасын, карыганда жалгыз калбасын деп. Балдарынын тѳрүндѳ отуруп бактылуу болушсун деп»№.
Апалар оорубасын, аман болсун! Кудайым энекелерибиздин ѳмүрүн берсин! Баардык апаларды «Апалар күнү» менен куттуктайм!
Даярдаган: Эрлан Абласов, Гүлкайыр Осмоналиева