Ала качуу бул кылмыш

Акыркы жылдары кеңири тараган ала качуу адаты мыйзамга да, кыргыздын кудалашуу салтына да, ислам динине да туура келбейт. Анын айынан ажырашуулар көбөйүп, тагдырлар бузулуп, улуттун генофондуна доо кетүүдө.Укук коргоо органдарынын начар иштегени, укук коргоо органдарына болгон ишеничтин жоктугу да ала качууга жол ачат. Бирок бүгүнкү күндѳ укук коргоо органдары ала качуу боюнча мыйзам чегинде иштеп жаткандыгы турасында «Аялдарды колдоо борбору» коомдук бирикмесиин аткаруучу директору Бакен Досалиева тѳмѳндѳгүлѳрдү айтып ѳттү:

«Ала качуу боюнча мыйзамдар иштейт. Мурда ички иштер органдарынын кызматкерлери ала качууга анча кѳӊүл бурчуу эмес. Алар ѳздѳрү деле ойлочу бул салт депт. Азыр атайын инструкциялар, алар үчүн методикалык пособиялар иштелип чыкты, мыйзамга кошумчалар кирди ошондуктар алар азыр башкача кѳз карашта. Эми мындан ары да жакшы иштейт болуш керек деп ойлойм. Жаӊы мыйзамга гендердик кылмыштуулук деген түшүнүк киргенден кийин жоопту карай башташты».

Бойго жеткен кыздын ар-намысы жана укугу мыйзам менен корголууга тийиш. Анткен менен кыз ала качкандар мыйзам боюнча жазаланган учурлар өтө сейрек кездешет. Укук коргоочулардын пикири боюнча, ала качкан тарап жазадан жеңил кутулуп кеткендиктен, кыз ала качуу фактылары азайбастан көбөйүп жатат – деген оюун Жети-Ѳгүз райондук ички иштер бѳлүмүнүн Тамга айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн ага милициясы Саламат Дүйшеев ѳз сѳзүндѳ буларды айта кетти:

«Кыз ала качкан учурларда мыйзам чегинде жазага тартылат. Барскоон айыл аймагы боюнча айта кетсем 2019-жылы кыз ала качуу фактысы катталган жок. 2018-жылы күз айларында бир факты болгон. Барскоон айылында № 55 Кесиптик лицейининде окуган окуучусун ала качып кетишкен. Алар боюнча тергѳѳ амалдарынын баары жүргүзүлгѳн, ала качып кеткен кыздын ата-энелери, ала качкан баланын ата-энелери болуп Жети-Өгүз районунун ички иштер бѳлүмүнѳн тергѳѳ амалдары жүргүзүлүп мыйзамдуу чечим кабыл алынган. Кыз ала качкан балдар болобу ошолорго мыйзам чегинде чара колдонобуз».

Көпчүлүк учурларда кыз ала качуу салт катары бааланып, тергөөгө жетпей эле эки тараптын макулдашуусу менен жабылып калат. Ала качуу өзү менен бирге бир нече көйгөйлөрдү жаратпай койбойт. 2018-жылдын күз айында Барскоон айылындагы Кесиптик лицейде да ала качуу фактысына катталган. Мугалимдер менен укук коргоочулар канча аракеттенишсе да, ал аракеттери ишке ашпай калган. Ала качкан кыздын ата-энелери сүйлѳшүү жолу менен кызды отургузуп  коюушандыгы туралуу №55 Кесиптик лицейдин окуу тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Айзада Абышова буларга токтоло кетти:

«Ар кандай шартка байланыштуу кыздарды ала качуулар кѳп болуп жатат. Анын ичинен ѳзүбүздүн окуу жайыбызда дагы буга чейин болуп келген. Анын ичинен ошону коргой албай ата-энеси ѳзү маакул болуп кызды ыйлатып отургузуп койгон учурлар да кѳп кездешип жатат.Биздин окуу жайыбызда ушундай окуя катталган, биздеги экинчи курстагы жашы жете элек кызды 18 жашка чыга элек кызды ала качып кеткен. Ошол жерден ата-эне ѳзү макул болуп, кызды ошол жерден ыйлатып эле сен калышыӊ керек, биз ѳзүбүз макул болдук , сен жашашыӊ керек деп эле кыйнап таштап кетишкен».

Бир катар иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй Кыргызстанда 60%дан ашуун үй-бүлөлөр ала качуу жолу менен курулат.Кыргызстанда эми кыз ала качкандар он жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Ала качуу көбүн эсе айыл жерлеринде болуп келет. Көп учурда муну улуу муундагылар дагы жактап, салт деп таанышат. Көбүнчө айыл жеринде үй-бүлө ала качуунун артынан курулат. Бул турасында Барскоон айылынын тургуну Догдурбек Алыбаев агай менен маек курдук:

«Мен деле ѳзүм келиндүү болдум. Бир эмес үч келиндүү болдум. Ала качуу деген маселеси боюнча бизде оор эле меделе каршымын. Кыз менен ата-эненин ошол сүйлѳшүп жаткан баланын татынакай ѳз аракеттери менен баш кошуусуна мен каршы эмесмин. Ал эми ала качып кетүүгѳ мен каршы элемин. Себеп дегенде бири-бирин түшүнбѳй туруп алып кетиш жашоодо ѳзүнүн маӊызы жакшы болбойт болуш керек деп ойлойм да».

Конституциянын 16-беренесинде «эч ким жынысы боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эместиги» жазылган. Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинде «аялзатын никеге турууга мажбурлоо же никеге турууга тоскоолдук кылуу» кылмыш деп саналат.

Даярдаган:Гүлкайыр Осмоналиева, Эрлан Абласов.

      Барскоон. кыз ала качуу

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *