Балдарга карата зомбулукту кантип токтотуу керек.

                                                                            «Демократия сааты» долбоорунун алкагында «Өспүрү балдарга карата зомбулукту кантип токтотсо бобот» деген теманын тегерегинде түз алып уктуруу болуп өттү. Түз уктуруу Барскоон айылынын «Барскоон FM» жамааттык мультимедиа борборунун студиясында өткөрүлдү.                                                                                                                                          Студияга укук коргоочу Ормонова Бубукан жана Барскоон айылынын Эшманбет Кендирбаев орто мектебинин социалдык мугалими Карыбай кызы Жыпара чакырылды. Эфирдин жүрүшүндө  канткенде өспүрүмдөргө зомбулукту кыскарта алабыз, эмне себептен балдар суицидке барышат, зомбулук миграциянын айынан күчөп жатабы, мектептк кандай окуучуларга жардам көрсөтүшөт жана канткенде балдарга бактылуу кыла алабыз деген суроолорго кеӊири жооп ала алдык. Мындан тышкары тургундардан чогултулган сурамжылоо жана суроолорго дагы толугу менен жооп кайтарылды.

Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда

 

Даярдаган: Эрлан Абласов

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *