Э.Кендирбаев жана К.Чылабаев орто мектептеринде волейбол оюну боюнча мелдеш өтүүдө

18—февраль күнү Барскоон айылындагы орто мектептеринде волейбол оюну уюшулуп, окуучуларды туура тарбияга үндөөгө мугалимдер чоң салымын кошушкан.
20150218_112110[1]
К.Чылабаев мектебине кыздар, ал эми Э.Кендирбаев орто мектебине балдардын оюну өттү. Оюнга Барскоон, Тамга, Жеңиш,Чоң Жаргылчак, Кичи Жаргылчак, Тосор айылдары катышты. Мектептердин, айылдардын ынтымагын бекемдөө жана ден соолугун чыңдоо максатында уюшулуп жаткан иш чара жөнүндө Тосор айылынын дене тарбия мугалими, айылдык кеңештин депутаты, тарбия завучу Азамат Букаров төмөндөгүлөргө токтолду:
20150218_110808[1]
«Бүгүн волейбол боюнча Э.Кендирбаев мектебинде өтүп жатат. Оюндун уюштуруучусу Э.Кендирбаев мектеби. Бир жылдык спорттук иш чаранын пландарын спорттук мектептер аркылуу көзөмөлдөнөт. Негизи мунун максаты мыкты окуучу балдарды, кыздарды райондук денгээлге алып чыгып, райондон областка, областтан республикага чыгаруу. Жаштарды спортко үндөө максатында уюштурулуп жаткан иш чара өткөрүлүүдө.»
20150218_122438[1]
11—классынын окуучусу Азамат уулу Аман волейболду көптөн бери ойноп келет. Ал өзүнүн даярдыгы жана спортту өнүктүрүү боюнча оюн төмөнкүчө билдирип кетти:»Көз карашыбыз жакшы эле. Ойноп, утканга аракет кылып жатабыз. Дагы оюндарды уюштуруп, волейболду өнүктүрөбүз деген максаттарыбыз бар.»
20150218_111828[1]
Спорт ден соолуктун булагы деп бекеринен айтылбаса керек. Жаштар арасында спорттук мелдештер өтүп турса бул дагы жетишкендик.

      волейбол мелдеши отту

Даярдагандар: Айдай Кудайбергенова, Аманбек кызы Саадат

Э.Кендирбаев жана К.Чылабаев орто мектептеринде волейбол оюну боюнча мелдеш өтүүдө: 1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *