Барскоон капчыгайындагы азыркы күндѳгү абалы.

Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин санап бүтүүгѳ болбойт. Экологиялык жактан кооз жана туристердин кѳӊүлүн шаркыратмалар менен бурган Барскоон капчыгайынын бул кѳйгѳйгѳ туш болгонуна кайдыгер кароого болбойт.Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин санап бүтүүгѳ болбойт. Экологиялык жактан кооз жана туристердин кѳӊүлүн шаркыратмалар менен бурган Барскоон капчыгайынын бул кѳйгѳйгѳ туш болгонуна кайдыгер кароого болбойт.Капчыгайдагы карагайлардын кѳптүгү таӊ калтырат, бирок ошентсе да бул жаратылыштын бир бѳлүгү жылдан жылга азайып келүүдѳ. Азыркы убакта жергиликтүү элдин айтуусу боюнча кыз мезгилинде мыйзамсыз кыйуулар башка убактарга караганда кѳбүрѳѳк кездешет. Барскоон токойчулугунун № 8 Чээжи обходунун токой сакчысы Элүүбек Жабаловдун карагайлардын азайып кетти дегенине каршы экендигин билдирди:

«2016 жылдан бери Барскоон капчыгайында карагайдын азайуусу болгон жери жок. Мыйзамсыз карагай сатышат дегенге мен каршымын. Токойчулардын өзүнө шамал жыккан карагайларга белет жазып берет. Мыйзам чегинде лесниктер алып түшүрүшөт. Бирок 2016 жылдын ноябрдан бери азыр бизге отунга дагы уруксат эмес. Адам өз көзү менен көрмөйүн эчнерсеге ишенбейт. Эми анда-санда уурулар болуп кетет. Токой бул биздин келечегибиз. Токой аянттарын көбөйтүш үчүн жылына 6 гектардан жер чаап Барскоон токойчулугу тигебиз. Быйыл Америкалык «Хоао» фонду менен келишим түзүлгөн, ошонун негизинде 50 гектар жерге жаш көчөттөрдү отургузабыз».

Ал эми айыл тургундары карагайлардын кыйылып жок болуп кетүүсүнө токой сакчыларынын да түздөн-түз байланышы бар экендигин жана жаӊы программаларды иштеп чыкса токойлор кыйла сакталаарын айтышууда. Алардын бири Барскоон айылынын тургуну Талант Турганбаев мындай дейт:

«Ушул карагай токойлору азайып бараткан жагы жергиликтүү тургундарды аябай кооптондуруп келет. Карагай токойлордун ичинде көп жылдардан бери ошол жерди мекендеген жаныбарлар. Нымдуулугун алып өскөн өсүмдүктөр да бар эле. Карагайлардын азайып бараткандыгына байланыштуу жаныбарлардын да түрлөрү, өсүмдүктөрдүн түрлөрү да азайып баратат. Броконьерлер күнөөлү жана карагайды кайтарган билетчилер алардын да ошолор менен чогу иштешкендигинде болуп жатат. Программаларды иштеп чыкпай жаткандыгында. Карагай токойлорду кайтарган ар кандай кардондорго мобильдик группаларды түзсө, ат менен камсыздаса, аларга  тоодо жүрүүчү машиналардан алып берсе, ар биринин жанына видеокамера, рация берсе ошондо карагайлардын кыйылышы азайтабыз деп ойлойм».

Эгерде каргайлардын өсүшүп келишине токтосок, булар жылына 2-3 гана сантиметр өсөөрү белгилүү. Ошондуктан 5 жыл мурун отургузулган балатылар азыркы убакта отунга да жарабайт. Тоо этектеген карагайлардын көп болушу жер кыртышына канчалык деӊгелде маанилүү экендиги жана атайын коруктарды уюуштуруп карагайларды сактап калса боло тургандыгы жөнүндө Э.Кендирбаев атындагы орто мектептин географ мугалими Жыпара Муртазаева төмөнкүлөргө токтоло кетти:

« Карагайлар токойлор жердин нымдуулугун сактап турат. Карагайлар өзүлөрүнүн тамырлары менен жер кыртышын эрозиядан сактап турат.Карагайлар, токойлор арасынан көпчүлүк аянты ээлеген бул арчалуу токойлор,  экинчи оорунда карагайлар. Карагайлар өскөн жерде коруктарды уюуштурса деп ойлойм, ушуну сунуштайт элем.

 Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева.

«Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин кѳз карашын чагылдырбайт.

      карагайлар абалы_барскоон

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *