Архив за месяц: Февраль 2020

Барскоон. Аталардын декреттик өргүү алуусу уят эмес

      Барскоон. Аталардын декреттик өргүү алуусу уят эмес

Аталардын бала багуу боюнча декретке чыгуусуна кандай көз караштасыз? Бала багуу же ата болуу учурунда аталардын милдеттери кандай болуусу зарыл?Кыргызстанда бала багуу үчүн аталардын декретке чыгуу мыйзамы канчалык деӊгээлде колдонулуп келет? Үй-бүлө мүчөсү болгон аталардын бала багуу, тарбиялоо учурундагы декретке чыгуусу жөнүндө сөз кылабыз. Алгач, үй-бүлөсү менен кеӊешип, бала багуу үчүн декретке чыккан айыл тургуну Нурбек Үсенов менен болгон маегибизге күбө болсок.

(Нурбек Үсенов)

“Келинчегим төрөп, ал мугалим мектепте окуу тарбия боюнча завуч болчу. Ал төрөгөндөн кийин 6 айдан кийин ал иштеш керек болуп калды. Айла жок мен бала бакканга декретке чыктым. Анткени Эмгек кодексинин эченчи статьясы экенин унутуп калдым, анан мыйзамдын чегинде дектертке чыканым чын.»

Нурбек Үсенов төрт баланын атасы. Ал кенже уулун багуу үчүн бир жылдык декреттик өргүү алган. Жумушу оор жана маянасы аз болгондугуна байланыштуу, ал декретке чыгуу чечимин үй-бүлөсү менен бирге кеңешип чечкен.

“Менин эмгек акым келинчегимдикинен караганда бир кыйла азыраак болчу. Ошол себептен бала багуу эмгек өргүүсүнө мен чыгайын деп чечтик. Ата-энем мага туура кылыптырсыӊ деди, мени эс алып ал дешти анткени менин кызматым өтө оор болчу. Анан бир жыл болсо дагы кичинекей баланын эрэркегенине карап, кичинекей баланын тили чыкканына карап, басканын көрүп эс алып алдым”.

Нурбек мырза, коомдогу эркектердин декретке чыгуусу – мүмкүн эмес деген түшүнүктөргө кошулбайт. Ал бир катар мырзалар куру намыс кылышы мүмкүн. Бирок, декреттик өргүүгө чыгуу үй-бүлөнүн ынтымагын дагы бир кыйла бекемдейт деген кебин билдирди.

Ал эми Барскоон айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Венера Өмүрбекованын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык баланы багууга байланышкан өргүүнү атасы, энеси же ымыркайдын камын көрүп, аны баккан башка тууганы же жакыны алса болот.

(Венера Өмүрбекова)

“Аталар өзүлөрү адаттагы ишин жасоого көнгөн, ал эми эненин милдети өзүнөн өзү эле келип бала багууга такалат да баланы кароо милдети энелердин мойнуна жүктөлөт. Декретке чыккан ата баланы караган негизги адам болуп калат. Эркек киши мында аялдын кыйынчылыктарын өз башынан өткөрүп, анын эмгегин баалап калат. Аталардын декретке чыгуусу жаш үй-бүлөлөрдүн ынтымагын бекемдеп, бала кароого аталардын да кол кабыл кылуусуна шарт түзөт. Бала багуудан качпаган жигердүү аталар аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине шарт түзөт. Жоопкерчликтүү аталар өргүүгө кетет, аялдарына кызматтык даражасынын өсүшүнө шарт түзөт”.

Кыргызстандын Эмгек кодексинде эркектердин декретке чыгуусу толук кандуу көрсөтүлгөн. Бул кодексте көрсөтүлгөндөй аял менен эркектер бирдей декреттик өргүүгө чыгуу жобосун колдоно алат. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү күндө эркектердин декреттик өргүү алуусу эркектик намысына туура келбейт деп эсептеген мырзалар да жок эмес. Ошол себептен өлкөдө мырзалар декреттик өргүү албай келет деген пикирин “Эркектер зомбулукка каршы” фондунун жетекчиси Марат Алиаскаров билдирди.


(Марат Алиаскаров)

“Бул мыйзамда көрсөтүлгөн жобону эркектердин көбү жанакыдай жумушунан куугунтукка алынган учурда ушул жобону колдонуп кеткен эркектер бар. Үй-бүлөдө эгер эркектин айлык маянасы бир нече эсе жубайыныкынан аз болсо ошондой учурда эркектер ушул жобону колдонуп кетишет. Көп учурларда Кыргызстанда эмне үчүн өрчүгөн эмес? Анткени, кандайдыр бир намыска тийчүүдөй болгон себеп деп эсептесек болот муну. Көбүнчө эркектер жана аялдар ушундай деп туура түшүнүшөт. Декретке эркектердин чыгуу жобосу жана шарттары ошондой эле аял кишиникиндей эле”.

Декреттик өргүүгө чыккан аталардын айтымында, бала багуу же тарбиялоо аял затынын эле милдети эмес. Аталар да өргүүгө чыгып бала тарбияласа жана бакса боло тургандыгын айтууда.

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева

Барскоон. Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы

      Барскоон. Кыз менен уул баланы тарбиялоодогу айырмачылыктар

Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы? Аларга эки башка тарбия беруу керекпи? Же экооно бирдей тарбия беруу абзелби? Жогорудагы кокустуктан берилген суроого сиздин жообунуз кандай?

Алгач, уй-булодо уул жана кыз баланы кандай тарбиялоо керек деген сурамжылоого катышкан айыл тургундарынын жоопторуна бирге кубо болсок. Читать далее Барскоон. Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы