Архив за месяц: Май 2018

«Барскоон айылынын Аксакалдар сотунун жана Аксакалдар кеӊешинин ишмердүүлүгү, алардын укуктары жана милдеттери» деген темада талкуу болду

Барскоон айылынын аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊеши жөнүндө жергиликтүү тургундар билишеби, ушул эле аксакалдар сотунун жана аксакалдар кеӊешинин айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымдарын билүүгө кызыгышабы деген ой жаралгандыктан алардын ишмердүүлүгү, укуктары жана милдеттерин жөнүндө маек курдук. Читать далее «Барскоон айылынын Аксакалдар сотунун жана Аксакалдар кеӊешинин ишмердүүлүгү, алардын укуктары жана милдеттери» деген темада талкуу болду

Барскоондогу жаштар саясаты

2018 жылдын май айынан баштап Демократия сааты программасынын түз алып баруусу өткөрүлдү. Бул программа биринчи жолу обого чыгууда. Мындан кийин дагы аталган долбоор боюнча демократияга байланышкан аркандай  темалар менен обого чыгабыз. Барскоон айылындагы демократия сааты программасынын түз алып баруусунда биринчилерден болуп Барскоон жаштарынын саясаты болду. Бул темада Барскоон жаштарынын айылга тийгизген таасирлери, жаш айыл депутаттарынын көтөргөн маселелери, жаштардын эӊ көйгөйлүү болгон маселеси жумушсуздук, айыл ичинде жаштардын өнүгүүсүнө, эс алуусуна, билим алуусуна кошкон салымдары жөнүндө сөз боду. Жаштарды келечеги алдыда демекчи Барскоон жаштары дагы, Барскоонду шаар кылууга колдорунан келген аракеттерин жасашууда. Программанын алкагында жаштар айыл өкмөт менен биргеликте кандай иш алып баргандыгы туралуу сөз болду.

 

Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева

Мен жашаган аймактын экологиялык абалына мен көз жума албаймын

Биз Ысык-Көлүбүздүн экологиясына өзгөчө көңүл бурдук: Анткени, көл бул жакынкы арада өтө өнүгүүгө жетүүчү туристик пункт болоору белгилүү. Кээбирлерге таза жашоонун кереги жокбу же жөн гана жерге ташталган кагаз жаратылышка канчалык зыянын тийгизип жатканын ачык түшүнө албай жатышабы, айтор экологияны зомбулап эле келе жатабыз. Мунун кесепетинен экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабка өттү. Жаратылыштын кооздугуна атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомдук көңүл бурууга тийиш. Читать далее Мен жашаган аймактын экологиялык абалына мен көз жума албаймын

Мектеп окуучулары аскерге чейинки даярдык боюнча сынака барышты

Ысык-Кѳл облусуна караштуу Барскоон айылынын Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин окуучулары аскерге чейинки даярдык бойунча райондук сынака барып келишти Читать далее Мектеп окуучулары аскерге чейинки даярдык боюнча сынака барышты

7-апрель Элдик Революсиясынын баатырлары көчөт отургузушту

30-апрель күнү Элдик Революциянын баатырларынын демилгеси менен Барскоон айыл аймагынын  Таза суу «Тарылга-Булак» коомдук бирикмесинин участогуна 53 түп балаты отургузулду. Читать далее 7-апрель Элдик Революсиясынын баатырлары көчөт отургузушту

Ыктыярчы- кабарчы Айдай Кытайга барып окуп келди

Барскоон айылындагы «Барскоон FM»  жаматтык мультимедиа борборунун кабарчысы Айдай Кудайбергенова Кытай мамлекетине барып окуп келди. Учурда Айдай 11- классын бүтүрүү алдында турат.   Читать далее Ыктыярчы- кабарчы Айдай Кытайга барып окуп келди

Жаӊы окууга карата мектеп презденти шайланды

 

Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 2018-2019 окуу жылына карата мектептин презденти шайланды. Читать далее Жаӊы окууга карата мектеп презденти шайланды

Менталдык арифметика боюнча окуучулар Египетке барып келишти

Барскоон айылындагы менталдык арифметика курсуна катышкан окуучулардын Египетке барып келишти. Менталдык арифметика курсу Барскоондо «Академия роста» окутуу борбору тарабынан ачылган. Ачылганына аз убакыт болгонуна карабастан, окуучулар Египеттен ийгилик жаратууда .   Читать далее Менталдык арифметика боюнча окуучулар Египетке барып келишти