Ысык-Кѳл кээде тыптынч, кээде толкун,
Толкуса толкунуӊа мен ортоктошмун
Жашоодо канча досту күтсѳм дагы,
Бир сырдуу сендей досту күткѳн жокмун.
Деп Алыкул агабыз ыр саптарында айтылгандай, кереметтүү кѳлүбүзгѳ кандай гана залкар адамдар жүрѳктѳрүнѳн чыккан ыр саптарын арнашкан. Кѳлүбүздүн кооздугуна кимдер гана суктанышпаган, канчалаган адамдар эс алышып ден-соолуктарын чыӊдап кетишкен. Кѳлүбүздүн керемети, анын айланасындагы климаттык шарт жеке эле адамдар үчүн эмес баардык жан- жаныбарлар, ѳсүмдүктѳр үчүн дагы чоӊ мааниге ээ. Эң бир чон койгой болуп таштандынын ар тарапта ээн эркин жаткандыгын эч ким талаша албайт. Читать далее Барскоон пляжынын жээгиндеги таштандылар Ысык-Көлгө зыян алып келүүдө.