Архив за месяц: Апрель 2016

Мектептер арасында «Жаратылышты коргоо» боюнча иш чара болуп өттү.

20130101_060655

«Чырпык тиксеӊ чынар болот» дегендей Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев жалпы орто билим берүүчү мектебинде, окуучулар арасында иш- чара болуп өттү. Бул иш-чара Сарычат-Эрташ коругу тарабынан уюуштурулуп, Кумтөр Оперейтинг компаниясы демөөрчү болду. Иш-чаранын жүрүшүндө сүрөттөр, макеттер, ырлар, кол өнөрчүлүк жана ар кыл багыттарда атаандашттык күчөп, активдүү катышкандарга сыйлуу белектер тапшырылды.

20160428_15483920160428_154915Сарычат- Эрташ коругунун башкы эгери Жолдошбек Кубан уулу өткөзүлүп жаткан иш-чара боюнча, кабарчыбыз Асель Асановага төмөндөгүчө билдирди:

20130101_060540
— Бул конкурс уюушулуп келе жатканынаменимче 10 жыл болуп калды. Себеби мен ушул мектепте 9-класста окуп жүргөндө ушул конкурска катышып “Эӊ мыкты катышуучу” деген наамды алган болчумун. Ошол көз ирмемдер эсиме келди. Бул конкурска канча каражат кеткенин билбейм. Себеби “Кумтөр” компаниясы белектерди сатып беришти. Сарычат-Эрташ коругунун коомдук бирикмеси менен биргеликте Кумтөргө долбоор жазып өткөргөнбүз.балдардын экологиялык аӊ сезимин өстүрүү. Бүгүнкү мектеп окуучуларына азаматсыӊар демекчимин. Себеи алар абдан жакшы даярданышыптыр. Кийинкисин мындан дагы чоӊ деӊгээлде уюуштурсак деген оюубуз бар.
Жыпар Муртазаева Эшманбет Кендирбаев атындагы жалпы билим берү мектебинин география мугалими. Ал мектеп окуучулары менен биргеликте бул иш-чараны уюуштуруп, окуучуларга чоӊ таасир тийгизгенин өз маегинде айтып өттү:

20130101_061638
— 1966-жылдан бери эмгектенип келе жатам. Экология проблемасы глобалдык мастабда болуп жатпайбы. Экология таза болсо, адамдар да таза болот. Экологиялык маданияттуу адам бололу деп окуучулар арасында көптөгөн конкурстарды жана КВНдерди өткөрүп келе жатам. Бүгүнкү конкурс жогорку деӊгээлде уюуштурулду. Себеби ар кандай образды ойноп жатканда, ошол нерсени бала ички сезими менен сезет экен. Экология багытындагы иштерди, конкурстарга аябай активдүү катышышат. Бийлешип, ырдашат, сенкаларды аткарышат. Аларды биз өзүбүз ойлоп табабыз. Экологиянын оӊ жагын жана терс жактарын чагылдырышат.

Назира Чороева 11-класстын окуучусу бул иш-чарага “Жаратылышты коргоо” жана түрдүү иштерди жүргүзүү үчүн катышкандыгын өз сөзүндө билдирди:

20130101_060901 20160428_144339
— Экологиялык конкурска быйыл экинчи жолу катышып жатам. Менимче конкурс эки жылдан бери эӊ жакшы деӊгээлде уюушулуп жатат. Мына быйыл да жакшы өтүр жатат. Сарычат-Эрташ коругунун атынан эӊ сонун белектер берилди. Окуучуларды өзүнө кызыктырып, тартып жатат. Жаратылыш менен дос болууга үндөп жатат. Ошондой эле бул жерде сенка коюу эле эмессүрөттөрдү кол өнөрчүлүктөрдү көргөзүлдү. Дагы менин оюмча бул конкурс көпкө чейин уланат. Жыл сайын окуучулардын саны көбөйүп жатат. Көптөгөн белектерди утуп алдык. Менимче мектепке аябагандай эле жардамы тийген иш-чара болуп жатат.

Жаратылышты коргоо ар бирибиздин милдетибиз. Андыктан айбанаттарды, канаттууларды жана ар бирибизге ыйык болгон жерибизди сактай билели.

Даярдаган Асель Асанова, Эрлан Абласов.

      жаратылышты коргоо

Президенттин алдында уюуштурулган коомдук бирикмесинен күтүлбөгөн сыйлык берилди.

20160412_142402         20160412_113632         20160412_142259                                                                                               Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү Руслан Төлөновичке күтүлбөгөн жерден президенттин алдында уюуштурулган “Кыргызстандын ардактуу инсандары” коомдук бирикмесинин координатору Сайракүл Молдоконова келип, ушул уюумдун атынан “Эл сүйгөн жетекчи” орденин жана уюумдун мүчөсү денег төш белгисин тапшырды. Читать далее Президенттин алдында уюуштурулган коомдук бирикмесинен күтүлбөгөн сыйлык берилди.

Элдик баатырларды эскерүү кечеси болуп өттү.

20160407_110357[1]                                                                                               2010-жылдын 7-апрели Кыргызстан боюнча оор күн болгон. Бул күнү канчалаган эне баласынан, келиндер күйөөлөрүнөн, балдар атасынан ажырашты. Читать далее Элдик баатырларды эскерүү кечеси болуп өттү.