Барскоон айылында Нооруз майрамы өзгөчө майрамдалууда. Себеби маданият үйүнүн алдында эки чоӊ кыргыз боз үйү тигилип, Барскоон үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу тарабынан ыр-кесе уюуштурулду. Алгач концерт Барскоон айылына өз салымын кошкон активдүү жарандарга ардак грамотасын тапшыруу менен башталды. “Махмут Кашкари Барскоон” муниципалдык ишкананын башкы эсепчиси Тамара Дюшеева Барскоон айыл өкмөтүнүн атынан күрүч жана таттуу суусундуктар элге бекер таратылаарын өз сөзүндө билдирди:
“ Элдин маанайлары жакшы, күн да ачык болуп берди. Айыл өкмөтү тарабынан боз үйлөр тигилип, күрүч басылып жатат. Барскоон дарыгерлер тобу ыр-кесе уюуштурду. Элдер азыр жакшы майрамдап жүрүшөт. Ушул жаӊы жылда элимде ынтымак болсун, асманы ачык болсун. Ден соолуктары чыӊ болсун, бөөдө кырсыктан тышкары болуп, жакшы жылдардан болсун”.
Барскоон үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед айымы Айнура Кермахунова концерт жакшы өтүп жаткандыгын өз маегинде билдирди:
“ Бүгүн ыр-кесе коюп жатабыздарыгерлер тобу. Биз бир жума даярдандык. Аябай толкундануу менен берип жатабыз. Нооруз майрамы менин оюмча абдан жакшы өтүп жатат. Колдон келишинче элдердин көӊүлүн ырдап, бийлеп көтөрүп жатабыз. Кыргыз элине менен каалом 21-март Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элим өркүндөп өсө берсин, келечектеги жаштар жакшы тарбиялансын. Баардык элдерге жакшылык каалайм”.
Таалайкүл Кыдыралиева Нооруз майрамы Барскоон айылында шаӊдуу жана элдердин маанайы жакшы экендигин өз каалоосунда билдирди:
“ Буюрса Нооруз майрамы абдан жакшы өтүп жатат. Баардык кыргыз элиме жана Нооруз майрамын майрамдаган элдерге жалпы тынчтык каалайм”.
Дагы бир жолу Нооруз майрамыӊыздар менен.
Даярдаган Асель Асанова, Эрлан Абласов.