Архив за месяц: Июнь 2015

Жамааттык мультимедиа борборлорунун ыктыярчылары ардак грамота менен сыйланышты

Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектебинин 8-9-10- класстын ыктыярчылар тобуна да кубанычтуу күн болду.
“Барскоон FM” ЖМБда баардыгы сегиз окуучу эмгектенип келет. Айыл жеринде союуз учурундагыдай радиолор жок болгондуна байланыштуу айылда мультимедиа борбор ачылган. ЖМБдо айлдагы жаӊылыктарды, кулактандырууларды жана жарнамаларды сайтка жайгаштырып, радио рупор аркылуу жана твиттер аркылуу айыл тургундарына жеткирилип турат. Акысыз кызмат кѳрсѳтүп жаткан бул волонторлор, келечектеги кабарчылар. Булардын жасаган кызматтары Айыл Өкмѳтү тарабынан да бааланып урмат, сыйга ээ болушту.
20150529_120628[1]
Барскоон айыл аймагындагы социалдык ѳнүгүүсүн “Барскоон FM” Жамааттык мультимедиа борборунун сайтына жарыялоодогу эмгектери менен айыл тургундарыны маалымат менен камсыз болуусун жана борбордун ишмердүүлүгүн арттырууга кошкон зор салымы үчүн айыл Барскоон айыл амагынын айыл ѳкмѳтүнүн Ардак грамотасы жана акчалай сыйлык менен Алыбаева Бермет, Асанова Асель, Кудайбергенова Айдай жана Абласов Эрлан сыйланышты.
Тѳмѳндѳгү сѳз болуп жаткан ыктыярчыларга кааларыбыз, дагы-да болсо айыл тургундарын жаӊылыктар менен кабардар кылып туруусуна, иштерине ийгилик кааламакчыбыз.
Даярдаган: Эрлан Абласов

Премьер министр Сариев Темир Аргенбаевич «Кара бак комплексин» көрдү

«Кара бак комплекси» 2013-жылы түзүлүп, ага 1400 түп өрүк, 800 түп алмурут, 800 түп алма отургузулган.
Комплекстин жалпы аянты 20 га. Түзүлгөн «Кара бак комплекси » «Махмуд Кашкари Барскоон » муниципалдык ишканасына бекитилип берилген. Азыркы учурда муниципалдык ишкана тарабынан ишембиликтер жүргүзүлүп, көчөттөргө суу куюлуп турат. Комплекске отургузулган көчөттөр кийинки жылдары түшүм берип калат деген тереӊ ишеничибиз бар. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү Эшмамбетов Руслан Төлөнович конокторго «Кара бак комплексинин» негизги идеасы жана пайдасы боюнча презентация кылды.
CIMG0184
Иштин жүрүшүндө Темир Сариев өз оюн билдирип комплекс боюнча кенен маалымат алды. Иш чара бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын премьер министри Сариев Темир Аргенбаевич төмөндөгүлөрдү айта кетти:
CIMG0190
«Ысык-Көл областында жүрөм. Иш сапарыбыз эки күн уланат. Биз бүгүн «Тамчы аэропортун» ачтык. Бул эл аралык аэропорт болот. Келечекте биз Ыссык-Көлдү туризм зонасы деп айтып жатсак, ошонун бирден бир көтөрө турган багыты бул аэропорт болот. Баардыгы убакыттан көз каранды. Элдер тез келип кетсем, көбүрөөк эс алсам дейт. Ошондуктан аэропорту мамлекет тарабынан каржылап, эл аралык стандартка жеткиребиз. Андан кийин Балыкчыда биртоп иштеп жаткан ишканаларды жана тазалоочу жайлардын курулуп жатканын, көмүр каналарды көрдүм. Андан соӊ Кызыл-туу айылына жаӊы мектептин салынышын, ошол муниципалдык ишканалардын иштетилишин да көрдүк. Мындан кийин Каракол шаарына барып, дагы кыдырып ошол жерде конуп калабыз. Ал эми эртеси Чолрон-Ата шаарына жана Бостери айылына барып туризм боюнча чоӊ жыйын өткөрөбүз. Туристтик сезонду ачуу боюнча мамлекет тарабынан көп көӊүл буруп жатабыз. биринчиден коопсуздук жагын, экинчиден тартип, үчүнчүдөн тазалык, төртүнчүдөн экологиялык маселелерди көбүрөөк карайбыз. Пансионаттардын сапатын карап чыгып, тийиштүү чараларды көрүп, иш чараларды уюштуруп ошол багытта иштеп жатабыз.»
«Кара бак комплексин» негиздөөгө биртоп салымын кошкон Жети-Өгүз райондук администрациясы тарабынан жана областтан келген адамдар иштин жүрүшүндө премьер министрге өз ойлорун айтып, ар бир кошулган салымды билдиришти. Жети-Өгүз райондук администрациясынын акими Жудеев Калысбек Асаншаевич төмөндөгүлөрдү айтты:
CIMG0142
«Бүгүнкү күнү Жети-Өгүз районуна иш сапар менен Кыргыз өкмөтүнүн премьер министри сариев Темир Аргенбаевич таанышып жатат. Ошондой эле Барскоон айылына «Махмуд Кашкари Барскоон» муниципалдык ишканасынын «Кара бак» долбоорунда баарыбыз турабыз. Комплекс мамлекеттик муниципалдык иш кана болуп 2014 жылы айыл өкмөт тарабынан түзүлгөн. Буйурса «Кара бак комплексинин» келечеги абдан чоӊ. Президенттин өнүгүү стратегиясына кирип ишке киргизүүдө киреше алып келчү ишкана болуп эсептелинет.»

Даярдаган: Айдай Кудайбергенова, Чынгыз Насырбеков.

      Mikshirovanie

Балдардын келечеги – биздин колдо

1-июнь балдарды коргоо күнүнѳ карата Барскоон бала бакчасында майрамдык иш-чара болуп ѳттү. Бала бакчада баардыгы 140 бала тарбия, билим алып келет. Ал эми 28 бала быйыл мектептин босогосун аттаганы турат. Барскоон бала бакчасынын ичи заманбап жабдуулар менен жабдылып кичинекей бѳбѳктѳрдүн татыктуу билим алуусуна ылайыкталган. Бала бакчанын тарбиячылары сабак ѳтүү менен кана чектелбестен балдарга ар кандай оюундарды, ырларды, бийлерди үйрѳтүп айыл ичиндеги иш чараларга катыштырып турушат.
IMG_20150601_100111[1]
1-июнь балдарды коргоо күнүнѳ карата Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшманбетов балдарды майрамы менен куттуктап балдарга белектерди тапшырды. Бала-бакчада иштегендер кызматкерлерге «Мыкты тарбиячы», «Мыкты ашпозчу» наамдары менен ардак грамота жана сыйлуу белектерди тапшырышты.
IMG_20150601_100553[1]
Бала-бакчанын жетекчиси Гүлмира Султанбаева ѳз сѳзүндѳ тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти:
IMG_20150601_095156[1]
Биз балдарга жазганды, саламдашканды ж.б кѳп нерсени үйрѳтѳбүз. Бул жерден балдар мектепке даярдык кѳрүп барышат. Бизге келген балдардын баардыгы тыӊ окуганды,жазганды, ырдап-бийлегенди жана ар кандай оюун-зоокторду үйрѳнүшѳт. Балдардын ата-энелери бизге абдан ишенишет. Ал эми биз ушул ата-энелердин ишеничин актайбыз деген үмүтүбүз зор.
Бала бакчадагы 28 баланын бүтүрүү кечеси жана балдарды коргоо күнүнѳ карата уюуштурулган салтанаттуу кечеге да ата-энелер кур кол келбестен балдарды, тарбиячыларды куттуктап ѳтүштү. Бүгүнкү салтанаттуу кечеге келген ата-эненин бири Зоя Егибаева апа оз оюу менен болушту:
IMG_20150601_095607[1]
Менин неберем үч жылдан бери ушул баба бакчада тарбияланып келе жатат. Менин эч кандай нааразычылыгым жок. Жаткан жерлери таптаза, ичкен тамак ашы да жакшы, таза. Неберем бала бакчадан жазганды, окуганды, ырдап-бийлегенди үйрѳнүп жатат. Биздин айылга заманбап бала бакча ачып берген айыл ѳкмѳтүбүзгѳ тереӊ ыраазычылык билдирем. Бүгүн балдардын майрамы болуп жаткандыгына байланыштуу балдарды жана тарбиячыларын куттуктайм. Иштерине ийгилик, балдардын келечеги кеӊ болуп, эч нерседен кемибесин.
IMG_20150601_101622[1]
Бала бакчада кѳп жылдан бери эмгектенип келе жаткан тарбиячы Жийде Карымшакова ѳз сѳзүндѳ балдар бала бакчадан биринчи эле калем кармап жазганды, андан соӊ баардык тамгаларды жана окуп, сүр тартканды үйрѳнүшѳт- деп билдире кетти.
1-июн балдарды коргоо күнү менен дагы бир жолу куттуктап, Балдарга чын-ден солук, узун ѳмүр бактылуу балалыкты калайбыз

Даярдаган; Эрлан Абласов, Асанова Асел

Барскоон: Мектептердеги акыркы коӊгуроодо «Узакбаев Макиш ата» стипендиясы берилди

20150529_091834[1]
29-май күнү Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев жана К.Чылабаев атындагы орто мектептерде акыркы куӊгуроо аземи болуп ѳттү. Бүтүрүүчүлѳрдү жана он жылдыкка келген конокторду куттуктап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Талант Узакбаев 5 жылдан бери келе жаткан 1-класстан баштап 11-класска чейинки окуучуларга жана мугалимдерге «Узакбаев Макиш ата» атындагы стипендия үй бүлѳлүк буюжеттен бѳлүнүп, 2014-2015- жылдын «Жыл мыктысы» наамын ыйгарды.
20150529_102446[1]
КР ЖК депутаты Талант Узакбаев ѳз сѳзүндѳ тѳмѳнкүлѳргѳ токтоло кетти.
20150529_114933[1]
Мындан беш жыл мурун Макиш Узакбаев атындагы стипендиясын уюуштургам. Бул стипендиянын негзги максаты Барскоон атындагы орто Эшанбет Кендирбаев атындагы мектепкебин бүтүп жаткан окуучуларга стимул болсун деп ачканбыз. Бул стипендия дагы так берилип жатыптыр. Критерийлерин дагы жакшы иштеп чыгышыптыр. Мен бул стипендия менен эле чектелип калбастан,жакшы окуган окуучуларды Кыргызстан, Казакстан ѳлкѳлѳрүнѳ, туристик жүрүштѳрдү дагы уюштуруп берсем деп үмүттѳнүп жатам. Мындан тышкары окуучулардын билим жагына дагы тартылы үчүн мыкты окуучуларды түштүк жакка ѳзүм ээрчитип алып самалот менен же автобус жалдап алып алпарып келейин деп жатам. Стипендианттарды жакынкы арада Бишкек шаарына чакырып Жогорку Кеӊештин ишмердүүлүгү менен тааныштырып чыгам. Акыркы максатым ушул Барскоон айылынан чыгаан эр азаматтар чыкса деген үмүтүм бар- деп билдирди.
«Бапа жаштар» коому Э.Кендирбаев атындагы орто мектепке жакшы окууган окуучуларга ардак грамота жана мектепке белектерди тапшырды. К.Чылабаев атындагы орто мектепке «Бапа жаштар» коому 40 000 сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлыкты тапшырды. Малик Курманбеков ѳз сѳзүндѳ тѳмѳнкүлѳрдү билдирди:
20150529_114229[1]
Мен Барскоон айылында тулуп, ѳскѳм. Барскоон орто мектебинде билим алып бүтүргѳм. Быйыл биздин ак жолтой мектептин 2014-2015 жылкы бүтүрүүчүлѳрдүн салтанаттуу кечесине катыштык. Барскоон айылынан кѳптѳгѳн атактуулар чыгышкан. Биз «Бапа» коомунун атынан келип Казыбай Чылабаев атындагы орто мектепке 40000 сом ѳлчѳмүндѳгү акчалай сыйлык жана Эшманбет Кендирбаев атындагы орто мектепке ардак грамоталарды жана баалуу сыйлыктарды тапшырдык. Бүтүрүүчүлѳргѳ кааларым келечектери кеӊ, алдыга койгон максат, тилектерине жетсин. Ак жол каалайм.

2014-2015-жылдын «Жылдын мыкты бүтүрүүчүсү» наамын алган Жазгүл Кунычбек кызы кубанычын биз менен теӊ бѳлүштү:
20150529_115221[1]
Мен быйыл « Жылдын мыкты окуучусу» наамына жана 2000 сом ѳлчѳмүндѳ «Макиш ата» стипендиясына ээ болуп олтурам. Менин бул наамга жана стипендияга татыктуу болушума кѳптѳгѳн мугалимдеримдин эмгеги зор. Булардын ичинде эжейим Карыбай кызы Жыпар эжей, Сатиев Кубан агайдын эмгектери абдан зор. Мени ушул даражага жеткиришкен агай, эжейдериме чоӊ ыраазычылыгымды билдирем. Иштеринде ийгилик болуп, дагы да талбай окута беришсин демекчимин.
«Билим алуу ийне менен кудук казгандай» деген макал бекеринен айтылбаса керек. Келгиле достор, окуучулар тереӊ билим алууга умтулалы.
Даярдаган: Асель Асанова, Эрлан Абласов.