Архив за месяц: Май 2015

Барскоон: Баатыр энелерге төш белгилер тапшырылды

Республика боюунча белгиленип жанткан Энелер күнү Барскоон айылында да салтанаттуу иш чара менен башталды. Энелер күнүндө Баатыр энелерге төш белгилер тапшырылып. Читать далее Барскоон: Баатыр энелерге төш белгилер тапшырылды

Барскоон: Кызылча оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлө баштады.

Бүгүнкү күндө Республика боюунча балдар жана улуу курактагы адамдар арасында кызылча оорусу тез тарап жатат. Ошол себептен 2015-жылдын 12-майынан 23-майына чейин кызылча оорусуна каршы 1 жаштан 20 жашка чейинк эмдөө жүргүзүлө баштады. Эмдөөлөр мектептерде, бала бакчаларда жана ооруканаларда жүргүзүлүп жатат. Ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна кам көрүү зарыл. Читать далее Барскоон: Кызылча оорусуна каршы эмдөө жүргүзүлө баштады.

9-май Улуу Жеӊиш күнүнө 70-жыл толду.

Баарыбыз билгендей эле 1941-1945-жылдардагы Экинчи Дүйнөлүк согуш чоӊ ата, чоӊ энелерибиз үчүн эӊ оор жылдардан болгон. Биздин келечегибизди түзүп берүу үчүн жан күрөп иштеген апалар, фронтто ок изи менен баскан аталар канчалык кыйналганын биз билбейбиз. Аларга ыраазычылык билдирүү менен 9-май Улуу Жеӊиш күнүндө ардагерлерибиздин көнүлүн ачып, белектерди тапшырып, ыр күлкү кана тартуулай алабыз. Читать далее 9-май Улуу Жеӊиш күнүнө 70-жыл толду.

Барскоон: Футбол талаасынын ачылышы болду.

Жакында эле курулуп баштаган футбол талаасынын ачылышын көптөн көп күттүк эле. Барскоон айылындагы курулуп жаткан футбол талаасынын ачылышы айыл тургундарына кош майрам алып келди. Футбол тала 9-май Улуу Жеӊиш күнүнө катар, парад басылып, курман болгон жердештерибизге куран окулгандан кийин КР Жогорку Кеӊешинин депутаттары Эркингүл Иманкожоева, Талант Макишов, райондук администрация, айыл өкмөтү жана ардактуу ардагерлердин коштоосунда кызыл лента кесилип аземдүү ачылышы болду. Читать далее Барскоон: Футбол талаасынын ачылышы болду.

«Финансылык Компоньон группасы» айыл ардагерлерине жардам беришти

Быйыл Улуу Жеӊишке 70 жыл. Дал ушул майрамдын урматына Микрофинансылык компания «Финансылык Компоньон группасынын» филиал менеджери Саламат Исаев Турганбаевич да кур кол отурбастан өзүнүн кызматкерлери менен биргелешип Улуу Жеӊиштин ардагери Асанбай Сааданбеков атабызга өз белектерин тапшырып, тамак-аш жагынан да жардам беришти. Читать далее «Финансылык Компоньон группасы» айыл ардагерлерине жардам беришти