Архив за месяц: Апрель 2015

Караколка: «Жер-Эне» күнүнүнө арналган иш чара болуп өттү

Биринчи жолу «Жер күнү», 1970-жылдын 22-апрелде АКШда белгиленген. Салтка ылайык бул күнү каалаган адамдар көчөлөрдү тазалап,бак отургузушкан. Майрам тууралуу чечим 2009-жылдын 22-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 63-сессиясында кабыл алынган. 2010-жылдан тартып жыл сайын 22-апрелде «Жер-Эне» күнү деп белгиленип келе жатат.
Биз сырттын элибиз,
Бийик тону тандайбыз!- деп ырдагандай Барскоон айыл аймагына караштуу Сырт-Караколка өрөөнүндө Эл аралык «Жер-Эне» күнүнө арналган иш чара, Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылышты коргоо фондунун жана Сарычат-Эрташ коругунун жетекчилеринин колдоосунун негизинде болуп өттү. Читать далее Караколка: «Жер-Эне» күнүнүнө арналган иш чара болуп өттү

Фермерлерге атайын окуу өткөрүлдү

17-апрель күнү атайын Бишкек шаарынан келген Д.Садырбаев Бишкек шаарында өндүрүлгөн «Кыргыз-Гумат» комплекстүү минералдарга бай жер семирткичин Барскоон элине сунуштап дыйкан-чарбада керектүү маалыматтарды, кеӊештерди бере кетти. Фермерлердин кайсы мезгилде, кайсы маалда жер айдатса боло тургандыгы жөнүндө кенен маалымат берди. Айыл тургундарынын суроолоруна жооп берилип, элдин көӊүлү көбүнчө отоо чөптөргө бурулду. Читать далее Фермерлерге атайын окуу өткөрүлдү

7-апрель Кыргызстандын кайра жаралуу күнү

7-апрель элдик революциясына 5 жыл болгонуна байланыштуу район денгээлинде иш чара болуп өттү. 2010-жылдын 7-апрелинде элдин мүдөөсүн, талабын аткара албаган бийликке басымдуу бөлугү элеттик жаштардан турган элдин калыӊ катмары каршы чыккан. Читать далее 7-апрель Кыргызстандын кайра жаралуу күнү

Э.Кендирбаев орто мектебинде акыл ордо откорулуудо

Биринчи коомдук каналдагы кадимки акыл ордо сыяктуу эле орто мектепте да акыл ордо теэ-тез өткөрүлүп турат. Мугалимдердин колдоосу менен, окуучулардын аракети менен уюшулган иш чара көпчүлүктүн көнүлүн бурбай койбойт. Мугалимдердин айтуусу боюнча азыркы окуучулар интернетке жана чөнтөк телефондорго көбүрөөк кызыгышат. Уюшулган акыл ордо өтө кызыктуу өттү жана анын негизги темасы география сабагы болду.
IMG_20150417_125217
Акыл ордонун уюштуруучуларынын бири, окуучуларды тартипке үндөгөн Муртазаева Жыпар эжейибиз оюу менен бөлүшө кетти:
IMG_20150417_130933
«Бул акыл ордодо балдардын билгичтигин, география сабагына кызыгууларын өнүктүрүү учун, айрыкча, класс-класстар боюнча кетип жатат. Алар финалга чыгып өздөрүнүн билгичтигин аныктоо ирээтинде уюштуруп жатабыз. Ушундай акыл ордолорду көп уюштуруп турсак балдардын ой жүгүртүүсү, суроолорго туура жооп берүүсү жакшырат экен. Жалаӊ эле сабак болбостон, терс нерселерден алыстатуу ирээтинде кызыктырып ушундай акыл ордолорду мындан кийин да уюштурабыз.»
Төмөндөгүдө айтылгандай эле терс жолдордон окуучуларды тартуу, балким, коруп отурган окуучуларда көп нерсени билип алат деген үмүт менен биздин асыл эжейлерибиз канчалаган мелдештерди өткөрүп келишет.
IMG_20150417_114903
Ушундай мелдештерге кызыгуусу арткан окуучулардын бири Айдар Букаев акыл ордого катышып, мелдештин аягында сезимдери менен бөлүштү.
IMG_20150417_131201
«Акыл ордо бул чон масштабта мектепте география сабагы боюнча өтүп жатыптыр. 8-класстар арасында мен жарым финалга чыгып четтетилип калдым. Бирок, аябай жакшы оюн өттү. Мугалим Жыпар эжейге ыраазымын, уюштурган эжейлерге жана ойногон оюнчуларга дагы ыраазымын.»
Дагы жакында откорулуучу акыл ордодо мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик кааламакчыбыз. Жаштарды окууга үндөөдө акыл ордо мугалимдерге чон жардамчы болуп берет деп ишенебиз.

      Mixdown

Даярдаган: Айдай Кудайбергенова