Жумуш жоктур аял колу тийбеген,
Көтөрүмүӊ чыдамыӊ теӊ жер менен.
Айымдар иштебеген жумуш жоктур, бала багып, чоӊойткон да апаларыбыздын колунда. Ошондой апаларыбыздын бири Исакунова Аида эже үй шартында ата-энесинин жардамы менен алган кийим тиккен машинасы менен аздан каражат таап келет.
Аида эженин урааны: элдин оюндагыдай кылып тигип берүү. Кийим тигүү менен гана чектелбестен жашылча жемиштердин убагы келгенде капуста өстүрүп дүкөндөргө өткөрөт. Көп учурда светтин өчүп калышынан жумушу токтоп калат. Бирок түнү менен иштөө Аида эжеге оор эмес. Бул гана эмес “AVON”косметикалык компаниясында да иштеп келет. Машина тигиш үчүн көп убакыт керек. Балдары кичинекей болуп,айыл чарба,үй тиричилиги менен дагы алектенүүгө тура келет. Исакуова Аида эле башка келиндерге үйрөтүп, тасирин тийгизгенге аракет кылат. Үй чарбасында көп жумушу болсо дагы Аида эже кийим тигүүдөн эс алат. Аида эже өзүнүн оюн төмөндөгүдөй айта кетти:
— Бала кезимде өзүм эле шыктуу болчумун. Мектеп убагында Жамила эжей үйрөттү. Өзүм эле байпак жыртылганда тигип алчумун. Азыр мектептеги бийчи кыздардын кийимдерин тигип берем. Кишилер келет ошолордун кийимдерин оӊдоп берем. Пардолорду да өзүм тигем. Балдарыма курткаларды дүкөндөн сатып албайм.
Мындай кол өнөрчүлүккө кызыккан эжелерибиз аз эмес. Алардын арасында Элнура эже да Аида эжеден кем калбайт. Анын жасаган кол өнөрчүлүктөрү Алматы шаарына чейин кардарларга сатылат.
Ал орто мектепте өзүнүн тажрыйбасын окуучуларына көрсөтүү менен ырахат алат. Бул эки айым теӊ элдерден келген заказдарды өздөрү бычып, тигишет. Элнура эже узаткан сурообузга жогорудагыдай жооп берди:
— Менин тикмечи болгондугумдун себеби канымда бардыр.чоӊ тайэжем чоӊ ууз болгон эке. Анын ийнесинин бир учугун кармап жүрүп мага жугуп калганбы айтор ошондон кийин сайма башталды.анча мынча көйнөктөрдү өзүмө тигип алчумун. №55 кесипчилик лицейде 10 айлыкка тапшырдым. Ал жактан билгенимди эле үйрөндүм. Андан кийин Бишкекке барып цехтерде иштеп өзүмө тажрыйба топтодум.
Исакунова Аида жана Мүсүркулова Элнура эжелерибизге иштерине жана жеке жашоосуна ийгилик каалайбыз!
Даярдагандар: Аманбек кызы Саадат, Айдай Кудайбергенова.