Улуу Ата Мекендик согушка 70 жыл толду. 21 мектеп окуучуларынын түзүлгөн “Шумкар” аттуу отрядттын мелдеш кечеси жана концертинин коштоосунда, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, курман болгондорду эскеришти. Бул кечеде окуучулар ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо жана атоматтарды ажыратып кайра чогултуу менен ардагерлердин көӊүдөрүн бурушту.
Бул өтүп жаткан иш чара боюнча Э.Кендирбаев орто мектебинин мугалими Динара Дүйшөкеева кыскача токтоло кетти:
“Биздин өтүп кеткен, бизди коргоп келген патриот мырзаларыбызды эскерүү ирээтинде ушундай иш чараларды өткөрүп жатабыз. Дайыма көзү өтүп кеткен баатырлар сымал, ар дайым элибизди, жерибизди коргоп, патриот болушун, ата-энесин сыйлаган, өзүнүн жерине чын ниетинен кызмат кылуусун каалайт элем”
10-классынын окуучусу Нурали Сыдыков патриоттук аскеердик мелдештерге көптөн бери катышып келет. Нурали бул иш чарага да активдүү катышты. Ал өз оюн мындайча билдирди:
“Патриотизм ар бир жигитте болушу керек. Жигит мекенин коргош керек. Жигит ошонусу менен айырмаланат”
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде – дегендей биздин элибиздин бейпилдиги, тынчтыкта жашагандыгы мырзаларыбыздын мекен чегинде ак кызмат өтөп, өз эл жерин коргогондугуна байланыштуу деп билебиз. Баардык мырзаларды “Барскоон FM” жааматтык мультимедиа борборунун атынан чын ден-соолук, жашоодогу ийгилик, үй-бүлөдөгү ынтымак, өз жерин душмандардан коргогон мырзаларыбыздын көп болушуна тилектешпиз.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова,Эрлан Абласов.