Барскоон айылында бала бакча бар. Барскоон айылынын калкынын саны көп болгондуктан, айыл дагы бир бала бакчага муктаж экендиги баарыбызга белгилүү. Читать далее Барскоон айылында жаӊы бала бакча ачылды.
Архив за месяц: Декабрь 2014
Бишкекте ыктыярчыларга эки күндүк семинар отүлүүдө
Бишкек шаарында ыктыярчылар үчүн эки күндүк семинар өтүп жатат.Бул семинарга Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облусунан келип катышууда.
Семинардын жүрүшүндө мобилдик колдонуу боюнча көптөгөн нерселерди үйрөнүштү. Ыктыярчылар келечекте журналист болом деген ой менен келишкен.
Алар керектүү маалыматтарды үйрөнгөнүн айтышты. Семинар Фридрих Еберт,Немец толкуну академиясынын демөөрчүлүгү жана Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ассоциациясынын уюштуруусу менен өттү.
Кабарчыбыз. Бекмурзаева Перизат семинардын катышуучусу Касымалиева Айчолпонго бир нече суроолор менен кайрылган:
Ушул семинарда сиз эмнелерди үйрөндүнүз?
Мен келечекте кабарчы болгум келет.Ошондуктан бул семинарга катышууга келдим. Семинардан мен жанылыктарды сайтка киргизгенди жана плей маркеттен ар кандай программаларды көчүргөндү үйрөндүм. Кабарчылар тармагын да терендетким келет.
Даярдаган: Перизат Бекмурзаева, Жанек Тимуров.
«Барскоондогу теплицанын иши» темасындагы Айыл Турмушу уктуруусу даярдалды
«Барскоон FM» Жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары үчүн эки күндүк тренинг болду. Тренингдин жүрүшүндө сурамжылоо жүргүзүү (vox-pop) жана сурамжылоону радио уктуруу үчүн пайдаланууну үйрөнүштү.
«Айыл турмушу» радио уктурусу негизделип, «Барскоондогу теплицанын иши» темасында ток-шоу уюштурулду. Ток-шоунун коноктору, KARAGAT+ долборунун координатары Соня Качиева, теплицанын кызматкери Байзаков Болот жана студент Жолочиев Санжарбек болду. Алып баруучусу Перизат Бекмузаева болду.
Маектин жүрүшүндө теплицанын келечектеги өнүгүүсү тууралуу талкуу болду.
Барскоон айылында муз аянтчасы курулууда
Мурда Барскоон айылынын балдары башка айылдарга барып ойноого мажбур болушчу. Бул көйгөй айыл тургундарынын кыш мезгилиндеги эс алуусун чектеп келген.
Барскоонайылында дамба курулууда
Барскоон айылында дамба курулуп жатат.
Барскоон айылындагы тоок фермасы ийгиликтүү иш алып барууда
Барскоон айылында тоок фермасы бир жыл мурда ачылган. Ошол күндөн бери, бул ферма Жети-Өгүз районун тооктун жумурткасы менен камсыз кылып келет.
Ошондой эле өз продукциясын айыл тургундарына арзан баада сунуштайт. Фермада эмгектенген Адилет Жапаров ферманын иши тууралуу кабарчыбыз Перизат Бекмурзаевага төмөнкүлөрдү айтып берген.
-Тоок ферма ким тарабынан ачылган?
» Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 2000000 сом которулган жана 2000 тоок келген. Өндүрүлгөн продукцияны Жети-Өгүз районуна өткөрөбүз»
— Келечектеги планыңыз?
» Келечектеги планыбыз өзүбүз аркы эшигине дагы 2000дей тоок алып келип төрт миң кылалы деген ой бар. Кудайым буюрса.»
— Жумуркаларды канча сомдон өткөрөсүңөр?
» Жумуртканы башында үч сомдон баштаганбыз азыр болсо 6 сом 50 тыйындан өткөрөбүз».
— Жакшы эле аласыңарбы күнүнө жумуртка?
«1200-1500гө чейин».
Тоок фермадагы жумурткалардын сапаты тууралуу айыл тургуну Садича Конокбаева өз оюн билдирди:
«Мен мисалы, тоок фермасындагы жумурткаларды жеп көргөн эмесмин, жей албайм. Мен өзүмдүн үйүмдөгү эле колдо баккан тооктун жумурткасын жейм. Себеби үйдө кадимкидей эле таза жем менен багабыз.»
Айыл тургуну Бакыт Калыкбердиева ферманын жумурткасын ар дайым колдонот. Ал ферманын иштеп жаткандыгы айыл тургундары учун женилдиктерди алып келип жаткандыгын билдирет.
-«Тоок фермасы ачылганы бизге жакшы эле болду, себеби мурда тоок фермасы ачыла элек кезде жумуртканы башка жактан алып келчү. Балыкчыдан, Бишкектен. Аларды колдонгонго кооптуураак болчу. Менин оюмча өтө деле ишенимдүү эмес болчу. Анын үстүнө баасы да кымбатыраак болчу. Азыр болсо өзүбүздө тоок фермасы болгондуктан жумуртканын баасы да арзандап калды. Жегенге да ишенимдүүрөк болуп калды. Менин буга көз карашым жакшы. Ырас эле ачылды деп кубаттайм. Ушул тоок фермасы иштеп атканына кубанычтамын».
«Аракет кылсан- берекет», дегендей тоок фермасы айылдын экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтебиз.
Даярдаган: Перизат Бекмурзаева.
Жанек Тимуров.