Архив за месяц: Ноябрь 2014

Барскоон айылында футбол талаасы курулууда

Барскоон айылында футбол сүйүүчүлөрү абдан көп жана алар футбол таймаштарына катышып ийгиликтерди багындырып келишкен.

20141123_125854
Кээде жеӊишти колдон чыгарып жиберген учурлар да болот.
Себеби, футбол талаасы жок болуп, мектептин аянтчасында машыгып келишкен.
Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү жаштардын спортко болгон кызыгуусун
арттыруу үчүн футбол талаасын куруу демилгесин көтөрүп чыккан.
Курулушка кеткен чыгымдар жөнүндө Барскоон айыл аймагынын жоопту катчысы Жаныгулова Азимкүл Турсуналиевна төмөндөгүлөргө токтолду:

Биздин айыл өкмөтүбүздүн башчысы Руслан Төлөнович демилге көтөрүп, жаштарды колдоо деген  бир программа бар ошонун негизинде биз атайын проект түзгөнбүз. Ошол проектинин негизинде республикалык бюджетке кайрылып, «Стимгрантка» кайрылуу жазганда алар  колдоо көрсөтүшүп, 3млн 470миң суммадагы акча бөлүп берди . Ошонун негизинде курулуп жатат. Буюрса, бүтөйүн деп ишке ашып калды жакынкы аралыкта ишке берилет деп ойлоп жатабыз .  Өздүк салымы 10% болду, 370 миң сомду биз өзүбүздүн бюджеттен 10%тин салым кылдык ошонун негизинде курулуп бүтүп калды. »

20141124_100420

Курулуш иштери боюнча иштеп жаткан Дайыр Жолдош уулунан кандай
кыйынчылыктар болуп жаткандыгы жөнүндө кабарчыбыз Дилбара Сыдыкбекова
билип келген:

-Футбол талаасын курууда кандай тоскоолдуктар болуп жатат?
Футбол талаасын курганда  кар түшүп, бираз суук болуп, жерлер тонуп  кыйналып жатабыз. Кыйынчылык  болсо да аракет кылып бүтүрүп жатабыз.»
-Футбол талаасын кайсы убакытка бүтүросүз?
— «Жаны жылга бүтүп калат го дейм».

20141123_125800

Азамат Максат уулу айылдагы футбол сүйүүчүлөрүн бири. Ал футбол
талаасы курулуп жатканына кубанганын жашырган жок.

20141123_133746

-Футбол талаасынын курулушуна көз карашыныз кандай?
— «Бардык эле оюнчалар кубанычтабыз. Футбол талаасы курулуп бүтсө, көптөгөн ийгиликтерге жеткенге айылыбыздын оюн боюнча атын чыгарып, далай-далай ийгиликтерди алып келгенге аракет кылабыз».

      барскоондо футбол талаасы курулууда

Спорт- ден-соолуктун булагы  дегендей айыл жаштары үчүн спорт менен машыгууга дагы жакшы шарттар түзүлөт деген ишеничтебиз.

Даярдаган: Дилбара Сыдыкбекова

Асель Асанова.

Барскоондо жаӊы тиш дарыгерлер өз ишин баштады

Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 8000 миӊден ашык адам жашайт. Аларга бир тиш дарыгери жетишпегендиктен Кызыл-Суу айылынан тиш дарыгерлер тобу келип азыркы учурда иштөөдө.

20141123_145004

Барскоон үй бүлөлүк дарыгергерлер тобунда эки тиш дарыгери эмгектенип, тиштерди дарылоо жана тиш салуу кызматын көрсөтүп жатышат. Алардын иштөө мөөнөтү эртеӊ мененки саат 8.00дөн кечки 17.00го чейин кызмат көрсөтүшөт.Айыл тургундары үчүн бул жаӊы дарыгерлердин келиши жеӊилдиктерди келтирүүдө.

20141123_145437

Тиш дарыгери Төлөев Санжар Болотович өзүнүн иши жөнүндө кабарчыбыз Мунара Имеркул кызына айтып берген:

-«Бизге башка айылдардан да келип дарыланып кетишет, анткени райондук стомотологиял алыс болгондуктан башка айылдардан да дарыланып кетишет»

-Бир күндө канча кардарлар келип дарыланышат?

-«Бейтаптарды айтсак күнүнө ар кандай келишет 5- 6 же андан жогору болот»

20141123_151621

Тиш дарылатып жаткан бейтап Ислам Асанов дарыгерлердин иши жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду:

«Бир жыл мурун Покровкага барып пломба салдыргам ошол түшүп калып анан кайра бул жерден жаңы тиш салдырганы келгем.»

Тиш дарыгерлеринин иши канааттандырып жатабы?

-«Ооба, канааттандырып жатат»- деп билдирди Ислам Асанов.

«Дени сактын –эли сак» дегендей айыл тургундарынын ден соолугуна кам көргөн дарыгерлерге ийгилик каалайбыз.

      жаны тиш дарыгерлери

 Даярдагандар:Эрлан Абласов, Альбина Таалайбекова.

Барскоон айылында Ак-Коргон жаңы конушунда К.Чылабаев атындагы орто мектеп ачылды.

Барскоон  айылында Ак-Коргон жаӊы конушунда Казыбай Чылабаев атындагы орто мектеп ачылды. Барскоон  айылында Ак-Коргон жаӊы конушунда К.Чылабаев атындагы орто мектептин ачылыш аземи болуп өттү. Анын жүрүшүндө КРнын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, өкмөттүн өкүлдөрү жана чакырылган коноктор өз каалоо тилектерин айтышып  белектерин тапшырышты. “Бул мектеп стандартка жата турган болуп салынды деп ойлоймун. Азыр мына короо жайын көрүп жатам, короо абдан чоӊ экен кээ бир мектептер спорттук площадкасы жок салынып жатат ал эми бул мектепте бүт баардыгы чогуу салынып жатат. Ошол үчүн боз үйлөр тигилип бүгүн Барскоон эли үчүн чоӊ майрам болуп жатат. Бул мектеп ак жолтой мектеп болот деп ойлойм”- деп айтты Эркингүл Иманкожоева.                                                                                         20141107_111342_2Казыбай Чылабаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин директору Асаналиева Акылай Айбашовна. Барскоон айылыннын эӊ белгилүү инсандарынын бири К.Чылабаев эли үчүн көптөгөн алгылыктуу иштерди аткарып, согушка катышып канын-жанын берген, СССР эл агартуунун отличниги болгондугу үчүн ардактуу инсандардын бири болгон. Биздин айыл аксакалдары жана үй бүлөсүнүн ортосунда чечилип, Ак-Коргон жаӊы конушундагы орто мектебине аты ыйгарылды.                                                                                     20141107_113104“Бул мектеп башка айылдардагы мектептерден айырмаланып толук кандуу стандартка ылайык салынды. Заманбап жабдыктары менен жабдылып мугалимдер менен окуучуларга жакшы өбөлгө түзүп берүүдө” – деп билдирди Акылай Асаналиева.                                                             20141107_112958Барскоон айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Руслан Төлөнович бир жыл сегиз айдан бери айыл башчысы болуп эмгектенип келе жатат. Ысык-Көл облусунун жетимиш беш жылдыгы жана Бапа элинин  кош-майрамы менен куттуктап элине ийгилик каалап, ынтымакка чакырып өттү.                                    20141107_114759“Биздин айыл өкмөтү К.Чылабаев атындагы орто мектептин спорт залы кургашын күтүп атабыз андан соӊ листвиницасын уруп бүтсөк толук кандуу ишке кирет деген чоӊ үмүтүм бар. Биздин айыл өкмөттүн мектепке салым кошуу түздөн түз милдетибиз ошол себептен өз салымыбызды кошобуз деген тилегибиз бар –деп билдирди Руслан Төлөнович.Даярдаган:  Курманбекова Альбина,Имеркул кызы Мунара.