Барскоон. Ѳспүрүм кыздардын эрте никеге туруусундагы кѳйгѳйлѳр

Үй-бүлө – коомдун бекем туткасы. Адам эр жетип, каалаган адистиги боюнча билим алып, андан кийин үй-бүлө курса, мындай адамдар өзүн гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө да чоң салым кошо алат. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей ар бир жаран мындай ойлоодон алыс. Кыргыз Республикасынын мыйзамы кайсыл курактан тартып никеге турууга уруксаат берет? Читать далее Барскоон. Ѳспүрүм кыздардын эрте никеге туруусундагы кѳйгѳйлѳр

«Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн» акциясына карата түз эфир

«Гендердик теӊчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында Барскоон айылында иш чара ѳткѳрүлдү. Бул иш чарада Эшманбет Кендирбаев жана Казыбай Чылабаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучуларына даректүү тасмалар кѳрсѳтүлдү.

Бул даректүү  кѳрсѳтүүдѳ мектеп окуучуларына абдан маанилүү болду. Себеби бул тасмаларда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук, аларга берилип жаткан жардамдар жана аларды кандай адамдар жасап жаткандыгы туралуу маалымат алышты. Читать далее «Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн» акциясына карата түз эфир

Барскоон. Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн

Кыргызстан боюнча 25-ноябрдан 10-декабрга чейин «Аялдарга карата зомбулукка каршы» 16 күндүк Эл аралык акциясы ѳткѳрүлүп жатат. Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча эл аралык күнү 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюумунун Ассамблеясы тарабынан түзүлгѳн. Бул күн 1960-жылы 25-ноябрда Доминико республикасында ѳлтүрүлгѳн Мирабель эже-сиӊдилердин элесине арналган. Читать далее Барскоон. Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн

Барскоон. Уул балдардын орундалбай калган кыялдары

(сүрѳт интернеттен алынды)

Негизинен элет жеринде жумушсуздук күч алып келет. Бирок, жумуш жок деп эле карап отура бербестен ар ким ѳзүнүн жѳндѳмүнѳ жараша иш алып барса да болот. Элет жеринде балдардын кесип тандоосу ар дайым эле ѳзүнүн оюундагыдай боло бербейт эмеспи. Кээ бир балдар ата-энеси тандаган кесипке ээ болушат, ал эми кээ бирлери бала чагынан кыялданып келген кесипти аркалап келишет. Читать далее Барскоон. Уул балдардын орундалбай калган кыялдары

Барскоон: Ишкер айым Бүбайда Орозобекова

Кыргызстандагы бизнес уюмдары өлкөдө ишкерчиликке аралашкан айымдардын саны өсүп жатканын айтышууда. Бүгүнкү күндѳ айыл жериндеги айымдар тигү ишканаларын ачып кыз келиндерди иштетип келишет. Бул да болсо айылдын ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ чоң салымын кошот. Тактап айтсак Бүбайда Орозобекова 1996 жылдан бери тигүү ишканасын ачып жетектеп келет. Читать далее Барскоон: Ишкер айым Бүбайда Орозобекова

Барскоон. Компьютерге кызыкан кыздардын мүмкүнчүлүктѳрү

11-октябрь — Эл аралык кыздар күнү. Бул майрам 2012-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан негизделген. Мисал катары айта кетсек, кыздардын билим алуусун, медициналык тейлөөнү, коомдук укуктарын жана башка маселелердин алдын алууга багытталат. Замандын талабына жараша азыркы жаштардын 90 пайызы телефон менен компьтерлерге кызыгып келишет. Читать далее Барскоон. Компьютерге кызыкан кыздардын мүмкүнчүлүктѳрү

Барскоон. Аталардын ден-соолугу кѳйгѳйлүү маселеби

Былтыркы жылы бир апта Кыргызстанда эркектердин ден соолугун сактоого арналган. Иш-чаранын алкагында баардык ооруканаларга кайрылган мырзалар акысыз текшерүүдөн өтүшкѳн. Интернеттеги маалыматтарга таянсак Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев эркектердин ден соолугуна көңүл бурууга чакырды. Читать далее Барскоон. Аталардын ден-соолугу кѳйгѳйлүү маселеби

Барскоон: Энелердин ден-соолугу ким ойлойт

Алибетте энелер жасоосунда ар дайым түйшүк тартып келишет. Үй тиричилиги, бала багуу, талаачылык иштерин биринчи орунга коюуп ѳздѳрүнүн ден соолуктарын экинчи орунга жылдырып коюушат. Бир жерлери ооруп калса үйдѳн эле ѳздѳрү дарыланып алышат. Читать далее Барскоон: Энелердин ден-соолугу ким ойлойт

Келин менен кайнененин мамилеси кандай болуусу керек

(сүрѳт интернеттен алынды)

Илгертен кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ. Алардын ар бир жасаган кыймылы көз жаздымда калбай, ага коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Келин жакпай калса ата-энесине катуу сөз тийген.Келинге болгон мамиле, жазылбаган мыйзам ар бир аймакта ар башка. Читать далее Келин менен кайнененин мамилеси кандай болуусу керек

Бакчы кыздардын тагдырын ким ойлойт

Акыркы убакта ата-энесин багуу үчүн жаш ѳспүрүм кыздар чет ѳлкѳгѳ иштегени кетип жаткан учурлар кѳбѳйдү. Мектеп курагындагы 12жаштан 16 жашка чейинки кыздар кѳбүнчѳ бала багуу үчүн кетип жатышат. Укук коргоочулардын айтымында, ѳзү бала болуп туруп бала багып иштѳѳ кыздардын ден-соолугуна жана психикасына терс таасиринин тийгизет. Читать далее Бакчы кыздардын тагдырын ким ойлойт