
(Сүрөт интернеттен алынды)
Жашообузга эӊ маанилүү болгон нике күбөлүгү кандай артыкчылыктарга ээ жана анын канчалык пайдасы бар. Читать далее Барскоон .Нике күбөлүгүнүн артыкчылыгы
(сүрөт интернеттен алынды)
(сүрөт интернеттен алынды)
“Мен аялым менен ажырашканыма 6 жыл болду. Бир кыз,бир уулум бар. Кудай тобо кызым менен уулумду эч нерседен кем кылбай багып келе жатам. Аялымдан алимент алуу оюума да келген эмес, мындай мыйзам бар экенин да билген эмесмин. Бирок, аялынан алимент алуу кыргызда уят иш го деп ойлойм. Кыргыздын мырзалары эч качан аялдарынан акча же башка бир нерсе алган эмес. Анткени үй-бүлөдө ата киреше булагы деп айтылат”.
Элибизде калыптанып калган кээ бир көрүнүштөр, өзүбүздүн жашообузга гана терс таасирин тийгизип жатканын сезбей келебиз. Жогоруда баласын багып жаткан ата, алимент алуудан намыстанаарын билдирди. Бирок, алимент – бул атага же энеге эмес, балага берилген акча экенин түшүнүү маанилүү. Серепчи Бакен Досалиева баланы татыктуу багууга чамасы жетпей жатса,аял же эркек дебей намыстанбай алиментке берүү керек дейт.
(Бакен Досалиева)
“Ажырашууда балдар көбүрөөк жабыр тартышат. Алар психологиялык жактан да материалдык жактан да, атанын же эненин мээриминен ажырап калышат. Ошондуктан баланын кызыкчылыгын биринчи орунга коюуш керек. Балдарын карабай кеткен апалар кийинки жылдарда көбөйүп жатат. Эгерде энеси таштап кеткен болсо, ата өз алдынча багууга чамасы жетпей жатса анда намыстанбай эле алиментке бериш керек го деп ойлойм”.
Жогорку Кеӊештин депутаты Айсулуу Мамашева алимент бул атага же энеге эмес, баланын татыктуу жашоосуна керектелүүчү каражат экенин баса белгилейт. Депутат айым, Кыргыстан боюнча алименттерди төлөбөй качкан ата-энелер четинен табылат дейт. Өлкө боюнча кырк эки миӊ алимент төлөбөгөн ата-энелер бар. Алардын ичинен 92 пайызы аталар болсо, ал эми 8 пайызы энелер.
(Айсулуу Мамашева)
“Сот кимдин эсебине чечсе ошол алимент алууга укуктуу. Ажырашкандан кийин кээ бир учурларда аталар дагы балдарын чоӊойтушат, өстүрүшөт. Ал учурларда энелер төлөп калышат да алименттерди. Мындай случилер бар жок эмес. Кээ бир учурларда мисалы үй-бүлөсүндө бир топ балдар болсо бир баласы атасы менен калат, бир баласы апасы менен калат. Балдар бөлүнүп кеткен учурлар да бар. Ошондо алиментти сүйлөшүп алышып бир-бирине төлөшөт же бир-бирине арыз жазбай өздөрү ар бир баланы бакканга аракет кылышат. Балдарды бөлүшүп алышып”.
Кыргызстанда алиментти төлөөдөн качан ата-энелерге карата жаңы мыйзам киргизилген. Мыйзамга ылайык бир топ чектөөлөр каралганын серсепчи Бакен Досалиева билдирди.
“ Ал жаран катары, ата катары ал дагы алимент алууга акысы бар. Чектөөөлөр мындай: айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат, ууга, мергенчиликке чыгууга чектөө коюлган, үчүнчү- баланы чет өлкөгө алып кетүүдө анын уруксаты жок эле алып чыгып кетет. Мисалы алимент төлөбөгөн атасынын уруксаты жок эле энеси Россиягабы,же Казакстангабы,же башка чет өлкөгөбү алып кетсе болот. Жана чет өлкөгө өзү да чыга албай калат. Эгерде алимент боюнча карызы бар болсо. Балдардын атасы менен же энеси менен калышын чечиш абдан оор маселе. Ал эми кайрылат элем кыргыздын кыз-келиндерине, ушул күкүк эне аталбай, аялдык абиир, энелик мээримди сактап, намысты сактап жакшы эне, жакшы жар болушуӊарга мен тилектеш болот элем”.
Ар бирибиз баскан кадамыбызды ойлонуп таштасак. Анткени үй-бүлөдөгү эки ажырымдын келип чыгышы балдарга кедергисин тийгизбей койбойт.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева
Аталардын бала багуу боюнча декретке чыгуусуна кандай көз караштасыз? Бала багуу же ата болуу учурунда аталардын милдеттери кандай болуусу зарыл?Кыргызстанда бала багуу үчүн аталардын декретке чыгуу мыйзамы канчалык деӊгээлде колдонулуп келет? Үй-бүлө мүчөсү болгон аталардын бала багуу, тарбиялоо учурундагы декретке чыгуусу жөнүндө сөз кылабыз. Алгач, үй-бүлөсү менен кеӊешип, бала багуу үчүн декретке чыккан айыл тургуну Нурбек Үсенов менен болгон маегибизге күбө болсок.
(Нурбек Үсенов)
“Келинчегим төрөп, ал мугалим мектепте окуу тарбия боюнча завуч болчу. Ал төрөгөндөн кийин 6 айдан кийин ал иштеш керек болуп калды. Айла жок мен бала бакканга декретке чыктым. Анткени Эмгек кодексинин эченчи статьясы экенин унутуп калдым, анан мыйзамдын чегинде дектертке чыканым чын.»
Нурбек Үсенов төрт баланын атасы. Ал кенже уулун багуу үчүн бир жылдык декреттик өргүү алган. Жумушу оор жана маянасы аз болгондугуна байланыштуу, ал декретке чыгуу чечимин үй-бүлөсү менен бирге кеңешип чечкен.
“Менин эмгек акым келинчегимдикинен караганда бир кыйла азыраак болчу. Ошол себептен бала багуу эмгек өргүүсүнө мен чыгайын деп чечтик. Ата-энем мага туура кылыптырсыӊ деди, мени эс алып ал дешти анткени менин кызматым өтө оор болчу. Анан бир жыл болсо дагы кичинекей баланын эрэркегенине карап, кичинекей баланын тили чыкканына карап, басканын көрүп эс алып алдым”.
Нурбек мырза, коомдогу эркектердин декретке чыгуусу – мүмкүн эмес деген түшүнүктөргө кошулбайт. Ал бир катар мырзалар куру намыс кылышы мүмкүн. Бирок, декреттик өргүүгө чыгуу үй-бүлөнүн ынтымагын дагы бир кыйла бекемдейт деген кебин билдирди.
Ал эми Барскоон айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Венера Өмүрбекованын айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык баланы багууга байланышкан өргүүнү атасы, энеси же ымыркайдын камын көрүп, аны баккан башка тууганы же жакыны алса болот.
(Венера Өмүрбекова)
“Аталар өзүлөрү адаттагы ишин жасоого көнгөн, ал эми эненин милдети өзүнөн өзү эле келип бала багууга такалат да баланы кароо милдети энелердин мойнуна жүктөлөт. Декретке чыккан ата баланы караган негизги адам болуп калат. Эркек киши мында аялдын кыйынчылыктарын өз башынан өткөрүп, анын эмгегин баалап калат. Аталардын декретке чыгуусу жаш үй-бүлөлөрдүн ынтымагын бекемдеп, бала кароого аталардын да кол кабыл кылуусуна шарт түзөт. Бала багуудан качпаган жигердүү аталар аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине шарт түзөт. Жоопкерчликтүү аталар өргүүгө кетет, аялдарына кызматтык даражасынын өсүшүнө шарт түзөт”.
Кыргызстандын Эмгек кодексинде эркектердин декретке чыгуусу толук кандуу көрсөтүлгөн. Бул кодексте көрсөтүлгөндөй аял менен эркектер бирдей декреттик өргүүгө чыгуу жобосун колдоно алат. Бирок, тилекке каршы бүгүнкү күндө эркектердин декреттик өргүү алуусу эркектик намысына туура келбейт деп эсептеген мырзалар да жок эмес. Ошол себептен өлкөдө мырзалар декреттик өргүү албай келет деген пикирин “Эркектер зомбулукка каршы” фондунун жетекчиси Марат Алиаскаров билдирди.
(Марат Алиаскаров)
“Бул мыйзамда көрсөтүлгөн жобону эркектердин көбү жанакыдай жумушунан куугунтукка алынган учурда ушул жобону колдонуп кеткен эркектер бар. Үй-бүлөдө эгер эркектин айлык маянасы бир нече эсе жубайыныкынан аз болсо ошондой учурда эркектер ушул жобону колдонуп кетишет. Көп учурларда Кыргызстанда эмне үчүн өрчүгөн эмес? Анткени, кандайдыр бир намыска тийчүүдөй болгон себеп деп эсептесек болот муну. Көбүнчө эркектер жана аялдар ушундай деп туура түшүнүшөт. Декретке эркектердин чыгуу жобосу жана шарттары ошондой эле аял кишиникиндей эле”.
Декреттик өргүүгө чыккан аталардын айтымында, бала багуу же тарбиялоо аял затынын эле милдети эмес. Аталар да өргүүгө чыгып бала тарбияласа жана бакса боло тургандыгын айтууда.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева
Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы? Аларга эки башка тарбия беруу керекпи? Же экооно бирдей тарбия беруу абзелби? Жогорудагы кокустуктан берилген суроого сиздин жообунуз кандай?
Алгач, уй-булодо уул жана кыз баланы кандай тарбиялоо керек деген сурамжылоого катышкан айыл тургундарынын жоопторуна бирге кубо болсок. Читать далее Барскоон. Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы
(Элзат Жумадылова)
«Апам мурас калтырып үйдүжазып берген. Кыз бала турмушка чыгып ѳзү бѳлүнүп кетет деп кээ бирѳѳ ойлойт. Кыз бала турмушка чыгып бѳлүнүп кеткенде турмушта тагдыры тайкы болобу,же балким кандайдыр себептер менен ажырашып калабы ошол моменте кыз балага берилген мурас, бул аябай чоӊ жардам берет, чоӊ түрткү берет. Мен апам мурас катары берген үйдѳ ѳзүм кызым менен турам. Эми мен дагы кийин кызым чоӊойгондо мурас катары кызыма үйдү жазып берем». Читать далее Кыздар дагы мураскер боло алат
(Сүрѳт интернеттен алынды)
«Кѳпчүлүк айымдар эмне себептен бирдиктүү салык декларациясын толтурушпайт?-Кимден көз каранды?Же эмне себеп? Бүгүн дал ушул декларациянын юридикалык эмес, жеке жактарга тиешелүү багытын карайбыз. Анда, Кыргызстанда үй-бүлөлүү айымдар эмне үчун үй-бүлөлүк мүлктөр тууралуу декларация тапшырбайт? Мүлктөр кимге катталып, салык декларациясын ким тапшырат? Читать далее Кыргызстанда кыздар декларация толтурушабы
Эркек менен аялдын үй-бүлөлүк жашоодогу укуктары жана милдеттери, коомдун негизги уңгусу болгон үй-бүлө адамзат үчүн ыйык нерсе болуп эсептелет. Себеби, жаңы жашоо үй-бүлөдөн башталат да, үй-бүлө менен уланат. Эркек менен аял өз ара ынтымактуу болуп, ар ким өз укугун, милдетин жана ордун билип, жашоодо бири-бирине эриш-аркак болуп бактылуу жашаса, коомдо да тынчтык болуп, ынтымак орнойт. Читать далее Барскоон. Элет жеринде аялдардын жана эркектин укуктарына кандай мани беришет
Үй-бүлө – коомдун бекем туткасы. Адам эр жетип, каалаган адистиги боюнча билим алып, андан кийин үй-бүлө курса, мындай адамдар өзүн гана эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө да чоң салым кошо алат. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей ар бир жаран мындай ойлоодон алыс. Кыргыз Республикасынын мыйзамы кайсыл курактан тартып никеге турууга уруксаат берет? Читать далее Барскоон. Ѳспүрүм кыздардын эрте никеге туруусундагы кѳйгѳйлѳр
«Гендердик теӊчиликти жамааттык ЖМКлар аркылуу жайылтуу» долбоорунун алкагында Барскоон айылында иш чара ѳткѳрүлдү. Бул иш чарада Эшманбет Кендирбаев жана Казыбай Чылабаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучуларына даректүү тасмалар кѳрсѳтүлдү.
Бул даректүү кѳрсѳтүүдѳ мектеп окуучуларына абдан маанилүү болду. Себеби бул тасмаларда аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук, аларга берилип жаткан жардамдар жана аларды кандай адамдар жасап жаткандыгы туралуу маалымат алышты. Читать далее «Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн» акциясына карата түз эфир
Кыргызстан боюнча 25-ноябрдан 10-декабрга чейин «Аялдарга карата зомбулукка каршы» 16 күндүк Эл аралык акциясы ѳткѳрүлүп жатат. Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча эл аралык күнү 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюумунун Ассамблеясы тарабынан түзүлгѳн. Бул күн 1960-жылы 25-ноябрда Доминико республикасында ѳлтүрүлгѳн Мирабель эже-сиӊдилердин элесине арналган. Читать далее Барскоон. Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн